АКШдагы шайлоонун шарапаты менен кесепети
АКШда Дональд Трамптын шайлоодогу ишеничтүү жеңишинин кесепети же таасири дүйнөлүк геосаясат, иммиграция, коргонуу, соода, экономика өңдүү башкы маселелердин баарына тийчүдөй. Анын “Америка биринчи” урааны Кошмо Штаттарга өнөктөш жана касташ өлкөлөрдүн баарын кайра бир сыйра сыдыргыдан өткөрчүдөй болуп калды.
Байкоочулардын баамында, Трамп Украинаны Орусия менен тынчтык келишимин табууга түрткүлөп, Газа менен Ливандагы аскердик операцияларда Израилдин колун бош коюшу ыктымал. Шайлоо маалында убада кылгандай Америкага ташылып келчү бардык импорттолгон товарларга 20% тариф киргизиш үчүн Конгресстин макулдугу талап кылынат. Республикачылар басымдуулук кылган Конгрессте бул чечим жактырылып калса, эл аралык экономика, соодага кыйла эле терс таасирин тийгизет.
Андай “соода согушунан” Кытай гана эмес, Евробиримдик, башка ийиндеш өлкөлөр жабыр тартышы мүмкүн. Бээжин алдын-ала даярданып, Венгриядан Мексикага чейинки аймактарда жаңы заводдорду куруп жаткан кез. Америкадан мыйзамсыз мигранттардын эң көбү же бир жылда 400 миңдей киши Барак Обаманын президенттиги тушунда чыгарылган экен. Андан ашык мигрантты сүрүп чыгаруу кыйын болот дешет эксперттер.
Эгерде элге убада кылгандай Кремлге бир да маселеде чегинип бербей, орус-украин согушун токтото алса, ага кошумча Израил-Палестин тынчтык келишимине кол койдурууга жетишсе, Дональд Трамп өзү кыялдангандай, атагы “кансыз согушту” токтото алган популярдуу республикачы президент Рональд Рейгандан ашып, тарыхта калышы мүмкүн. Азырынча буларга жетишүү - өтө татаал маселе.
Мигранттарга каршы маанай, ага жараша катаал саясат
2024-жылкы шайлоодо бардык чоң өлкөлөрдө азыркы бийлик жеңилди. Буга пандемия, андан берки кандуу согуштардан улам жашоо-турмуш кымбаттап кеткени шыкакчы болсо, экинчи жагынган өнүккөн өлкөлөрдү каптаган мигранттар менен качкындардын агымы да салым кошту. Америка, Британия, Францияда бийликтеги партия шайлоодо утулуп, Германияда коалициялык өкмөт кризиске учурады.
Америкалыктардын "жумуш орундарын тартып алып, канын бузганы" үчүн Трамп убада кылгандай массалык депортацияны ишке ашырса, АКШнын экономикалык өсүшү жайлай түшөөрү күтүлөт. Жашылча-жемиш өстүргөн фермалардан тарта мейманкаларга чейин жумушчу күчү жетпей мукурап калышы ыктымал. АКШда мигранттар калктын 14% түзсө, жаңылануу, инновацияда алардын салымы 34% барабар экен.
Мигранттарды азайтам деп убада кылган Италия качкын макамын сурагандарды Албанияга, Британия Руандага жөнөтүп тандай баштады, Трамптын командасы да андайларды Мексика менен Африкада кармап, электен өткөрүүнү пландап жатат. Мигранттар менен качкындар кантсе да экономикага жигердүү салым кошоорун белгилеген эксперттер катаал саясат алдыңкы мамлекеттердин өсүү динамикасын жайлатат деп эскертүүдө.
Калкынын саны башкалардан тез картайып жана азайып баратканын түшүнгөн Жапония, маселен, алдыдагы беш жылда курулуштан медицина тармагына чейинки жумуштарга 800 миңдей чет элдик мигрантты кабыл алуу программасын жактырды. Калкы улгайып бараткан бардык бай өлкөлөр “акылдуу миграция” саясатын кабыл алып, чет элдиктерди өгөйлөө саясатын өзгөртүшү керек дешет байкоочулар. Азырынча 2025-жылы АКШ президенти Дональд Трамптын антииммиграциялык жаңылыктары башкы саптарга чыгып, башка өлкөлөрдө да аны туураган кадамдарга көбүрөөк күбө болчудайбыз.
Индия: Азиядагы 2-ири экономика, эң ири демократия
“Экономист” басылмасы Индия 2025-жылы экономикасынын көлөмү жагынан Жапонияны артта калтырып, Азияда Кытайдан кийинки 2-орунга, дүйнөдө АКШ, Кытай, Германиядан кийинки 4-орунга чыгат деп эсептеп чыкты. Эгерде АКШ-Кытай соода алакасы татаалдап кетсе, бул көрүнүш Индиянын ооматын андан да арттырышы мүмкүн. Демократиянын дүйнөдөгү келечегинен кабатырлангандар Индияда премьер-министр Нарендра Модинин партиясы шайлоодо жеңгенде кыйла шердене туштү. Улутчул ураандарга басым жасаган Моди парламенттеги көпчүлүк мандаттарга жетише албай, башка партиялар менен коалиция түзүп, мусулман кайрымдуулук уюмдары менен массалык маалымат каражаттарына карата катаал мыйзамдарды кайра карап чыгууга аргасыз болду.
Коңшулаш Бангладеште мурдагы бийлик кулатылып, утурумдук өкмөт башчылыгына атактуу экономист, микрокредит кыймылынын пионери саналган Мухаммад Юнус келгени демократтардын үмүтү жанданды. Таиланд менен Мьянмада оппозициячылар камакка алынып, автократиялык башкаруу ыкмалары күчөп бараткан кез. Коммунисттик Кытайдын колдоосуна таянган Мьянмадагы аскердик хунта бул өлкөдөгү демократиячыл күчтөрдүн кыймылын бууп, Азиядагы жалпы прогрессивдүү өнүгүү аракетине залал келтирди.
Улгайгандар көбөйүп, аларды “Күмүш экономика” багабы?
Өнүккөн өлкөлөр арасында калкы тез улгайып бараткандар тизмеси узарып баратса, Кытайда да бул маселе көйгөйгө айланып, 60тан ашкандар элдин үчтөн бирине жетип калды. Коммунисттик бийлик улгайгандарды экономикага жүк кылбай, тескерисинче пайдага айландыруу максатында “Күмүш экономика” аттуу программа кабыл алып, карыяларды көбүрөөк саякаттап, саламаттык, сергек жашоого активдүү каражат сарптаганга түртө турган иштерди колго алууда.
Улгайгандарга түрдүү кызмат көргөзгөн ишкана, бизнестердин көлөмү соңку төрт жылда 40% өсүптүр. “Чачтарын күмүш аралаган” кардарлар арасында пианино, бий, каллиграфия, медитация курстарына жазылгандар көбөйүп, аларды жашартып, топтогон каражатын көбөйтүп берүүнү убада кылган фирмалар улам арбып бараткан чак. Кытайда жылдан жылга улгайгандардын саны ыкчам көбөйө берет, “Күмүш экономика” алардын баарын тегиз бакканга кудурети жетээр-жетпеси азырынча чоң суроо дешет байкоочулар.
Жашыл технология күндүн ысышын жайлата алабы?
Кытай азыр жашыл технология тармагында алдыда баратат. Өкмөттүн субсидиялары, кырчылдаган атаандаштыктын артынан азыр бул өлкө дүйнөдө күн панелдерин, батареяларын, электромобилдерди өндүрүү жагынан биринчи орунга чыкты. Цемент, болот өндүрүшү өңдүү ири заводдор, суудагы кемелер менен учактар азырынча мурдагыдай эле күйүүчү май менен иштетилип, абаны булгоону азайткан жок. 2025-жылы Кытай жана башка мамлекеттер жашыл технологиянын жаңы баскычын багындырууда жаңылык жасашы мүмкүн.
Азыртадан эле чоң ишканалардан чыккан уулуу газды атмосферага кошула электе чогултуп алып, аны пайдага айландыруу демилгеси сыноодон өтүп жатат. Ушул тармакка ири инвестиция салуу долбоорун талкуулаш үчүн 2024-жылдын акыркы аптасында Лондондо Билл Гейтс, Жефф Безос баш болгон дүйнөдөгү ондогон эң бай адамдар чогулуп, масилет курушту.
Кытайдын Энергетикалык инвестиция мамлекеттик компаниясы 2025-жылы бир ири химиялык заводдон уулуу газды абага чыгарбай топтоп берүүнү убада кылды. Индия менен Бразилия Кытайдан калышпай жашыл технологияга жең түрүнө киришип, суутек менен жүргөн автобус, башка унааны жолго чыгарууда. Кытай технологиянын баасын арзандатуу жагынан алдына киши салбайт эмеспи, азырынча Батыштын алдыңкы өлкөлөрү Бээжиндин бул багыттагы батыл кадамдарына чамдай албай аракет кылып жаткан кез.
Кытай 2025-жылы Шенчжен шаары “суутек борбору” болот деп жарыялап, жашыл технология жагынан жаңылануунун эл аралык стандарттарын өзгөртүүдө. Глобалдык климаттын көпчүлүк күткөндөн тез ысып баратышы дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө эбегейсиз зыян алып келээрин коңгуроо кагып эскерткен адистер азыркы технологиялардын салымы абдан аз болорун, кара май, газ, көмүр жагууну кыскартуу – эң башкы маселе экенин кайталап жатышат.
Рак оорусун дарылоодо чоң бурулуш жасалат
Жасалма интеллект, же кыскача AI (Artificial Intelligence) илим-билим, технологияга болуп көрбөгөндөй жаңылануу киргизүүдө. 2025-жылы ири фармацевтикалык компаниялар жаңы дарыларды ойлоп табуу, аларды пайдаланууга киргизүү ишинде чоң жылыштар болот деп үмүт артууда. Жасалма интеллект, же акылдуу компьютер ооруну аныктап, аны дарылоонун жолдорун изилдөөдө молекула, ДНК, РНК жана андан майда деңгээлдеги миллиондогон даталарды тез арада изилдеп, андагы өзгөрүүлөргө байкоо салуу иштерин болуп көрбөгөндөй тездете алат.
Кадимки илимде орто эсеп менен бир жаңы дарыны изилдеп өндүрүүгө башынан аягына чейин он жылдай убакыт жана 2 млрд доллардай каражат сарпталат экен. Жасалма интеллекттин жардамы менен бул иш кыйла тездеп жана арзандаары күтүлүүдө. Жаңы дарыны сыноодон өткөрүш үчүн кайсы бир дартка байланган белокту же генди аныктап алып, ага таасир эте турган молекуланы табуу керек. Ошондой молекулалар табылгандан кийин аларды адегенде компьютердик моделдерде сыноодон өткөрүп, андан кийин жаныбарларда текшерилет.
Клиникалык сыноого чейинки ушул иштерди эми миллиондогон маалымат-молекулаларды тез арада изилдеп салыштыра турган жасалма интеллект мурдагыдан эселеген ылдамдыкта ыкчам ишке ашырып, жаңы дарыларды ойлоп табуу ишине эбегейсиз салым кошуп жаткан кез.
Технологиялардын тездик менен өнүгүшү рак илдетине каршы жаңы вакциналардын чыгышына түрткү болуп, 2025-жылы адамдын денесиндеги рак клеткаларындагы мутация, же өзгөрүүнү аныктап, биопсия алып, иммундук система аныктаган белокторго таасир эте алчу индивидуалдуу молекуланы өндүрүп, залалдуу шишиктин очогун бутага алчу вакцинаны чыгарууга баш-аягы алты жума кетчүдөй дешет адистер. Ушунун баары жасалма интеллекттин жардамы менен мүмкүн болуп жатат. Ар бир адамдын рак дартына каршы күрөшчү индивидуалдуу вакцинаны изилдеп өндүрүү дагы деле абдан кымбат иш бойдон кала берет. Бирок рак дартын изилдеп дарылоодо 2025-жыл чоң бурулуш жылы болору шексиз дешет адистер.
Шерине