Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:30

Сардаба кырсыгы: 17 адамга өкүм чыкты


Президент Шавкат Мирзиёев Сардаба кырсыгынан жабыркагандар менен.
Президент Шавкат Мирзиёев Сардаба кырсыгынан жабыркагандар менен.

Дүйшөмбүдө Өзбекстандын Жогорку соту Сардаба суу сактагычындагы кырсыкка байланыштуу өкүм чыгарды. 17 айыпталуучунун алтоо абакка кесилсе, бирөө шарттуу түрдө эркинен ажыратылды, калгандары акчалай айыпка жыгылды.

Соттолгондордун катарында мамлекеттик кызматкерлер, инженерлер жана курулуш фирмаларынын жетекчилери бар.

Аларга Өзбекстандын Жаза кодексинин "ири өлчөмдө мамлекеттик мүлктү уурдоо", "тоо-кен иштерин жүргүзүүдө, курулушта коопсуздук эрежелерин бузуу" жана "кызмат ордун кыянаттык менен колдонуу" беренелери боюнча айып тагылып, беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку соту интернет сайтында кабарлады.

"Сот "Узтемиржолкурулушмонтаж" ишканасынын директорунун мурдагы орун басары М.Холматовду 10 жылга эркинен ажыратты. Ага "ири өлчөмдө уурдоо", "документтерди жасалмалоо", "кен казуу, курулуш же жардыруу иштеринде коопсуздук эрежелерин бузуу" боюнча айып тагылды. "UzGIP" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы С.Руднев беш жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле, ага да жогорудагы үч берене боюнча айып тагылды. "Сырдарыя Суу Курулуш Инвест" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси С.Абдуназаров беш жылга эркинен ажыратылды".

Сот айыпталуучуларды мамлекеттик мүлктү уурдоонун натыйжасында келтирилген чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирди. Өткөн айда прокурорлор соттолуучулардан өндүрүлгөн акчанын жалпы суммасы 4 миллион доллардан ашык экенин билдирген.

Буга чейин 30-апрелде Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Абдулла Кулдашев Сардаба кырсыгынын бир жылдыгынын алдында кырсыктын себептери боюнча корутундусун жарыялаган.

"Дамбанын жарылышына бир катар факторлор себеп болгон. Мунун негизги себептери кардарларды тейлөөнү уюштуруудагы, долбоорлоодогу жана курулуштагы жоопкерчиликсиз мамиле, техникалык кемчиликтер болгон. Талаптардын жарымы одоно бузулган", - деп билдирген Кулдашев.

Сардаба кырсыгынан йавакуациялангандар. Өзбекстан, 2020-жыл.
Сардаба кырсыгынан йавакуациялангандар. Өзбекстан, 2020-жыл.

Ал эми өзбек бийлиги бул селди техногендик катастрофа деп жарыялады. Атайын өкмөттүк комиссия Сардабадагы кырсыкка курулуш жараянындагы жоопкерчиликсиз мамиле жана бир катар техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгонун ачыктаган.

Өзбекстандын Жогорку соту Сардаба кырсыгы боюнча ишти 2020-жылдын 21-декабрынан бери карай баштаган.

Бирок 17 айыпталуучунун сот жараяны мамлекеттик сырга түздөн-түз байланыштуу экени айтылгандыктан, сот жараяны бир жылдан бери жабык режимде каралууда.

Сардаба суу сактагычын куруу 2010-жылы башталган. Аны куруу ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёевдин демилгеси экени айтылган.

Суу сактагыч 2017-жылы курулуп бүткөн, анын курулушуна болжол менен 405 миллион доллардан ашык каражат сарпталган.

Былтыр 1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычындагы жарылуудан алты адам каза болуп, 70 миңге жакын адам эвакуацияланган. Казакстандын Өзбекстанга жакын Түркстан облусуна ондогон адамдар эвакуацияланган. Ошондой эле Түркстан облусунун Мактаарал районунда кеминде беш калктуу конуш жабыркаган. Расмий маалыматтар боюнча 900гө жакын үй талкаланып, 7000 гектар эгин аянтын суу жууп кеткен. 300гө жакын бодо мал өлгөн.

Казак бийлиги селден жабыркагандарды башка айылга көчүрүп, жаңы үй куруп берген. Бирок жашоочулар курулуштун сапатына нааразы болуп келет. Ал эми "Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын кабарлашынча, кырсыктан жабыркаган айрым өзбекстандыктар дагы деле үй-жайы жок жүрөт.

Ал арада өзбек бийлиги Сардаба суу сактагычындагы кырсыктан жапа чеккендерге көп кабаттуу 50 үй салып берерин айткан жана жалпысынан 2,5 миңден ашык үй жараксыз болуп калганын билдирген.

Адистердин айтымында, дамбанын жарылышына долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо учурунда келтирилген мүчүлүштүктөр себеп болгон. Бирок, айрым эксперттер кырсыктын себеби кеңири жайылган коррупция, тактап айтканда курулуш учурунда бетон жана курулуш материалдарын уурдоо болушу мүмкүн деп эсептешет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG