Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Кыргыз-кытай чек арасы 17-сентябрда бир күнгө жабылат


Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 17-сентябрда бир күнгө жабыларын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, чек арадагы эки өткөрмө бекеттер - "Торугарт" жана "Эркечтам" Кытайдын демилгеси менен ал жакта "Күздүн ортосун белгилөө" майрамына байланыштуу жабылууда. Аталган бекеттер аркылуу адамдарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү 18-сентябрда жанданат.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери быйыл 1-марттан тарта күнү-түнү, дем алышсыз иштей баштаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG