Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Ирактагы жумушсуздук элди көчөгө чыгарды


Багдаддагы нааразылык акциялары. 2-октябрь, 2019-жыл.
Багдаддагы нааразылык акциялары. 2-октябрь, 2019-жыл.

Иракта коррупцияга жана жумушсуздукка байланыштуу башталган нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны 18 адамга жетти.

Демонстрациялар өлкөнүн түштүгүнө да жайылды. Нааразылык акциялары полиция элге каршы чыныгы ок жана көздөн жаш агызуучу курал колдонуп, премьер-министр коменданттык саат киргизгенине карабастан уланууда.

Иракта 1-октябрда башталган нааразылык акцияларында күч органдары менен демонстранттардын кагылышуусунан өлгөндөрдүн саны 18 кишиге жетти. Анын ичинде полиция кызматкери да көз жумган.

Нааразылыкка чыккандардын бири Мухаммад Жассим:

Биз бийлик, кызмат, акча же байлык сураган жокпуз. Биздин сурганыбыз эле бир сындырым нан.


- Биз болгону адам катары жашоону гана талап кылып жатабыз, - деди. - Биз да башкалардай, башка арабдардай, дүйнөдөгү башка адамдардай жашагыбыз келет. Биз негизги укуктарды: электр энергиясын, суу, жумуш, тиешелүү медициналык шарттарды каалайбыз. Биз бийлик, кызмат, акча же байлык сураган жокпуз. Биздин сурганыбыз эле бир сындырым нан. Бийлик болсо чогулгандарга ок атып жатат.

Ирактын борбор шаары Багдадда мамлекеттик мекемелер, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана элчиликтер жайгашкан райондо 2-октябрда жардыруу да болду. Айрым маалыматка караганда «жашыл аймакка» эки ракета кулаган.

Ирактагы нааразылык акциялары.
Ирактагы нааразылык акциялары.

Анын алдында Ирактын премьер-министри Адил Абдул Махди 2-октябрдан тартып Багдадга жана өлкөнүн түштүк аймагына коменданттык саат киргизген. Мындай чара демонстранттар менен полициянын кагылышынан 11 киши, анын ичинде бир полициячы курман болгондон кийин кабыл алынган. 3-октябрда Багдадда кайрадан эл көчөгө чыкты. Полиция аларды таратуу үчүн асманга ок атты.

- Биз кечээтен берки тосулган жолдорду ачтык, ишибиз такыр токтогон жок. Биздин жумушчулар жана техника толук иштеп жатат, - деди Багдад мэриясынын кызматкери Ахмад Хашим.

коменданттык саат Багдаддан тышкары өлкөнүн түштүгүндөгү Насирия, Амар жана Хилла шаарларына да киргизилди.

Иракта миңдеген адам катышкан нааразылык 1-октябрда башталган. Митингчилер коррупцияга, жумушсуздукка, коомдук кызмат көрсөтүүнүн начарлыгына, суу, электр тартыштыгына байланыштуу нааразылыгын билдирүүдө. Көчө жүрүштөрү аймактарда 3-октябрда да уланды.

Нааразылыктын катышуучусу Хусейин Мухаммад:

- Бул жүрүштү баштаган лидер жок. Карагыла, биз канча адамбыз. Бул сомодой жигиттерге карагыла. Алардын жумуштары жок. Алар эмне кылыш керек? Уурулук кылабы же киши өлтүрөбү? 20 жылдан бери ушундай абал, - деди.

Ирактын атайын даярдыктагы күчтөрү 2-октябрда Багдаддын аба бекетине кирүүгө аракеттенген демонстранттарга каршы чыныгы ок атып, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонду.

Полиция баш калаанын башка райондоруна чогулган митингчилерди да кууп таратты. Митингчилердин бир бөлүгү өкмөт имараттары жана чет өлкөнүн элчиликтери орун алган «жашыл аймаккка» кирүүгө аракеттенип, тартип сакчыларына таш ыргыткан.

Ирактагы нааразылык акциялары.
Ирактагы нааразылык акциялары.

Бийлик нааразылыкты атайылап күчөтүп жаткан чагымчыл күчтөр бар экенин билдирип, бирок митингчилердин коюп жаткан талаптарын чечүүгө убада берди. 2-октябрдагы Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулуп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулады. Андан кийин таратылган билдирүүдө элдин нааразылык акциясын уюштурууга жана өз пикирин эркин билдирүүсүнө мамлекет кепилдик бере турганы айтылат. Ошол эле кезде демонстранттардын мыйзамсыз аракеттерин айыптап, зордук-зомбулукка барганы үчүн күнөөлөгөн.

Бул көчө жүрүштөрү Адил Абдул Махди бир жыл мурда премьер-министр кызматына киришкенден бери эң чоң нааразылык акциясы катары бааланууда. Ал 2-октябрда жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыздоого убада берди. Ошондой эле ал мындан ары чет өлкөлүк компанияларда жергиликтүү жумушчулар 50 пайыздан кем болбойт турганын айтты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG