Азыркы тапта Чыгыш Африкадагы Сомали мамлекети жарандык согуштун жана жикчил кыймылдардын айынан ыдырап турат. Азаптуу сомали элинин каныша Аравело жөнүндөгү жана башка тарыхый уламыштары менен фолклордук мурасы улуттук ынтымакка чакырып жаткан чакта, жикчил күчтөр борбордук өкмөткө баш ийбей турган аймактарды өз алдынча мамлекет катары биротоло жиктөөгө умтулуп келишет. Өлкөдө атаандаш исламчы жоочулар көзөмөл кылган чакан аймактар да бар. Сомали сабактары тууралуу тарыхчынын блогу.
Жикчилдик тузагындагы мамлекет
Сомали мамлекети батышында Эфиопия, түштүк-батышында Кения жана түндүк-батышында Жибути менен чектешип турат. Сомали жарым аралындагы бул өлкө чыгышында Инд мухити жана түндүк-чыгышта Аден булуңу менен чектешет.
1960-жылы Түштүк Сомали италиялык оторчулуктан, ал эми Түндүк Сомали (азыркы тапта Сомалиленд аталган аймак жана ага чектеш дубандар) болсо Улуу Британиянын оторчулугунан кутулган.
Өлкө азыркы тапта "Сомали Федерациялык Республикасы" деп расмий аталат, бирок иш жүзүндө бул мамлекет 1990-жылдардын ичинде эле жарандык согуштун айынан ыдырап кеткен. Баш-аламандыктын кырдаалында Сомали жергесин Инд мухитинде аракет кылган деңиз каракчылары өздөрүнүн өргүү жайына айландырышкан.
2000-жылы өлкөнү кайрадан бириктирүү далалаты жасалды, бирок Эфиопиянын тымызын колдоосуна таянган бир катар жоочу топтору борбордук бийликти таануудан баш тартышкан.
Өзүн “Исламчы соттор биримдиги” (“ИСБ) деп атап алган исламчы уюмдун жоочулары да алгач борбордук өкмөткө каршы чыкты. Бул уюмдун айрым өкүлдөрү кийин өкмөт менен элдешүүгө барды, бирок ИСБнын айрым ашынган топтору өз катарына чет элдик жоочуларды да кошуп алып согушууда.
2009-жылы өлкө парламенти шариятты мыйзам катары кабыл алгандыгына карабастан, атаандаш исламчы жоочулар борбордук бийликке баш ийишкен жок.
Учурда жумурияттын биримдигинин аты бар, заты жок.
Борбордук өкмөткө баш ийген негизги чөлкөмдүн айрым аймактары исламчы жоочулар көзөмөлдөгөн жерлерге тилинген. 2012-жылы августта негизделген борбордук өкмөт “Сомали Федерациялык Өкмөтү” деп аталат.
Ал эми эң түндүктө Сомалиленд (Somaliland) деп аталган аймак өзүн 1991-жылы эле көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган, бирок дүйнөлүк комчулук аны Сомалинин бир бөлүгү катары карайт. 2024-жылы 1-январда Сомалиленд менен Эфиопия Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум кабыл алышкан. Анын негизинде Эфиопия Сомалиленд жергеси аркылуу деңизге (Аден булуңуна) чыгууга укук алган.
Ал эми Сомали борбордук өкмөтү менен жикчил Сомалиленд бийликтери 1991-жылдан бери бири-бири менен карым-катнаш жүргүзбөй келишет.
2024-жылы 30-мартта өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Пунтленд жергеси да өзүнүн эгемендигин жарыялады. Албетте, дүйнөлүк комчулук Пунтлендди да Сомалиинин бөлүгү деп тааныйт.
Сомалиленд менен Пунтленддин ортосунда жайгашкан жана мунайзат кени үчүн “каймак жер” болгон Сол, Санаг (Санааг) жана Айн деген үч дубанды (аларды сомали тилинде шарттуу кыскартуу аркылуу SSC деп чогуу атап коюшат) өздөрүн көз карандысыз деп жарыялаган бул эки аймак талашып калды.
Сомалиленд тарабы “Сол, Санаг жана Айн дубандары мурда британдык протекторатка баш ийген, демек, бул протектораттан эгемен болуп калган Сомалиленддин бир бөлүгү” деп санайт. Ал эми Пунтленддин бийликтеринин оюнча, “Сол, Санаг жана Айн дубандарынын негизги калкы дарод уруусунан турат, демек, пунтленддиктерге алар бир тууган болгондуктан, алардын дубандары дагы Пунтлендге карашы керек”.
Террорчу салафийлердин “Харака аш-шабаб ал-мужахидин” (“Ыйык казатчылардын жаштар кыймылы”) деп аталган тобу айрым чакан аймактарды көзөмөлдөп, борбордук өкмөткө каршы согуш жүргүзүүдө.
Өздөрүн “Сомали ислам мамлекети” жана “Халифаттын уулдары” деп атап алган дагы бир исламчы террордук топ Пунтленддин тоолуу аймактарында салгылашууда. Бул топ Йемендеги террорчу исламчы топтор менен да тыгыз байланыш түзгөн.
Айрым өзүн көз карандысыз деп жарыялап алган чакан аймактар 2012-жылдан тартып федерациялык өкмөткө сүйлөшүү жолдору менен автономдук макамда кайра баш ийишүүдө.
Маселен, 2014-жылы исламчылардын башка бир топтору “Сомалинин чордондук аймактарынын мамлекети” деген ээликти негиздешти. Борбордук бийлик алардын автономдук укуктарын тааныды.
Айтор, эл аралык деңиз жолунун боюнда жайгашкан бул мамлекет жикчил кыймылдардын азабын тартууда.
2010—2012-жылдары ачарчылыктын айынан бери дегенде 260 миңдей киши мерт болду. БУУнун билдиришинче, набыт кеткендердин жарымдайын 5 жашка чыга элек балдар түзгөн. Сомалиликтердин миңдеген өкүлдөрү коңшу өлкөлөргө качып чыккан.
Адам укуктарынын сакталышы жагынан дагы бул өлкө Африкадагы көрсөткүчү эң начар өлкөлөрдүн сабында турат.
Сомали эли
Сомали тили афразиялык тилдер түркүмүнүн ичиндеги кушит тобуна кирет. Дүйнөдө бул тилде 17 миллиондой киши сүйлөйт. Алардын ичинен 9 миллиондою Сомали мамлекетинде байырлашат. Эфиопия, Кения, Йемен сыяктуу өлкөлөрдө да сомали диаспорасы бар.
Сомали эли дир, дарод, исаак, хавийе, дикил жана раханвейн сыяктуу көптөгөн уруу-уруктардан турат. Жергиликтүү урууларды уруу аксакалдары башкарышат. Уруктар “баланча уулдары” деген чакан топторго жиктелет.
Албетте, сомалиликтер жалаң гана урууга жиктелбестен, тигил же бул урук саясий жактан кландарга да бөлүнүшүп же биригип, өз ара кырчылдашкан учурлары көп болгон. Мисалы, 1987–1989-жылдары Исаак кланы деп аталган топтун өкүлү саналган карапайым калайык кыргынга учураган (100 миңдей исаактыктар кырылган дешет). Мындан улам исаакчылар көбүрөөк мекендеген Сомалиленд жергесинин түндүк бөлүгү 1991-жылы өз аймагын Сомалиден көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган.
Уруу жана клан аралык тирешүү башка уруулардын арасында да катталган.
Сомалилик жазуучу Фарах Мохамед Авл (1937–1991) өзүнүн “Түркөйлүк – сүйүүнүн душманы” деген романы (1982) менен дүйнөгө таанылган калемгер эле. Ал 1959–62-жылдары Лондондо жогорку билимге ээ болгон.
1972-жылы сомали тилине ылайыкташкан латын алфавити киргизилгенде, Фарах Мохамед Авл өз чыгармаларын латын жазмасында жарыялаган алгачкы калемгерлерден болгон. Авл мырзаны жарандык согуш маалында Хиран (Хиираан) дубанындагы Беледвэйне шаарында 3 баласы менен бирге өлтүрүп кетишкен. Анын жазыгы – теги жагынан дарод уруусуна таандык деп саналгандыгы болчу.
Сомали уламыштары
Азыркы кыйчалыш кырдаалга карабастан, дүйнө коомчулугу кылымдар карыткан сомали элинин бай тарыхый мурасын жогору баалайт.
Сомали эли исламдын сунний агымын тандап алышкан. Алар исламга чейинки көптөгөн салт-санааларын жана ишенимдерин да мусулмандык салттарга жанаша сактап калууга жетишкен.
Түрк элдеринин теңирчилиги сыяктуу эле, сомалиликтер да экинчи даражадагы көп кудайлардан жогору турган бир гана улуу кудай (“Ээбэ” деген кудай) бар деп санашкан. Бул көп кудайлуулуктан монотеизмге – бир кудайлуулукка өнүгүү жолундагы диний ишеним болгон.
(Теңир да түрктөрдө ушундай эң жогорку макамга ээ кудай саналгандыктан, акыры “Теңир” сөзү “Алла-таала” сөзүнүн маанилеши катары кызмат кылып калган эмеспи).
Байыркы кушиттер Асмандын кудайын Вак (Waq) деп аташчу, сомали эли бул түшүнүктү “Ээбэ” деп сактап калышкан.
Демек, сомалиликтер байыркы кушиттердин цивилизациясына таандык айрым маданий мурастарды да сактап келишет.
Алардын фолклорунун бир бөлүгү – ар кыл көөнө жомоктор жана уламыштар (мифтер).
Уламыштардын биринде Хаббад ина Камас (Habbad ina Kamas) деген дөө тууралуу баяндалат. Бул дөөнүн адамзатка каршы зулумдугу күчөгөн кезде, Жердин башка жагында жашаган Бириир ина Барко (Biriir ina Barqo) деп аталган адилет дөө келип, алиги зулумду жеңип, өлтүрүп салган экен.
Жегжер деген жомоктогу аял (кыргыздын “жез кемпири” сыяктуу) Сомали токойлорунда жашайт экен жана ал адашып кеткен кичинекей балдарды жеп салат экен. Бул уламыш да үй-бүлөлүк коопсуздук үчүн кылымдар бою кызмат кылган.
Аравело – эгеменчил каныша эне
Ушундай уламыштардын арасында баатыр жана башкаруучу эне тууралуу да жомок бар.
Аравело (Arawelo же Arrawelo; сомаличе Carawelo деп да жазылат) – сомали уламышындагы байыркы каныша. Ал эки миңдей жыл мурда Сомали мамлекетиндеги бардык эркек таналарды жеңип, аялдардын бийлигин (матриархат) орноткон, өлкөнүн ар кыл урууларга жиктелген элин биримдикке чакырган делет.
Анын өз ысымы Эбла Авад болчу, кийин ал элдин эсинде утумда “каныша Аравело” деген ат менен калган деген да жоромол бар.
Аравело өзүнүн каармандыгы, аялдарга карата адилеттиги менен айырмаланган экен. Аравело бардык энелер табиятынан эле тынчтыкты сүйүүчүлөр болуп саналышат; эгерде коомду энелер башкарышса, анда ал коом алда канча жакшы өнүгөт деп айткан дешет.
Ал тууралуу уламыш сомали элине кылымдар бою мамлекеттик эгемендик идеясын эскертип турган (кыргыздын “Манас” эпосунун башкы маңызы да эгемен мамлекет идеясын берет эмеспи).
Сомалилик бул каныша эненин бейнеси кыргыздын эпос-дастандарындагы Каныкей энени Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза сыяктуу баатырлар менен бириктирип койгондой сезилет.
Айтмакчы, мындай “амазон аялдары” жөнүндөгү уламыштар көптөгөн элдерде бар. Түрк элдеринде “кырк кыз” тууралуу ар кыл уламыштар сакталып жеткен.
Бабабыз Махмуд Кашгари Барсканинин 1072–1077-жылдардагы картографиялык маалыматында да Ыраакы түндүк-чыгышта “Аялдар шаары” (б.а. Аялдар өлкөсү) деген топоним учурайт.
Аравело жөнүндөгү уламыш алгачкы жолу 1912-жылы британдык изилдөөчү, дарыгер жана аскер кызматкери Ралф Эвелин Дрейк-Брокман (Ralph E. Drake-Brockman; 1875–1952) тарабынан илим чөйрөсүнө дайын кылынган. Ал 1899–1900-жылдары Сомали жергесинде кызмат кылган эле.
Аравело уламышы – британдык оторчулукка каршы күрөштө
Сомалинин борбору Могадишу шаарында эмгектенген азганактай чет элдик журналисттердин бири – түбү кениялык Мохамед Хирмоге (Mohamed Hirmoge) деген жигит.
Ал 2024-жылы 24-декабрда “Гардиан” басылмасына “Өзү аңдабастан, Би-Би-Синин Сомали кызматы 50 жылдан ашык убакыттан бери оторчулукка каршы чакырыкты обого чыгарып келүүдө” деген аталышта кызыктуу макала жарыялады.
Сөз сомалилик даңазалуу акын жана композитор Абдуллахи Карше (Abdullahi Qarshe; 1924–1994) жазган обондуу ыр саптары тууралуу жүрөт.
1957-жылы Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы сомали тилинде өз берүүлөрүн обого чыгара баштаган. Ал кезде Сомалинин түндүк тарабы британдын карамагында болчу.
Би-Би-Си ошол жылы Харгейса шаарындагы “Харгейса үналгысына” кайрылып, өзүнүн сомали тилиндеги жаңы апталык жаңылыктар берүүсү үчүн музыкалык бетачар катары пайдаланууга жарамдуу сомали улуттук күүсүн таап берүүнү өтүнгөн.
Ошол 1957-жылы Сомалинин гимнинин сөзүн жана музыкасын жараткан таланттуу акын Абдуллахи Карше мырза “Харгейса үналгысы” компаниясында кызматкер болуп иштечү экен.
Ал өзүнүн “Аравело басыгы” (“Аравело кадамы”) деген обондуу ырынын күүсүн Би-Би-Сиге тартуулаган, бирок анын ырынын текстин берген эмес.
Ошондон тартып бул күү Би-Би-Синин Сомали кызматынын бетачар күүсү катары үзгүлтүксүз кызмат кылып келди. Бул күүнү сомали элинин угармандары да сүйүктүү музыкалык бир шилтем катары кабыл алган.
Ал күүнүн оторчулукка каршы көтөрүлүшчүл сыры британдыктарга белгисиз эле.
Бул көп маанилүү обондуу ырдын баштапкы саптарында:
“Бул калайык чакырык салат,
Өзүнүн журтун өзгөчө каалап.
Жери үчүн бул калк көтөрүлсө,
Бере көр, Алла, турганын самап”, – деген сөздөр камтылган.
(Dadkaan dhawaaqayaa,
Dhulkooda doonayaa,
Hadday u dhiidhiyeen,
Allahayow u dhiib)
1950-жылдары Сомалинин калкы үчүн египеттик үналгы берүүлөр обого чыгарылып жаткан. Ал берүүлөр сомалиликтерди эгемендик үчүн күрөшкө чакырып келээр эле.
Мысырдык бул берүүлөргө каршы сунушталган британдык үналгы берүүнүн музыкалык бет ачары, ошентип, иш жүзүндө расмий Лондондун оторчулугуна каршы маанайдагы сомалилик обондуу ырдын күүсүнө аянтча болуп калган тура.
Абдуллахи Карше мырза жазган обондуу ырдын аталышында колдонулган Аравело ысымы дагы сомалиликтерге эгемендик идеясын эскертип турган деп жазат Мохамед Хирмоге мырза.
Айтмакчы, “Манас” эпосу дагы орусиялык оторчул жана советтик тоталитардык коомдордо кыргыздардын эстутумунда мамлекеттик эгемендик идеясын өзгөчө сактап келген көөнөргүс мурас болду.
Сомалинин башкы сабактары
Терең тарыхый кыртышы бар сомали эли өзүнүн улуттук ынтымагын камсыз кыла албастан, ар башка чөлкөмдөрдө жикчил саясатчыларга жетеленип калды. Ал түгүл кээ бир учурларда уруулук биримдиктерге каршы кыргын уюштурууга жол коюшуп, анын айынан бирдиктүү Сомали мамлекети ыдырап турат.
Ал эми өлкө жиктелсе, сырт жактан динге жамынган террорчу топтор агылбай койбойт. Жикчилерди тактекедей колдонгусу келген сырткаркы күчтөр да өлкөгө кастарын тигет.
Жалпы улуттук ынтымакты чыңдоо өлкөдөгү этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу жана демократиячыл реформалар менен айкалышта жүргүзүлүшү керек.
Кылымдар карыткан элдик маданий мурас болсо Аравело уламышы сыяктуу жалпы улуттук биримдикке чакырат.
Эгерде өлкө айдыңдары көөнөргүс мурастын бул асыл-нарктарын кеңири калайыкка жеткирүүдө шалаакылык кылышса, анда коомдук турмуштагы боштукту өтмүш наркын дээрлик терең аңдабаган чала сабаттар жана жикчилер толтуруп салышы мүмкүн экендиги да Сомалинин азыркы убактылуу мүшкүлдөрүнөн айгинеленип турат.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Шерине