Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Ысык-Көлдө тогуз жашар кызды зордуктоого шектүүлөр кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда тогуз жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын маалымат кызматы 16-сентябрда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 9-сентябрда милицияга Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын тургуну кайрылып, ошол эле күнү Көк-Сай аймагынан эки жигит тогуз жаштагы кызын ур-токмокко алып, зордуктаганын айтып кайрылган.

Факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин ("Зордуктоо") негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары Барксоон айылынын 25 жаштагы тургуну О.А. жана 19 жаштагы Э.Э. аттуу тургуну кармалып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Кармалгандар Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Тергөө уланууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Анын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган.

Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу. (MKt)

XS
SM
MD
LG