Ооган өкмөтү камактагы 1,5 миң талибди гана бошотууну сунуш кылууда. Андан көбүн эркиндикке чыгаруу мүмкүн эмес экенин билдирип жатат.
Ооган президенти Ашраф Ганинин басма сөз катчысы Сидик Сидикки 11-марттагы жыйында калганы кайсы бир шарттар аткарылса гана эркиндикке чыгарын билдирди:
«Талибдер "түрмөдөгү 5 миң адам бир учурда эркиндикке чыксын" деп жатышат. Бул мүмкүн эмес».
Анын айтымында, эркиндикке чыгаруу процесси 14-мартта башталат.
Ал эми «Талибан» буга макул эмес. Жоочулардын Дохадагы өкүлү Сухаил Шахин «өткөн айда Вашингтон менен кол коюлган тынчтык сүйлөшүүсүндө белгиленгендей, алгач камактагы 5 миң киши бошотулат, андан соң ооган диалогу башталат» деп 11-мартта «Твиттерге» жазды. Ал «ооган өкмөтүнө берилген тизмеде көрсөтүлгөн адамдар эркиндик алса гана келишим кабыл алынат» деп сөзүн ырастады.
Ошол эле учурда Ооганстандын адам укуктары боюнча көз каранды эмес комиссиясы ашкере оор кылмыштар үчүн камалгандарды бошотуу мыйзамсыз деп эсептейт. Бул тууралуу жергиликтүү «Tolo» маалымат агенттиги жазды.
«Мамлекеттик жана эл аралык мыйзамдарга ылайык, президент аскердик жана адамзатка каршы кылмыш кылгандарды бошотууга акысы жок», - деп билдирди комиссия төрагасынын орун басары.
Камактагыларды бошотуу ооган өкмөтү менен ишенимди бекемдеп, өлкөдөгү 19 жылдан бери созулуп келаткан согушту токтотуш үчүн түзмө-түз сүйлөшүү баштоого жол ачат деп эсептелүүдө.
Буга чейин талибдер Ашраф Гани башында турган ооган өкмөтүн «АКШнын тактекеси» деп атап, сүйлөшүүнү Кошмо Штаттардын атайын өкүлү менен гана жүргүзүп келди.
Өткөн айда кол коюлган АКШ-«Талибан» макулдашуусу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылган. Ага ылайык, 10-марттан тартып талибдер зомбулукту токтотуп, өз көзөмөлүндөгү аймактардагы экстремисттик топторду тыйышы керек. Бирок ага карабастан өлкөнүн кээ бир аймактарында чабуулдарын токтотушкан жок.
Кошмо Штаттардын БУУдагы элчисинин орун басары Черит Норман Шале ошону эске салды:
«Шаарларга жана ири базаларга чабуулду токтотуш үчүн талибдер чара көргөнүн урматтайбыз. Бирок дагы көбүрөөк иш кылыш керек. Ошондуктан биз айылдардагы ооган күчтөрүнө карата зомбулукту азайтып, ооган аралык сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө жана тынчтыкка жетүүгө чакырабыз».
Талибдер менен макулдашууга ылайык, Кошмо Штаттар Ооганстандагы аскерлерин 135 күн ичинде 12 миңден 8600гө чейин азайтат. Ал эми узак мөөнөттүү планда АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү 14 айдын ичинде бардык аскерлерин чыгарып кетүүгө тийиш. Апта башында Кошмо Штаттар аскерлерин чыгара баштаган. Бирок Мамлекеттик департамент шейшембиде билдирүү таратып, талибдер зомбулукту токтотпогонун, чабуул ушундай тейде улана берсе тынчтыкты көздөгөн процесс алга жылбай турганын эскертти.
«Алар айылдарда өтө көп оогандарды өлтүрүүдө. Бул нерсе өзгөрүшү керек», деди Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагус.
Ал эми эл аралык коомчулук тааныган ооган истэблишментинин өзүндө туруктуулук болбой, келечектеги ич ара тынчтык сүйлөшүүсүнө кедергисин тийгизгени турат. Ооганстанда өткөн жылдын сентябрында президенттик шайлоо өткөн. Айлап созулган эсептөөлөрдөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Ашраф Ганини жеңүүчү деп тааныган.
Бирок анын негизги атаандашы Абдулла Абдулла да өзүн жеңүүчү эсептейт. Натыйжада 9-мартта Кабулда эки инаугурация өтүп, экөө тең өздөрүн президент деп жарыялап, кош бийлик жаралды.