Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Кабул акыркы талиб туткундарын бошотууда


Ооган өкмөтү ушул күнгө карата 4600дөн ашык талиб жоочусун бошотту.
Ооган өкмөтү ушул күнгө карата 4600дөн ашык талиб жоочусун бошотту.

Ооган өкмөтү «Талибандын» туткундагы соңку жоочуларын бошото баштады. Камактагы туткундарды чыгаруу Кабул менен бул уюмдун бетме-бет сүйлөшүүлөрүн баштоонун негизги шарты болчу.

Өткөн аптанын аягында Ооганстандын Улуттук кеңеши - Лойя Жырга оор кылмыштар үчүн айыпталган талиб жоочуларын кое берүүгө макул болгон.

Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши 13-августта 80 адамдан турган алгачкы топ бошотулганын билдирди. Кеңеш «Твиттердеги» баракчасына «алардын бошотулушу жалпы элдик атышууну токтотуу жана түз сүйлөшүүлөр боюнча аракеттерди тездетет» деп жазды.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 9-августта 400 талибди түрмөдөн чыгара турганын жарыялаган. Алардын көбү ооган жарандарынын жана чет өлкөлүктөрдүн өлүмү үчүн айыпталып, узак мөөнөткө камакка алынган.

Гани мындай чечимди Кабулда Улуттук кеңеш - Лойя Жырга жыйынга чогулуп, макулдук бергенден кийин кабыл алган.

Туткундар маселеси эл аралык коомчулук колдогон ооган өкмөтү менен «Талибандын» түз сүйлөшүүлөрүнүн башталышындагы негизги тоскоолдук болуп жаткан. Ушул жылдын февраль айында АКШ аталган кыймыл менен тынчтык келишимине кол койгон. Анда Кабул менен талибдер бири-бири кармап турган туткундарды бошотуу тууралуу шарт жазылган.

Тараптар туткундардын баары бошотулгандан кийин Катарда, Доха шаарында жакынкы күндөрү сүйлөшүү баштаганы жатат.

Талибдер тарапташтарынын бошотулганы тууралуу азырынча үн ката элек. Мунун алдында, 12-августта кыймыл Кабулдагы эң ири Пули-Чархи абагынан бошотулгандардын «коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралганын» кабарлаган. Анда алардын башкы атаандашы «Ислам мамлекети» террорчул тобу абактан чыккандар түшкөн автоунааны бутага алганын, башкы максаты түз сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу экенин билдирген.

Кабул ушул күнгө карата убада кылган беш миң талиб жоочусунун 4600үн бошоткон.

Ооганстандын расмий бийлик өкүлдөрү калгандары миңдеген адамдардын өлүмү менен аяктаган элчиликтерге, мамлекеттик мекеме-органдарга, эл көп топтолгон жайларга кол салуу үчүн айыпталганын билдирген.

«Талибан» тынчтык келишимдин шартына ылайык, миң адамды бошотконун жарыялаган.

Февраль айындагы тынчтык келишиминде АКШ баштаган эл аралык коалиция Ооганстандан жоокерлерин алып кетери жазылган. «Талибан» болсо өз кезегинде Кошмо Штаттар менен анын өнөктөштөрүнө каршы террордук чабуул уюштурбоого сөз берген.

АКШнын коргоо министри Марк Эспер 8-августта Кошмо Штаттар ноябрь айынын соңуна чейин Ооганстандагы жоокерлеринин санын кеминде беш миңге чейин азайтарын айткан.

«Талибан» АКШ менен тычтык келишимине кол койгондон бери америкалык жоокерлерге чабуул коё элек, бирок ооган коопсуздук күчтөрүнө байма-бай кол салды жана анын кесепетинен 3560тай адам курман болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы ушул жылдын алты айында ар кандай чабуулардын, негизинен өкмөттүк жоокерлер менен талибдердин куралдуу кагылышынын айынан 1300дөй жайкын тургун мерт болгонун билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG