Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

"Акыры уул төрөлдү!" Путиндин "ханзаадаларынын" жашыруун жашоосу


Владимир Путин жана Алина Кабаева. 2004-жыл
Владимир Путин жана Алина Кабаева. 2004-жыл

Орус президенти Владимир Путин балдары тууралуу үн катпайт. Акыркы жылдарда журналисттер анын бойго жеткен эки кызы тууралуу маалыматтарды жарыялашкан. Соңку иликтөө Путин менен мурдагы гимнаст Алина Кабаеванын жашы жете элек уулдарынын байманалуу жашоосун ашкереледи.

Украиналык дрондордон сактануу үчүн президент Владимир Путиндин “Валдай” курорттук резиденциясына абадан коргонуу комплекстери жайгаштырылганын быйыл июнь айында "Азаттыктын" орус кызматы спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып кабарлаган эле.

Мурдагы мунай магнаты жана бозгундагы оппозиционер Михаил Ходорковский каржылаган “Досье” борборунун соңку иликтөөсүндө айтылгандай, Путиндин жашы жете элек уулдары жашаган резиденция Санкт-Петербург менен Москванын ортосунда, Кремлден тик учак менен 20 мүнөттүк аралыкта, көлдүн жээгинде жайгашкан.

Путин менен Олимп оюндарынын чемпиону, гимнаст, Мамлекеттик Думанын депутаты Алина Кабаеванын эки уулу бар экенин журналисттер буга чейин деле жазып келишкен. Бирок резиденцияда жашап, иштеген жана мына ушул эки жашы жете элек бала менен такай байланышта болуп турган булакка таянган “Досьенин” соңку иликтөөсү бир топ жаңы маалыматтарды ачыкка чыгарды.

71 жаштагы Путин да, Кремл да ондогон жылдан бери бийликте турган президенттин үй-бүлөсү тууралуу үн катпай келет. 2015-жылдагы маалымат жыйында Путин үй-бүлөсү тууралуу суроого минтип жооп берген:

«Мен үй-бүлөмдү эч ким менен эч качан талкуулабайм. Ар бир адам жеке жашоого укуктуу. Алар (үй-бүлөм) өз жашоосу менен алек, татыктуу жашап жатышат».

Бирок ушул айдын башында Тывадагы мектептердин бирине барган Путин адаттан тыш пикир айтканы бар.

"Менин үй-бүлөмдүн айрым мүчөлөрү, кичинекейлери да кытай тилинде эркин сүйлөйт", - деген президент.

Бирок анын Людмила Путина менен никесинен төрөлгөн эки кызынын балдары тууралуу айтканы же 41 жаштагы Алина Кабаева менен эки уулу (2015 жана 2019-жылы туулган) тууралуу сөз кылганы белгисиз бойдон калган.

Путиндин кыздары

Путиндин тун кызы 1985-жылы Ленинградда төрөлгөн. Учурда 39 жашта. Журналисттер аны эндокринолог Мария Владимировна Воронцева деп аныкташкан. Мария 634 миллион долларлык долбоорду башкарган Nomeko аттуу компаниянын негизги акционери катары Санкт-Петербургдун сыртындагы мамлекет каржыланган онкология борборунун ишине көп аралашкан.

Путиндин кичүү кызы Екатерина 1986-жылы ошол кездеги Чыгыш Германиянын Дрезден шаарында төрөлгөн. Азыр ал 38 жашта. Кабарчылар ал мурдагы акробат бийчи Катерина Владимировна Тихонова экенин, ал Москванын демөөрчүлүгү астында мамлекет каржылаган бизнес-инкубаторду жетектеп жатканын айтышкан. Ал ошондой эле Математикалык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары. 2013-жылдан 2018-жылга чейин миллиардер бизнесмен Кирилл Шамаловдун жубайы болгон.

Орус президенти булар анын кыздары экенин ачык айткан да, четке да каккан эмес.

Уулдары

Владимир Путин Людмила Путина менен 2014-жылы ажырашкан. Бирок маалымат каражаттары орус президентинин Кабаева менен мамилеси ага чейин эле же 2008-жылы эле башталганын жазышкан.

Орусиялык The Insider басылмасы кабарлагандай, 2020-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы гинеколог-акушери Лейла Адамян жана анын кызы Москвадагы дээрлик 1 миллиар рублдук (11 млн доллар) кымбат кыймылсыз мүлктүн жаңы ээлери катары каттоодон өтүшкөн.

Иликтөөчү журналист Сергей Канев ошол кезде оорукананы Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери тыкыр текшерип, кайтарууга алышканын билдирген.

2019-жылдын 23-майында же Кабаева көз жаргандан эки жума өтпөй Путин өзү Кремлдеги салтанатта акушер Лейла Адамянды “Ата Мекенге кызмат кылганы үчүн” 2-даражадагы ордени менен сыйлаган.

“Досьенин” маалыматына караганда, Путин менен Кабаеванын Иван деген уулу 2015-жылы, Владимир аттуу экинчи уулу 2019-жылы төрөлгөн.

"Алар ата-энелери менен көп убакыт өткөрүшпөйт", - деди "Азаттыктын" орус кызматына "Досьенин" башкы иликтөөчүсү Илья Рождественский. "Биздин маалыматка караганда, күнүнө 30-60 мүнөттөй… Кайсы бир деңгээлде бала багуучу аялдар ата-эненин ордун баскан. Алар балдар менен эртең мененки тамакты чогуу ичип, аларга жол көрсөтүп, көнүгүүлөрдү бирге жасашат".

Ошого карабастан, Рождественский кошумчалагандай, балдардын улуусу Иван, Путинди абдан жакшы көрөт.

"Уулу алардын бирге ойногон хоккей матчтарын жакшы көрөт", - деп кошумчалады журналист.

"Уулдары Владимир Путин менен бир командада Федералдык коопсуздук кызматынын агенттерине каршы ойношот. Иван кызматчыларга бир окуяны кайра-кайра кайталап айтат. Ал төрөлгөндө ата-энеси айткан өңдөнөт. Баланын айтымында, ал төрөлгөндө атасы ушунчалык сүйүнгөндүктөн: “Ура! Акыры, уул!” деп кыйкырган”.

Рождественский эки бала тең англис жана немис тилдерин үйрөнүп жатканын кошумчалады.

“Мүмкүн алар спорттук карьерага даярдалып жаткандыр. Алардын биринин гимнастика, экинчисинин сууда сүзүү боюнча кесипкөй машыктыруучулары бар. Шахмат боюнча да тарбиячы бар. Тун уулун окуткан мугалимдер бар. Путиндин уулдары башка балдар менен майрамдарда гана жолугат. Алар көбүнесе конокко келген Кабаеванын жакын досторунун балдары”.

“Мураскорлор”

“Досьенин” булагы журналисттердин көңүлүн быйыл English Nanny агенттигинин сайтына жайгаштырылган бир жарыяга бурган. Бул агенттик Орусия, Казакстан, Кытай сыяктуу өлкөлөрдөгү бардар үй-бүлөлөргө жардамчыларды таап берет. Булак айткан жарыяда "Санкт-Петербург облусунда төрт жана сегиз жаштагы эки балага англис тилин окутуу үчүн мугалим керектиги” айтылган.

“Үй-бүлө эл көзүнөн оолак жашайт”, - деп белгиленген жарнамада мугалимдин айлыгы 7700 евро (8500 доллар) экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле жарыяда мугалим да “обочолонуп иштей турганы» жана «иш берүүчүнүн аймагынан чыкпай турганы» кошумчаланган.

Тарбиялоочуларга резиденциянын аймагынан чыгууга тыюу салынат. Алар балдардын ата-энеси менен байланышпайт, үй-бүлөнүн жардамчыларынан тапшырма, көрсөтмө алышат.

“Досьенин” иликтөөсүнө ылайык, резиденциянын кызматкерлери балдарды какыс-кукус кылып койгондон же эркиндигин чектегенден карманышат. Андыктан эки бала бардык нерсе уруксат берилген шартта, жеке менчик учактар менен яхталардын коштоосундагы байманалуу турмуштун атмосферасында чоңоюп жатат. 2022-жылы Москва Украинага басып киргенге чейин балдар Кабаева менен чогуу орус президентине таандык 119 миллион доллардык яхта көп убакыт өткөрүп турушкан.

"Эгерде төрөлгөндөн баштап эле ар бир адам алардын көзүнүн кареги менен кошо айланып жатса, аларга мураскор ханзаада сыяктуу мамиле кылып жатышсы… анда алар айланасындагы бардык нерсени кадимкидей кабыл алганы таң калыштуу эмес", - деди журналист Рождественский.

“Немис толкунунда” иштеген дагы бир орусиялык журналист Константин Эггерт Путиндин уулдары “руханий жана физикалык жактан жабык мейкиндикте экенин эске албаганда орусиялык императордук үй-бүлөнүн балдарындай жашап жатат” деп айтты.

«Алар өздөрүн жаңы ак сөөктөр деп эсептегени көрүнүп турат. Алар Орусияны крепостной доордогудай эле башкарып жатышат», - деди Эггерт.

"Бул жаңы дворяндардын жашоосу жапырт аткылоого кабылган Украинанын шаарларына салыштыра келгенде биздин замандын кейиштүү контрастын көрсөтүп турат", - деп кошумчалады ал.

"Албетте, бул орус элитасынын адеп-ахлаксыздыгынын жана орус коомунун кайдыгерлигинин белгиси. Орусиянын моралдык кризиси тууралуу көп нерсе айтса болот. Бул эки баланын тагдыры бир топ жылдардан бери тереңдеп келе жаткан кризистин бир гана бөлүгү», - дейт Эггерт.

Журналисттер этикалык себептерден улам Путиндин уулдарынын сүрөттөрүн жарыялоону туура көргөн эмес.

Журналисттер Путин менен Кабаеванын балдары бардыгын буга чейин эле маалымдашкан. Асыресе швейцариялык SonntagsZeitung гезити Путин 2015 жана 2019-жылдары эркек балалуу болгонун, бирөө Швейцарияда туулганын жазган. Экинчисин Кабаева Москвада, швейцариялык дарыгердин көзөмөлүндө төрөгөнү маалымдалган. Алардын ысымдары биринчи жолу аталды.

Кабаеванын тууганы Оксана Федина гувернер, бала багуучулар менен сүйлөшкөндө өзүн "балдардын энесимин" деп тааныштырат.

Материалда Кремлдин комментарийи жазылган эмес. Путин уулдары бардыгын эч качан ачык билдирген эмес. Путин Кабаева менен жашаганын расмий түрдө моюнуна алган эмес.

2022-жылы Британия “Улуттук медиа топту” жетектеген Кабаевага жана таянеси Анна Зацепилинага санкция салган.

Авторлор: Роберт Коалсон, Артём Радыгин
Которгон: Айгерим Акылбекова
XS
SM
MD
LG