Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Ооганстандын вице-президентине кол салуу болду


Амрулла Салехтин автоунаасы чабуулдан кийин.
Амрулла Салехтин автоунаасы чабуулдан кийин.

Ооганстанда 9-сентябрда өлкөнүн биринчи вице-президенти Амрулла Салехке кол салуу болду. Кабулда саясатчы бараткан кербенге коюлган чабуулда кеминде он адам көз жуумп, дагы 15и жарадар болду.

Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Ушул күндөрү ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө даярданып жаткан эле. Соңку окуядан улам бул жараян үзгүлтүккө учурашы ыктымал деген кооптонуу көбөйдү.

Маалыматтарга караганда, 49 жаштагы Амрулла Салех бараткан автоунаада Чалгын кызматынын башчысы менен уулу болгон. Анын кербенине чабуул коюлганда жолдогу башка машинеде бараткандар жабыркаган.

«Бомба жарылды, мен машинеде болчумун. Мен бир тууганымдан айрылдым, дагы бирөө жарадар болду. Бул эмне деген өкмөт? Тез жардам жок, полиция да келе элек», - деди кол салууда жабыркагандардын бири.

Чабуулдан кийин Салех «Фейсбук» аркылуу учкай кайрылуу жасады. Анда саясатчынын сол колу таңылып турганын, жабыркабаганын көрүүгө болот.

Абдулла Салех.
Абдулла Салех.

«Мен аман-эсенмин, бирок менин кээ бир күзөтчүлөрүм жарадар болду. Мени менен машинеде отурган уулум да жабыркаган жок. Колум жана бетим күйдү. Жарылуу катуу болду», - деди Салех.

Бул чабуул өлкөдөгү бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратат деген коркунуч келип чыкты. Салехтин басма сөз катчысы Ризван Мурад «Азаттыктын» ооган кызматына:

«Ооганстандын, өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыгын өмүрү, жан дили менен менен коргогон жетекчилерибиздин душмандары бүгүн Амрулла Салехке кайрадан кол салууга аракет кылышты. Ал чабуулдан кудайдын буйругу жана элинин дубасы менен аман калды», - деп айтты.

«Талибандын» өкүлү Забихулла Мужахид жалпыга маалымдоо каражаттарына жолдогон билдирүүсүндө бул кол салууга кыймылдын тиешеси жок экенин билдирди.

Кабул делегациясы өткөн аптада Катардын Доха шаарына барып «Талибан» менен сүйлөшүүлөрдү баштамак. Бирок жолушуу өтө турган жай тандоодогу айрым жагдайлардан улам кездешүү кийинкиге калган.

Өткөн аптада айлап созулган туткун алмашуу жараяны соңуна чыккан жана ошондон улам чырдашкан тараптар өз ара сүйлөшүү баштоого даяр экенин билдиришкен. Президент Ашраф Ганинин өкүлдөрү апта башында даярдык соңуна чыгып калганын маалымдашкан. Амрулла Салех сүйлөшүү боюнча даярдык иштерине кызуу аралашып жаткан.

Быйыл февраль айында АКШ «Талибан» менен дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткундарды айырбаштагандан кийин сүйлөшүүлөр башталары айтылган.

Ооган бийлиги февралдагы келишимдин шарты боюнча беш миңдей талиб туткунун бошотту. «Талибан» өз тарабынан миң туткунду, анын ичинде өкмөт кызматкерлерин жана коопсуздук аскерлерин коё бергенин билдирип келатат. Ошондой эле макулдашуудагы башкы шарттардын бири катары америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү каралган.

XS
SM
MD
LG