Бишкек шаарынын мэриясы Кара-Көл көчөсүн кеңейтиш үчүн Ботаникалык бактагы дарактарды кыюудан баш тартканын билдирди.
«Ботаникалык бактын аймагы корукка алынган өзгөчө жер болуп эсептелет жана анын чек араларын аныктоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн милдети болуп саналат», - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Буга чейин активисттер бакты коргоп калыш үчүн нааразылык акцияларына чыгып жүрүшкөн. Алардын айтымында, «баш калаанын өпкөсү» деп эсептелген Ботаникалык бакта дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан алынып келип, 50 жылдан ашуун убактан бери өстүрүлүп келаткан өзгөчө дарактар бар. Жол салуу менен бактар кыйылып гана тим болбой, шаардын инфраструктурасы да бузулат.
Мындан эки жыл мурун да баш калаадагы Алиаскар Токтоналиев жана Максим Горький көчөсүндөгү Ботаникалык бактын четиндеги дарактар жолду кеңейтүү максатында кыйыла баштап, активисттердин каршылыгынан кийин токтогон.
2018-жылы Кыргызстандын аймагында 3 327 даана ар кандай түрдөгү бак-дарак кыйылганын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги маалымдаган. (KR)