Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Дустум Ооганстандын "Талибанга" каршы өкмөтүн түзүүгө чакырды


Абдул-Рашид Дустум. 2018-жыл.
Абдул-Рашид Дустум. 2018-жыл.

Ооганстандык таасирдүү кол башчы, бул өлкөнүн мурдагы биринчи вице-президенти Абдул-Рашид Дустум «Талибан» кыймылына каршы маанайдагы топторду биригүүгө жана бозгундагы ооган өкмөтүн түзүүгө чакырды. Бул тууралуу 16-сентябрда “Азади” радиосу билдирди.

Өзбек тектүү ооганстандык саясатчы 15-сентябрда өткөн жолугушуулардын биринде сүйлөп жатып азыркы тапта Ооганстандын өкмөтүн башкарып турган талибдерге параллелдик өкмөт түзүүнү сунуштап, ал “Талибанга” каршы күрөшө аларын айтты.

Былтыр Дустум эгер эл аралык коомчулук ооган бийлигин ээлеген талибдерге каршы тура албаса бул ишти анын кол астындагы жоокерлери аткарууга мүмкүнчүлүгү жетиштүү экенин билдирген.

2021-жылы Ооганстандын өкмөтү талибдердин колуна өткөнгө чейин Дустум бул өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) колдогон мурдагы өкмөтүндө коргоо министринин орун басары жана башка партиялык, аскердик кызматтарды ээлеген. Ал адатта түндүктө жана батышта жайгашкан аскердик бөлүктөрдү башкарып келген жана 2004-жылы президенттикке талапкер болгон.

2019-жылы түндүк провинциялардын биринде Дустумдун колоннасы жолдо баратканда талибдердин кол салуусуна кабылганы маалымдалган. Ошол окуядан кийин Кабулдагы борбордук өкмөткө каршы айыгышкан күрөш жүргүзүп келген «Талибан» Дустум алардын «кара тизмесинде» экенин жарыялаган.

2021-жылдын 6-августунда «Талибандын» согушкерлери Дустумдун Шибергандагы үйүн өрттөп жиберишкен жана анын Кабулдагы ордосун ээлеп алышкан. Он чакты күндөн кийин ал өзүнүн тарапкерлери менен чогуу Ооганстандан Өзбекстан тарапка качып барганы кабарланган. Бирок өзбек бийлиги бул маалыматты төгүндөгөн. Кийин ал Түркияда экени тууралуу кабарлар чыккан.

Талибдер Ооганстанда бийликти ээлеген 2020-2021-жылдары өзүнө душман деп эсептегендердин үй-жайына кол салып, көбүн жок кылган.

2021-жылы 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирип келген. Быйыл 6-сентябрда кыргыз тышкы саясий мекемеси “Талибанды” "кара тизмеден" чыгарганын ырастап, «Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган» деп билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG