Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Эки чемодан ыры өрттөлгөн Коргол акын


Коргол Досу уулу (0ртодогу кара тебетей кийген киши)
Коргол Досу уулу (0ртодогу кара тебетей кийген киши)

Коргол акын устаты Токтогулдун көркөм мурасын жыйноого убакты-саатын аяган эмес. А бирок анын өзүнүн чыгармалары толук жазылбай калган. Артында калган урпактары акындын "эки чамадан" кол жазмасы өрттөлүп кеткенин айтып жүрүшөт. 

Коргол акын устаты Токтогулдун көркөм мурасын жыйноого убакты-саатын аяган эмес. А бирок анын өзүнүн чыгармалары толук жазылбай калган. Артында калган урпактары акындын "эки чамадан" кол жазмасы өрттөлүп кеткенин айтып жүрүшөт.

«Эки чемодан ыр»

Акындын небереси Турсункан Досуева мындан эки жыл мурда жарыяланган маегинде чон атасынын «эки чемодан» ыры өрттөлүп кеткенин өкүнүч менен эскерген.

«1960-жылдары шакирти, комузчу Алтымыш Мундузбаев “китебиңизди чыгарталы” деп үйгө келип, жаз маалына чейин атамдын оозунан ырларын жазды. Жазга маал эки чемодан ыр көтөрүп кеткен. Укканыма караганда Алтымыш аба гастролго кетип, эки айдан кийин кайтып келсе жубайы: “Сен ушинтип гастролдоп жүрө бер, мен сенин ырларыңды өрттөп койдум”, - дейт. Күйүп кеткен шакирти: “Эми устатыма эмне деп жооп берем?” - деп катуу кайгырып, үйүнөн чыгып кетет. 1963-жылы эсинде калган ырларын топтоп, жупкадай китеп чыгарат».

Турсункан Досуева
Турсункан Досуева

Ошол жупкадай жука китеп кийин акындын сакталып калган чыгармалары менен толукталып, 1981-жылы Токтосун Тыныбеков тарабынан «Коргол» деген ат менен чыккан. Эгемендик тушта 1993-жыды жана 2023-жылдары акындын колдо бар чыгармалары жарыяланды.

Коргол Досу уулу
Коргол Досу уулу

Коргол өзүн Ниязалы, Жеңижок, Токтогулдун шакирти деп эсептеген, алар менен өткөргөн күндөрүн чыгармачылыгынын эн бактылуу учуру катары сыпаттаган.

Ырчылык табият чанда пендеге ыроологон сейрек өнөр экенин аңдап, чыгармачылык сырын, поэтикалык кредосун шакирти Алтымыш Мундузбаевге минтип түшүндүргөн:

Даяр ыр өзү жаралбайт,
Дагы айтам, балам, кулак сал.
Санат бирден башталат,
Санай берсең түгөнбөйт.
Санаттын түбү санжырга,
Санаган адам түгөлдөйт.
Анык минчү азамат
Аргымак атты жүгөндөйт.
Ырдын жолу ушундай,
Көркөмдүгүн карасаң
Көлдүн сүзгөн куусундай.


Ак таңдай акында «ак тумандан көрүнгөн ак жолборстун сүрү», «ак жайдын күнүндө ак жайлоонун түрү», «ак карлуу тоонун гүлү», «аскадан учуп шаңшыган ак шумкардын үнү» болушу керек.

Бул сөздө эч кандай апыртуу жок, Коргол Досуев тоо булбулу Токтогулдан кийинки торгойлордун тунугу, таланты жагынан баарынан алдыңкысы болчу. Көркөм сөзгө, акындык талантка өзгөчө маани берген Коргол ырчы кыйла убакты-саатын Токтогулдун чыгармаларын, күүлөрүн жаздырууга арнаган, устатынын сөзү мезгил бүктөмүндө унутулуп кетпесин деп бул ишке убакты-саатын аябай эрдикке тете ишти жасап кеткен. Ушу тапта Токтогулдун чыгармалары деп окулуп, изилденип жүргөн адабий мурастын сексен пайыздан ашуунун Коргол жаздырып, Коргол аткарып бергенин замандаштары эскерип жүрүшөт. Токтогулдун акындык ааламы, албетте, өзү менен кошо кетти. А бирок ошол эле кезде анын артында Коргол сындуу куйма кулак таланттуу шакирти турбаса тоо булбулунун адабий мурасы азыркысынан кыйла жупуну болуп турмак. Уккан сөзүн унутпай сактап калган залкар чыгармачылыкка ушунчалык этиет, астейдил мамиле жасаган. Күндөлүк жашоо-турмушу канаттуу саптарынан орун таап, акындык өнөрдүн туусун бийик көтөрүп өткөн. Устаты Токтогулду он жети жыл ээрчигенин өмүрү өткөнчө айткан. Акындык сый-урмат деген ушул.

Ал эми Корголдун өзүнүн чыгармаларын жыйноо жаатына келсек, анын сабаалап төгүлгөн керемет саптарын эсинде сактап калган шакирттери азбы же бул ишке ошол кездеги чыгармачыл уюмдардын жетекчилери тарабынан жетиштүү көңүл бурулган эмеспи, иши кылып, элдин кат-сабаты жоюлуп, ун жазып алуу техникасы кадыресе оожалып калган заманда жашаган акындын чыгармалары толук жазылбай калган. Өкүнүчкө, андай тагдырга жалгыз эле Коргол акын туш келиппи?! Заман оошуп, мурда айтылбай келген сырлардын көбү жарыялана баштаганда совет заманында жашап, бирок чыгармалары жазылбай калган Ботобай ырчы, Молдо Багыш сындуу армандуу тагдырлардын узун кулач тизмеси кийин чыкпадыбы.

Өнөр мектептери

Коргол акындык өнөрдүн табияты, ага өмүрүн арнагандардын кимдиги, кандайлыгы тууралуу акыл калчап, өзүнүн баасын берген, чыгармачылык биринчи иретте катаал сын экенин, андан көркөм сөзгө из калтыргандар өтөрүн, мезгил баарын ылгап аларын «Дүйнө», «Акындар жөнүндө» чыгармаларында ырастаган. Улуу өнөрпоздор арасындагы өзүнүн орду кайда экенин ачык көрсөткөн, «топ жыйында сайраган Токтогулдан кийинки торгойлордун бири» экенин ырастаган. Болбосо ал кезде кыргыздын оң менен солунда улуу-кичүү акындар, комузчулар, куудулдар көп болчу.

Алардын арасынан ал Жеңижок, Токтогул, Ниязалыны өзгөчө бөлүп көрсөткөн. Булар акындын чыгармачылык тагдырында ат көтөргүс кызмат өтөгөн инсандар.

Эң башында Борош уулу Ниязалы комузчу турган:

Атайлап бардым Аксыга,
Бороштун Ниязалыга,
Комуз күү кени ушунда.
Телчиктирип Токоңду,
Устат болгон тушунда.
Кайыл болуп суукка,
Күүлөрүн уктум кышында.

Бирок өкүнткөн нерсе, Ниязалынын көп күүлөрү өзү менен кеткен. Айтылуу Жеңижок: «Ниязалы агаңдын минден ашык күүсү бар», - деп бекеринен айтыптырбы.

«Көп эле кыргыз күү чертти, бирок Ниязалы абамдай болжолсуз кылып ким чертти?!» - дейт Коргол акын. Өнөр адамынын эң чоң арманы ушул экен. Артында калган шакирти устатынын өнөрүн кийинки муунга айтып жеткире албаса канаттуу сөз деле мезгил бүктөмүнө басырылып унутулат тура. Коргол акын ушуга арман кылган. Ыр дүйнөсүнө ышкысы арткан Алтымыш Мундузбаевге «иримин кечип булгабай ичип жүр таза сууларды» деп өнөрдү бийик, ыйык тутууну тапшырган. Чыгармачылык муундан-муунга өтүп турушу үчүн ортолук байланыш бекем болушу керек. Ошон үчүн Коргол алдына келген ышкылуу балага: «Жанымда бирге болорсуң, Жанданып күчкө толорсуң, Айткан кепти аларсың, Арбытып жамак табарсың» деп үмүт артып отурбайбы.

Ыр дүйнөсүнө ышкылуу жашка мындан башка кандай тарбия бере алат?!

«Күмүштөн така кактырам,

Күч-кубатка киргенде,

Күчөйт деп сени жактырам.

Күрөтүп ырдын күмүшүн,

Кара жаак акынга,

Кармашканга маш кылам».

Корголдун жөнөкөй күндөлүк турмуш көрүнүшүнөн чыккан саптарынын ушунчалык тактыгына, уккан адамды муюткан элестүүлүгүнө тан бербей койбойсуң.

Коргол ырчы өзгөчө урмат кылган даркандардын дагы бири Жеңижок «жетимиш күнү ырдаса, жез тандайы талбаган күлүк». «Ырдын кени шунда эле. Бир түп шыбак, торгойду эки күн кечке ырдаган». Жеңижок «алтымыш эки акынды, акыл менен сындаган» сыпаа киши болчу. «Ошончо акын ичинен Токтогулдан башкасын жактырбаган». Жез таңдай акындардын арасында ал кезде Жеңижоктон кеңи жок эле.

Ача жаак пендеден,
Айтышып акын жеңбеген,
Жумуру баштуу пендеден,
Жука тил менен сермеген,
Жомоктоп айтып олтурса,
Жумалап күндү кечирген.
Санаттан төгүп олтурса,
Сан күндү баштан кечирген.
Жолдошу эле асылдын,
Жолборсу эле акындын,
Досу эле Токомдун,
Баркына жеткен асылдын.
Арстаны болчу акындын,
Элүүнүн жүзүн көрбөстөн,
Эңкейип жерге жашындың.
Таластан келген Жеңижок,
Тартышарга теңи жок.
Аксыдан чыккан Жеңижок,
Айтышарга теңи жок.
Арабызда эми жок,
Алтындай айткан кеби жок,
Кайран Женижок өткөн дүйнөдөн!

Муундар аралык байланыш, чыгармачылык алым-сабак, чоң мектеп, албетте, Токтогул менен байланыштуу. Тоо булбулу Токтогул билим албай калган Корголго жакын да, түшүнүктүү да болчу. «Алдына күлүк салбаган ак таңдай» Токоңду ак падыша залимдер ак жеринен кармап, «айдап Шыбыр боздотуп» башына азап салышкан, торгой акын «адашып көп жыл элинен» сүргүндө жүргөнүн өкүнүч менен эскерчү. Токтогулдун көргөн азаптарын өз оозунан угуп «кайгы менен азапты кан аралаш» жуткандардын бири Коргол болчу. Токтогул кыргыздын акын-ырчыларынын арасында зор кадыр-баркка ээ, улуу-кичүү өнөрпоздордун баары сыйлаган залкар эле. Аны менен бир жүргөн жайык сакал Эшмамбет Корголго жакын, сырдаш эле, «жарты нан тапса» тең бөлүп жешкен курбалдаштарынын бири болчу.

Коргол акын тирүүлүк убактылуу экенин, андан жандуунун баары кетерин, жашоого түркүк болуп эч ким калбасын, бир жубантчу нерсе өнөр адамынын артында жандуу сөзү каларына каниет кылган. Алар тууралуу кеп кылганда Коргол кайрандардын өнөрүнө басым койчу, казалдын кенин казган Казыбек, «асылын ырдын калпыган» Жакыпбектин Боогачы, «ак болоттун курчу», «Анжияндын мурчу» термени теңдешсиз төккөн, а бирок «ак кагазда сөзү жок кайран Арстанбек», «кара жаак, кайкы тил» Калыгул, чоң акындын дагы бири Жоошбай, кыркка чыкпай бул дүйнөнү таштап кеткен Солтобай, «айтышарга теңи жок» Жеңижок – баары бул дүйнөнү таштап, Корголду жалгыз калтыргандар. Асыл дүнүйө «ырчы экен деп карабай нечендерди» жалмап кете берет экен.

«Жумуру баштуу пендеден,

Кыл тырмап, комуз черткенден

Эч кимиси жетпеген» Ниязалы комузга тил киргизип, укканды айран калтырган.

«Эргип чертип келгенде,

Эрикпей күндү батырган.

Талпынып комуз черткенде,

Талыкпай таңды атырган».

Ушундай укмуштай өнөр адамдар бул дүйнөдөн өткөн. Коргол алмадай баштын ичине бир адам өлчөмсүз нечен күүлөрдү кантип батырды экен деген суроого баш катырган.


Токтогул аркылуу чогуу ырдашып жүргөн акындардын ичинен Эшмамбетти атайы бөлүп көрсөткөн. Эшмамбет ырчылардын көк жалы болгонун, ат үстүндө ырдаса жанына ырчы даап баралбаганын, сабап айткан санатын сан ырчылар айталбастыгын сыймык менен эскерген. Эшмамбеттин чөйчөктөй болчу көздөрү,

Чылк алтын эле сөздөрү.

Эшмамбеттин буладай болчу сакалы,

Букарга кеткен макалы.

Калтардай кара сакалы,

Кашкарга кеткен макалы.

Айтышам деген акындар,

Айдалып калчу катардан.

О, десе сөзү чубурган,

Оозунан кумдай куюлган кайрандын кадырлашар тууганы, кадыр, сөзүн кууган жок.

Кара жаак, кайран эр

Калды го Ак-Жар мазарда».

Залкарлар

Дагы бир залкар Барпы керели-кечке сайраса да «калк танбаган кебинен». Коргол аны Керимбай болуштун энеси Сайкалдын ашында көргөн. Алыстан келген мейман деп Токтогул Барпыны тандап, экөө ашта жар чакырып калышат. Барпынын кандай акындыгын Корголдон өткөрүп эч ким айта албас.

Анда көзү Барпынын,
Ачык эле көрчү эле.
Билбейт экен комузду,
Оң бөйрөгүн таянып,
Обдулуп ырдай берчү эле.
Уккандын баарын нас кылып,
Үстү-үстүнө бастырып,
Каптап нөшөр өткөндөй,
Кара жамгыр төккөндөй,
Какшанып ырдай берчү эле.
Калыбынан өзгөрбөй
Каалаганга жеткендей,
Куюлуп турчу ырлары,
Каптын оозун чечкендей.
Эшмамбет, Током болбосо,
Эч кимибизден сестенбей.


Коргол замандаш акындардын баарына калыс, так баасын берген, кийинки муун өткөндөрдү эстеп жүрүшүн табыштаган. Корголдун «Акындыктан адашпа» деген поэтикалык кредосун алдыга жайган. Бул сөздүн артында бүтүндөй бир өмүр, акындыктын жооптуу милдети турган. Корголдун өмүр жолу акындык өнөрдүн ары кызыктуу, жооптуу, жөнөкөй, ошол эле учурда татаал тарыхын камтыйт. Бала кезинде айтылуу Жеңижокко кезигип, Ниязалыдан комуз өнөрүн өркүндөтүп, Токтогулга кошулуп толкуган элди күлдүргөн.

Коргол акындык тууралуу кеп кылганда «эмки ырчыдан» Алымкул, Осмонкул кырды ашканын, өзү кыштакта калганын, ал арада жамама сөзгө жакындар, аламан сөзгө шыктуулар алдыга өтүп кетишкенин эскерген.

Өмүр көчү өтүп баратканына арман кылган акын чогулган жерди гүлдөткөн Токтогулду, астына ырчы салбаган Эшмамбетти, шарият сөздөн көп айткан Нурмолдону, айтышарга теңи жок Жеңижокту, ак жибектей созулган кадимки Айтике ырчыны, санат ырдын чыгааны Арстанбекти, жаштайында жайраган Жаманкулду, «Манасты» алты ай айтса да жаңылбаган Чоюке, Акмат, Сагымбай, Жаңыбайды элге айта жүргөн.

Ошол залкарлар калтырып кеткен өнөр жолунда айылдаштары Казак, Шадыкан, Кара Курман, Кулуке колунан келишинче бул дүйнөнү ырдап өтүшкөнүн баяндаган. Булардын баары Коргол менен чогуу жүргөн, ыр, күүлөрүн угуп калгандар. Бири айылдан ары чыкпай, башкасынын ырлары катка түшпөй, мезгил бүктөмүндө унутулуп баратканына кейиген. Калк арасында канчалаган кара жаак ырчылардын канаттуу сөздөрү жазылып калбай, аёо билбес жалган дүйнө бир күнү торгой таңшык ырчыны жалмап кетерине ичи ачышкан.

Кулуке бок ооз ырчы эле,
Калтылдатып баштарын
Каргачы бир сөз билинсе.
Кара Курман сөздөрү
Катта калган ыры жок,
Жетпептирбиз билимге.
Артында калбай сөздөрү
Шадыкан, Казак ырчыны
Кайсаган жалган дүнүйө.
Кара мырза, Бекназар,
Карыя Накен карыны,
Айылдык ырчы болуптур
Артында калбай тарыхы.


Корголдун ырчылык талантын байытып, баркын көтөрүп турган комузчулук, күү өнөрү көп эскерилбейт. Устаты Ниязалы миңден ашуун күү чертчү: «Кара өзгөй», «Кер толгоо», «Кызыл чымчыкты» андан мыкты аткарган адам жок эле. Комузун буруп-буруп кер торгойдой сүйлөтчү. «Кер өзөн, «Сары барпы», «Кара каш торгой» сындуу күүлөрдү Ниязалыдан өткөрүп черте алганды Коргол жолуктурбаганын көп эстечү. Анын «албан түркүн чымчыкты адамдан кыйын» сүйлөткөнү таңдандырчу. Күү дүйнөсүнө баш-оту менен кирип кеткен Коргол он алты жашында элге чоң комузчу катары таанылган. Ал тогуз күүнү тең черткен. Чыгармачылыктын мына ушул кызык учурун акын өзү:

«Оолуктум, ырга баш койдум,

Оң колум кылга маш болдуң», - деп кош өнөрдүн сырын жаш кезде таанып калганына ыраазылыгын билдирген.

Комузчулук менен ырчылыктын мыкты мектебинен өтүп, чыгармачылыкка кызыгы артып турганда Шыбырдан келген Токтогулга жалгызынан айрылганын угузган.

Кара жаак, кайчы тил,
Канатым, Токо, аманбы?
Калайлуу туур башынан,
Кайгылуу өлүм касынан,
Токо, качырдык жалгыз балаңды!.
Токо, араладың гүл менен,
Адамга жактың тил менен,
Сен алыскы соттон келгенче,
Өзүңдөн ашык болду эле,
Аркаңда жалгыз Топчубай
Аткардык жалган дүйнөдөн!..
Пендени пенде билбеген,
Белгилүү жүрөк зилдеген.
Бербейт экен кара жер,
Перзентиң жалгыз Топчубай
Бегене болгон дүйнөдөн.
Учук өтпөс ийнеден,
Уулуң жалгыз Топчубай,
Убайым болбо, кейибе,
Учурдук жалган дүйнөдөн.
Жибек өтпөс ийнеден,
Жибердик жалган дүйнөдөн…


«Жыйырмага чыгып жык толуп» турган жаш акындын Токтогулду жандап ырчылыктын дагы бир улуу мектебине кездешүүсү ошол салттуу учурашуудан башталган. Корголдун ырасташынча: «Токтогул чагарына келгенде, Тили болчу жыландын.

Токтогул чыгарына келгенде,

Күлүгү болчу дубандын».

Эки залкардын чыгармачылык байланыш-катышы дайым эле туптунук кирсиз асмандай ачык болбогонун Токтогулдун:

«Карчыгаң жалгыз учту» деп,
Кайгырта турган окшодуң.
Калтырап муунум бошоду,
Каруу-күчүм кетирип,
Кантип бир айттың ошону.
Коргол, каяктан ичтиң бозону?
Айтамын алтын санатты,
Мени армандуу күнгө жаратты.
Кабарын айтып турупсуң,
Сынды деп жалгыз саадакты.
Каруумду кетирип,
Коргол, каяктан ичтиң аракты?
- деген сөздөрүнөн деле байкоого болот.

Эки залкардын биртоп жылды камтыган чыгармачылык мамилеси байымдуу болгонун Корголдун:

«Токтогул коруш болду сөзүмө,

Кош айнек болду көзүмө.

Кара ташты как жарган,

Кубатын берди өзүмө», - дегени таасын ырастап турат. Корголдун терең ишениминде Токтогул

«Көмгөн менен дат баспас,

Топурак жугуп зак баспас.

Алтындай тунугу болчу акындын».

Аны менен чогуу өткөргөн күндөрү өмүрүнүн эң кызык, жемиштүү болгонун ыгы келген жердин баарында ал өзгөчө урмат менен эскерген. Корголдун ишениминде акын деген «күн өткөн сайын» күүлөнүп, «үнүн желге оңдоп», чеберчилигин арттырып турушу керек.

Өмүрү айылында карапайым калк ичинде өткөнү үчүн анын ырлары, оозунан чыккан сөздүн баары жасалмасыз, идеологиялык шөкөтсүз жаңырчу. Себеп дегенде, анын угармандары, чыгармасын баалоочулар өзү билген акыйкатты тартынбай айтчу айыл адамдары эле.

Социалисттик эмгек баатырлары эмес, күндөлүк тирилиги менен алектенген карапайым элеттиктер көргөн күн, жашоо-тиричилик акынга жакын, көңүлүнө төп келген нукура турмуш болчу. Арадан бир топ жылдар өткөндөн кийин Коргол ырчынын оозунан чыккан:

«Биз сталинчил акынбыз,

Сталин деп жатырбыз.

Сталин деп мактанган,

Сталинчил катынбыз», - деген саптары бүтүндөй бир доорду, идеологиялык догмага сыйбай, айылында калып, элеттиктер менен жашоо-тирилигин өткөргөн залкардын артында калган жандуу сөзү жаңы доордо жалбырт жанып чыгарын эч ким ойлобосо деле керек. Мезгил Корголду унуттурбай, улуттун сыймыгына айланган Арстанбек, Токтогул, Жеңижок, Барпы, Эшмамбет, Молдо Нияз, Молдо Багыш,Туяк ырчы, Ботобай сындуу классиктердин катарына коюп, «экинчи өмүрүнө» кенен жол чаап берди.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG