Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Казакстанда абактагы активист кайрадан ачкачылык жарыялады


Марат Жыланбаев. Архивдик сүрөт.
Марат Жыланбаев. Архивдик сүрөт.

Казакстанда расмий каттоодон өтпөгөн “Алга, Казакстан!” партиясынын лидери, камакта отурган жарандык активист Марат Жыланбаев кайрадан ачкачылык жарыялаганын бүгүн 16-сентябрда «Азаттыктын» казак кызматына анын адвокаты Мейржан Доскараев билдирди. 40 күндүк нааразылык акциясын ал 12-сентябрда баштаганы белгилүү болду.

«Ачкачылыгын соттун аны 7 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүнө каршы баштады. Азырынча абалы нормада», — деди жактоочу.

Адвокаттын айтымында, Марат Жыланбаев бийликтин Казакстанда атомдук электр станциясын куруу сунушуна каршы да позициясын билдирүүдө.

Түрмөгө отургузулгандан бери активист бир нече жолу ачкачылык жарыялады. Акыркы жолу быйыл июнь-июль айларында абакта басымга кабылып жатканын айтып, 30 күн тамак ичкен эмес. Абак жетекчилиги ага басым жасалбаганын билдирген.

Ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген «Алга, Казакстан» оппозициялык партиясынын негиздөөчүсү, бүткүл дүйнөгө белгилүү марафончу жана активист Марат Жыланбаев бир жылдан бери камакта отурат. Былтыр ноябрда ал «экстремизмди каржылоо» жана «тыюу салынган уюмга катышуу» деген айыптар менен жети жылга кесилген. Мындай айыптоону ал өзү жана тарапташтары саясий куугунтук деп атап келишет.

Быйыл 24-апрелде «Алга, Казакстан!» мүчөлөрү партияны расмий каттоодон өткөрүү максатында документтерди тапшыруу үчүн чогулушкан. Бул алардын 2022-жылдан бери 24-жолу каттоо аракети болгон, бирок арызы бул жолу да четке кагылган.

Бир катар эл аралык уюмдар казак бийлигинен активистти бошотууну талап кылып келишет. Былтыр декабрь айында Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму өкүмдү айыптаган, Amnesty International уюму ал «тынч коомдук ишмердиги жана саясий позициясы үчүн гана» камалып отурганын белгилеген. «Акыйкаттык үчүн» Клуни фонду (CFJ) «жалган өкүмдү» жокко чыгарууга чакырган. Жыланбаев тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында да айтылган. Европа Биримдиги аны саясий туткун деп атап, тез арада бошотууга үндөгөн.

Расмий Астана казак түрмөлөрүндө отургандар арасында саясий туткундар жок экенин, эч кимге саясий куугунтук жасалбай турганын айтууда жана Жыланбаевдин өкүмү мыйзамдуу негизде чыкканын билдирүүдө. 5-июнда өлкөнүн Жогорку соту активисттин өкүмүнө каршы даттануу арызын кароодон баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG