Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Ирандык укук коргоочу "гендердик апартеидди" токтотууга чакырды


Нобел сыйлыгы 2023-жылы Мохаммадинин уул-кызына тапшырылган.
Нобел сыйлыгы 2023-жылы Мохаммадинин уул-кызына тапшырылган.

Ирандык укук коргоочу, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, азыркы кезде абакта отурган саясий туткун Наргиз Мохаммади 16-сентябрда эл аралык уюмдарга жана коомчулукка кайрылуу жолдоп, Ирандагы жана башка да теократиялык, авторитардык өлкөлөрдөгү аялдардын укуктарын коргоого чакырды.

Мохаммадинин ирандык студент кыз Махса Амининин өлүмүнүн экинчи жылдыгына карата Тегерандын белгилүү Эвин түрмөсүнөн жазган катын анын фонду жарыялады. Катта “Биз демократияга, эркиндикке жана теңчиликке болгон аракетибизди, теократиялык деспотизмди жеңүүгө карай умтулуубузду ырастайбыз» деп белгиленди.

"Мен Бириккен Улуттар Уюмун гендердик апартеидди кылмыш деп таануу аркылуу теократиялык жана авторитардык өкмөттөрдүн аялдарга каршы жасап жаткан талкалоочу кысымын жана басмырлоосун унчукпай карап туруусун токтотууга чакырам. Дүйнөгө жана демократияга түркүк болуп турган күчтүн укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө аялдарды басмырлоодон куткаруу өтө чоң мааниге ээ", - деп айтылат Мохаммади жолдогон билдирүүдө.

Мурдагы журналист, Ирандагы адам укугун коргоочулар борборунун вице-президенти, эки баланын энеси, 52 жаштагы Наргиз Мохаммади 13 жолу кармалып, беш жолу жалпысынан 31 жылга соттолгон. Соттун соңку чечимине ылайык азыркы тапта ал «жарандык баш ийбөөчүлүк», «душмандык пропаганданы жайылтуу» деген сыяктуу беш айыптын негизинде 12 жылдык жаза мөөнөтүн өтөөдө. Талдоочулар ал Ирандагы кыз-келиндердин укугун жана эркиндигин коргоо кыймылынын башында турат деп белгилешет.

Туура эки жыл мурда, 2022-жылдын 16-сентябрында Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини аттуу ирандык студент кыз полиция бөлүмүндө көз жумган. Полиция ал жүрөгү кармап каза болгонун маалымдаган, бирок күбөлөр кыз катуу сабалганын айтып беришкен.

Кыздын өлүмүнөн кийин жалпы Иранда 1979-жылдагы Ислам ыңкылабынан берки эң ири нааразылык акциялары тутанган. Мохаммади сыяктуу бийлик сынчылары камакта отурганына карабастан «Аялдар, өмүр, эркиндик» кыймылы негизделген.

Амининин үй-бүлөсүнө жакын булактар «Фарда» радиосуна билдиргендей, бийлик кандуу окуялардын эки жылдыгын утурлай түрдүү акциялардын тутанышына жол бербөөгө бардык аракетин жумшап, маркум кыздын Сагез шаарында жашаган үй-бүлөсүн көзөмөлгө алууда жана алардын сыртка чыгуусун чектөөдө.

Мохаммади фондунун маалыматына караганда, 15-сентябрда Эвин түрмөсүндө отурган аялдардын арасынан 34ү Амининин элесинин урматына ачкачылык жарыялашты.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталганда жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG