Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:56

Жемкорлук, майрамдык чыгым жана эрежесиз уруш... Ташиевдин сунушу


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштү жөнгө салуучу мыйзамдар жаңы жылдан тартып катаалдады. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы мыйзам тууралуу элге маалымат берип, жарандардын укугун коргоо, мамлекеттик кызматкерлердин жаңы жылды майрамдоосу жана спорттук маданият маселелери боюнча да ой бөлүштү.

Жемкорлук жазасы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев алдыдагы эки жылда коррупцияга каршы күрөш күчөп, жемкорлукту толугу менен жоюуга аракет кылынарын билдирди. Бул тууралуу ал 1-январдын кечинде Фейсбуктагы баракчасынан тараткан билдирүүсүндө айтып, коррупцияга каршы чараны катаалдаткан мыйзам күчүнө киргенин, мындан ары жемкорлукка айыпталып камалгандарды абактан айыппул менен бошотууга тыюу салынарын жана алардын жакындарын да мамлекеттик кызматка кабыл албоо сыяктуу катуу чаралар камтылганын маалымдады.

"2025-жылдын 1-январынан баштап коррупцияга каршы күрөш мыйзамдары катаалдады. Муну баарына ачык жеткирип коёюн деп чечтим. Коррупция кылгандар, айрыкча мамлекеттик органдардын кызматкерлери билиши керек. Кийин "мыйзам өзгөргөнүн билбей калыпмын" деген болбосун. Биздин негизги максат - 2025-2026-жылдары Кыргызстанда коррупция деген илдетти жоюу, жок кылуу. Биз ушул максатыбызга жетишибиз керек", - деди ал.

Ташиев укук коргоо органдарында жана сот системасында иштеген кызматкерлерге да кайрылып, жарандарды негизсиз күнөөлөгөндөргө же чагым уюштургандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти.

"Мындан ары ким күнөөсүз жаранды күнөөлөп, артынан түшүп чара көрүүгө аракет кылса, биз ага мыйзам чегинде катуу жазаларды беребиз. Урматтуу кызматкерлер, ошол адамдарга жалаа жаап, артынан түшүп, жок жерден күнөөлүү кылып алып келген жыйынтыгыңардын бизге кереги жок. Муну Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы жана укук коргоо органдарынын куратору катары айтып коёюн", - деп белгиледи Ташиев.

Президент Садыр Жапаров УКМК демилгелеген коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койгону 31-декабрда маалым болгон.

Мыйзамда "Коррупция" беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.

Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Шалаакылык" беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек болот. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.

Талдоочулардын пикиринде, коррупцияга каршы күрөштө анын себебин, түп тамырын изилдеп, ошону менен күрөшүү керек. Саясат талдоочу Руслан Акматбектин көз карашында, коррупция негизинен сөз эркиндиги чектелген, адам укугу тебеленген өлкөлөрдө гүлдөгөнү эл аралык тажрыйбадан улам белгилүү:

"Азыркы аракеттерибиз дагы жакшы, бирок биз көбүнчө коррупциянын жыйынтыгы менен күрөшүп жатабыз. Ага түрткү болгон факторлорду өзгөрткөн жокпуз. Адам коррупцияга эмнеге барат? Мамлекеттен жакшы кызмат алуу үчүн же укуктук кепилдик алуу үчүн. Мамлекеттик кызматка жолотпоо деген сунуш да коррупциянын жыйынтыгы менен күрөшүү”.

Transparency International (TI) эл аралык уюму 2023-жылдагы дүйнөнүн 180 өлкөсүндөгү коррупциянын индексин жарыялаган. Рейтингде Кыргызстан 141-орунду ээлеп, 2022-жылдагы көрсөткүчкө караганда бир баскычка артка кеткен. Уюмдун баяндамасында коррупция паракорлук менен кымыруучулуктан тартып уюшкан, масштабдуу жана татаал жемкордук схемасына чейинки көрүнүштөрдү камтый турганы белгиленген.

Бийлик буга чейин Кыргызстанда коррупциянын 90% жоюлганын, анын арты менен бюджеттин кирешеси өскөнүн билдирген.

"Корпоративдик кече - эбегейсиз чоң чыгым..."

Видео кайрылуусунда атайын кызмат башчысы Ташиев жаңы жылдык куттуктоону жарыялоодо тартип болушу керектигин да айтып, министрлик жана башка мамлекеттик мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары да социалдык тармактар аркылуу элди куттуктап жатканын сынга алды.

Ташиевдин пикиринде, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Министрлер кабинетинин башчысынын куттуктоолору жалпы өкмөттүк мекемелердин атынан айтылган болот.

УКМК төрагасы мамлекеттик мекемелерди жаңы жылды майрамдоодо салют-фейерверк атууну токтотууга жана кызматкерлерин майрамдык корпоративдерди өткөрүүдөн баш тартууга үндөдү. Бул иш-чараларга кеткен чыгымды муктаж адамдарга жумшоону сунуштады.

"Салют атуу салтын биз токтотушубуз керек. Жок дегенде мамлекеттик органдарда. Мэриялар, райондор, облустар, жалпысынан 50дөн ашык жерде салют атылат экен Жаңы жыл болгондо. Ушуну токтотолу. Ал эми жеке адамдар кааласа ата берсин, аларга тыюу сала албайбыз. Бирок бул туура эмес экенин коомубуз түшүнө баштады. Корпоративдик кечеге мен УКМКда тыюу салгам. Башка бардык мекемелерде өткөрүп жатышат. Миңге жакын мамлекеттик мекемеде корпоративдик кече өтөт экен, анын ар бирине 50-500 киши топтолууда. Бул эбегейсиз чоң чыгым".

Эрежесиз мушташты токтотуу сунушу

Ал эми спорттук маданият маселеси боюнча Ташиев Кыргызстандагы эрежесиз мушташ темасын көтөрдү. Анын пикиринде, мындай мушташ жана машыгуу өткөрүүгө тыюу салынышы зарыл.

Мушташтын бул түрүнүн айынан көп жарандардын ден соолугуна зыян келип, айрымдары майып болуп калган учурлар бар экенин белгилеген төрага:

"Эрежесиз уруштар бир эле ошону менен алектенген адамга эмес, келечек муунга зыян берип, жалпы коомдун туура эмес жакка кетүүсүнө багыт берип жатат. Келечектеги муундар күчтүү болсок, бирөөнү урсак же мушташсак жакшы болот экен деген ойдо калып жатат. Андай эмес. Илимдүү-билимдүү болушубуз керек. Спортчу болгусу келгендер туура спорт түрлөрү менен машыгышы керек", - деп айтты.

Атайын кызматтын төрагасы Улуттук олимпиада комитетине жана федерацияларга, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылып, бул жаатта иш алып барууга чакырды.

Соңку учурда Кыргызстанда эрежесиз мушташка кызыгуусу арткандар көбөйгөнү байкалат. Атайын ушул багыттагы машыгуу жайлары көбөйүп, эрежесиз мушташ мелдештери утур-утур уюштурулуп турат.

Мындан тышкары эл аралык мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болгон мушкерлерди бийлик өкүлдөрү да кабыл алып, ар кандай сыйлык-белектер тапшырылган учурлар да бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG