Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла элдешти


Эки саясатчы президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан бери эле тирешип жаткан.
Эки саясатчы президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан бери эле тирешип жаткан.

Ооганстанда президент Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы, аткаруу бийлигинин мурдагы башчысы Абдулла Абдулла өз ара бийлик бөлүшүүнү макулдашты.

Жекшембиде тараптар кол койгон документке ылайык, бийликтеги тең салмактуулук дээрлик соңку шайлоого чейинки абалга келди. Эки саясатчы ушул жылдын март айында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан бери эле тирешип жаткан. Анда Гани жеңүүчү деп табылган, бирок Абдулла добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Алар жарыша өз-өзүнчө инаугурация өткөрүп, ар кимиси өзүн президент деп жарыялаган.

Бийлик бөлүштүрүү тууралуу өз ара макулдашууга ылайык, Ашраф Гани президент бойдон калат, ал эми Абдулла Абдулла Улуттук элдешүүнүн жогорку кеңешин жетектейт. Ооган өкмөтүнө президент канча мүчө сунуш кылса, Абдулла да ошончо киши көрсөтө алат. Ошондой эле «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү башталса ага өкмөттүн атынан Абдулла катышат.

Эки саясатчы өз ара мунаса тапкандан кийин Гани бул күндү тарыхый күн катары сыпаттады. Ал Абдуллага улуттук кызыкчылыкты жогорку койгону үчүн ыраазычылык да билдирди:

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

«Оогандыктар улуттук кызыкчылыкты көздөп, ал тууралуу жалпылап ойлой аларын көрсөттү. Биз эл аралык досторубуздун ортомчулугу жок эле акылдуу чечим кабыл аларыбызды далилдедик. Мен Улуттук элдешүү жана тынчтык маселелери боюнча жогорку кеңештин башчысы Абдулла мырзага анын улуттук кызыкчылыкты көздөп, ага өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылганы үчүн ыраазычылык билдиргим келет».

Абдулла Абдулла «Твиттердеги» баракчасына макулдашууну «тынчтыкка карай жол ачуу, өлкөнү башкарууну жакшыртуу жана адам укуктарын коргоо» деп сыпаттады. Ал бул чечимди кабыл алуу оңой-олтоң болбогонун белгиледи:

Абдулла Абдулла.
Абдулла Абдулла.

«Азыркы жагдайды эске алганда жана таптакыр эки башка көз караштан улам саясий макулдашууга келүү жеңил болгон жок. Бирок кудайдын жардамы менен өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн чоң кадам жасалды. Анткени туруксуздук Ооганстандын кызыкчылыгына каршы келет».

Борбордук шайлоо комиссиясы былтыр сентябрдагы шайлоонун жыйынтыгын ушул жылдын март айында жарыялаган. Анда анча көп эмес добуш менен Гани уткан. Бирок Абдулла шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып чыккан.

Ооганстандагы саясий тиреш Вашингтондун да кыжырын келтирген. Март айында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео күтүүсүз Кабулга келип кеткен. Анда ал Гани менен Абдулланы мунасага келтирүүгө аракет кылган. Бирок тараптар тил табыша албаганы үчүн Помпео Вашингтон Кабулга берилчү бир миллиард долларлык жардамды кемитерин билдирген. Ошондой эле америка-ооган аралык кызматташтыктын масштабы кайра каралып чыгарын эскерткен.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

Жекшембиде Майк Помпео «Твиттердеги» баракчасына Гани менен Абдулланын мунаса келгенин кубаттай турганын жазды. Эми Вашингтон Кабулга жардамын мурдагы калыбына келтирип-келтирбеси азырынча белгисиз.

Гани менен Абдулланын өз ара макулдашуусунун алдында Кабулдагы төрөтканага чабуул коюлган. Анда 24 адам мерт болгон, алардын көбү жаңы көз жарган келиндер экени, арасында жаңы төрөлгөн эки ымыркай бар экени маалымдалган. Чабуулдун айынан 18 наристе энесиз калган. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик алган эмес.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы 5 миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

Бул сүйлөшүүлөргө президент Гани менен Абдулланын өз ара саясий тиреши жолтоо болуп келген. Андан сырткары Кабул менен «Талибан» туткун алмашуу тууралуу бири-бирине шарт коюп, бири-бирин айыпташкан.

Ушул күнгө чейин Кабул 1000 туткунду бошотконун билдирген. «Талибан» 300 жоочусу бошотулганын ырастаган жана өздөрүндө кармалып турган 225 адамды бошотконун маалымдаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG