Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Жогорку Кеңеш кызматкерлеринин чыры тууралуу комментарий берди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы комитет кызматкерлеринин чырына байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берип, окуя иш жана Жаңы жылдык кече учурунда болбогонун билдирди.

"Бул окуя иш учурунан же корпоративден тышкаркы убакта болгон экен. Азыркы тапта тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызматтар окуяны иликтеп, баа берет. Бул жагымсыз жагдай парламенттин аппаратынын жетекчилигинин да көзөмөлүндө. Андыктан, тергөөнүн жыйынтыгына жана мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чечимдер кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары 27-декабрда Жогорку Кеңештеги бир комитеттин кызматкерлери Анкара көчөсүндөгү ресторанда жаңжалдашып, натыйжада бир кызматкерди бөлүм башчысы сабап койгонун жазып чыгышкан. Анда жабыркаган кишинин жакындары сабалды делген К.Р. аттуу жарандын баш жана бет сөөктөрү сынганын, денеси көп жеринен жараат алганын билдиришкен.

Бул фактыны Бишкектин Октябрь райондук милициясы окуяны иликтөөгө алып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Ээнбаштык") менен кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирген. Анын жыйынтыгына жараша окуяга укуктук баа берилерин белгилеген. (MKt)

Шерине

XS
SM
MD
LG