Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:08

Ондогон мектеп "Маарифке" өтөт, "Сапат" сотко арызданат


"Сапаттын" мектептеринин бири
"Сапаттын" мектептеринин бири

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун, "өз укугун мыйзам жана эл аралык укук негизинде коргой турганын билдирүүдө. Мекеме бардык мүлкүн жана расмий мөөрүн “Маарифке” өткөрүп бергени 2-январда жарыялады.

"Сапат" укугун сотто коргойт

"Маариф" 43 мектеп, бир университет жана бир административдик имарат Анкаранын карамагына өткөнүн, 10 миңге жакын мурунку "сапатчыга" дагы "сапаттуу билим" берүүгө бел байланганын билдирди.

“Сапат” бардык мүлкүн жана мөөрүн “Маариф” фондуна өткөрүп бергенин кабарлап, "Мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик "Маариф" фондуна тиешелүү экендигин билдиребиз", - деп жарыялады. Мекеменин 1-январдагы билдирүүсүндө жетекчиси катары Түркиянын жараны Хүснү Биржан жазылган.

Окуу мекемесинин негиздөөчүлөрдүн бири Орхан Инанды соттун чечими менен түптөөчүлөрдүн курамынан чыгарылган.

Дагы бир негиздөөчүсү өз ыктыяры менен "баш тартты" деп айтылган.

Эл аралык мекеменин билдирүүсүнө караганда, негиздөөчүлөрдүн бири катары Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана А.С аттуу жаран калган. Ал кишини түптөөчүлөрдүн катарынан чыгаруу боюнча сот иши жүрүп жаткан.

"Сот аталган ишти 2024-жылдын 30-декабрында кароого коёт, бирок А.С. мырзанын башка мамлекетте болгондугуна байланыштуу ишти кароону 2025-жылдын 21-январына жылдырган. Тагыраак айтканда, А.С. мырзанын түзүүчү укугу мыйзам түрүндө уланып жаткан. "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин кийинки соттук отурумду күтпөстөн, чукул арада Түркиянын "Маариф" фондуна өткөрүлүшү мекеме жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн күтүүсүз болду", - деп жазылды билдирүүдө.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан "Себат" билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен "Сапат" болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда узакка соттолгон.

"Сапат" билим берүү мекемеси Түркиянын "Маариф" фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болгон. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, "Сапат" 30-декабрда кайра каттоодон өтүп, анын негиздөөчүлөрүнүн катарына "Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары" акционердик коому жана Түркиянын "Маариф" фонду кошулду. Андан тышкары Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги бар.

Ошол эле күнү өкмөттүн басма сөз кызматы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Маариф" фондунун Борбор Азиядагы директору Хүснү Биржан менен жолугушуп, "Сапат" билим берүү мекемелер тармагын "Маариф" фондунун башкаруусуна өткөрүү чечими кабыл алынганын кабарлаган.

Мындай чечимдин эпкини 2016-жылы сого баштаган. Анда түрк бийлиги бозгундагы диниятчы Фетхулла Гүленди бийликти төңкөрүү аракетине айыптаган. Расмий Анкара ошондон бери утур-утур Гүлен кыймылынын өкүлдөрүнө чара көрүүнү эскертип келген.

Режеп Тайып Эрдоган жана Садыр Жапаров. 5-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек шаары.
Режеп Тайып Эрдоган жана Садыр Жапаров. 5-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек шаары.

Сындай эскертүү 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен Бишкекке келгенде дагы жаңырган. Анда экономикалык маселелерден башка ФЕТОго (түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт - ред.) байланыштуу маселе көтөрүлүп, Кыргызстандын бардык аймактарында Түркиянын "Маариф" фондунун мектептерин ачуу боюнча макулдашуу жанданганы кабарланган.

"Биздин коопсуздук мекемелерибиздин ортосундагы кызматташтык, техникалык колдоо долбоорлору ийгиликтүү уланып жатат. ФЕТО баштаган террордун ар түрдүүсүнө каршы күрөштүн уланышына ишенем. Бүгүн кол коё турган коопсуздук келишими аркылуу кызматташтыкты дагы да бекемдейбиз деп ишенем", - деген Эрдоган.

Түркияда 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш кылуу аракети башталып, аны расмий бийлик "бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады" деп айыптап келет. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза таап, миңдегени камакка алынган.

Гүлен былтыр октябрда АКШда 83 жашында көз жумган.

"Маарифтин" карамагына 43 билим берүү мекемеси өтөт"

31-декабрда "Маариф" фонду "Сапат" мекемесинин администартивдик имаратын, 43 мектепти жана бир университетти өз карамагына өткөрүп алганын расмий сайтында жарыялады. Мындан ары Кыргызстандын сегиз шаарында иш алып барары айтылды.

"Фонддун карамагына 43 билим берүү мекемеси (бала бакча, башталгыч жана орто мектеп), бир университет жана бир административдик борбор имараты алынды. Ошондой эле башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринде билим алган 10 миңге жакын окуучу жана эл аралык Ала-Тоо университетинде окуган 3850 студент Түркиянын "Маариф" фондуна өткөрүлөт" деп айтылат билдирүүдө.

Анда фондун төрагасы Бирол Акгүлдүн бул жараян боюнча пикири да айтылат:

"Өткөрүп берүү чечими эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы бекем достук мамилелердин жана фондубуздун эл аралык тажрыйбасына таянган билим сапатына болгон ишенимдин натыйжасы катары каралышы керек. Биздин фонддун атынан кыргыз бийлигине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз мындан ары дагы кыргыз балдарына жогорку сапаттагы билим берүү кызматын көрсөтүү үчүн иштей бермекчибиз. Бул мектептерде билим алган балдар түрк жана кыргыз элинин ортосундагы терең байланышты дагы да бекемдейт".

Муну менен катар "Маариф" фондунун соңку жараян тууралуу билдирүүсүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов фонддун өкүлдөрү менен жолукканы айтылат.

Эдил Байсалов “Маариф” фондунун жетекчилери менен.
Эдил Байсалов “Маариф” фондунун жетекчилери менен.

Жолугушууда ал "Бул чечим окуучулардын кызыкчылыктарын коргоо менен бирге аталган фонддун билим берүү тармагындагы ишенимдүү өнөктөш катары жакшы кадыр-баркка ээ болгондугу үчүн кабыл алынганын" айтканы белгиленет.

"Маариф" фонду 2016-жылы Стамбул шаарында түптөлгөн. Фонддун административдик түзүмүн 12 адамдан турган Камкорчулар кеңеши башкарат. Камкорчулар кеңеши президент дайындаган жети туруктуу мүчөдөн турат. Алар Билим берүү министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Финансы министрлигинин жана Жогорку билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү.

Уюм 2021-жылы Бишкекте биринчи мектебин ачкан. Анда 1500дөй окуучу билим алат.

2024-жылы бюджеттен "Маариф" фондуна 176 миллион доллар которулган

Aкыркылардан болуп Замбиянын баш калаасы Лусакадагы гүленчилерге таандык делген бир канча мектеп "Маариф" фондуна өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу фонддун сайтындагы ачык маалыматтардан билсек болот. 4-июлда чыккан маалыматта "Маариф" фонду "52 өлкөдөгү 465 билим берүү мекемесинде 54 миң окуучуга билим берет. Замбия 53-өлкө" деп айтылат.

Ондогон өлкөлөрдөгү билим берүү мекелемелери аталган фондго өткөрүлүп берилиши же түп тамыры менен жоюлушу мындайча чечмеленет:

"Түркиянын тиешелүү мекемелери жана Түркиянын "Маариф" фондунун биргелешкен аракети менен чет өлкөдөгү ФЕТО менен байланышы бар мектептердин жабылышы төрт башка жараян менен өттү. Айрым өлкөлөр ФЕТО менен байланышы бар мектептерди жапты. Бул өлкөлөрдүн эң негизгилери Өзбекстан менен Орусия. Марокко, Алжир жана Сербия сыяктуу өлкөлөр да Түркиянын эскертүүсү менен бул мектептерди толугу менен жапты, ал эми Түркмөнстан, Тажикстан жана Азербайжан ФЕТО менен байланышы бар мектептерди жоюп, Казакстан аларды өзүнүн билим берүү министрлигине караштуу мамлекеттик мектептерге айлантты. Ооганстан жана Пакистандагы уюмга караштуу мектептер жабылып, Түркиянын "Маариф" фондуна өткөрүлүп берилди. Айрым өлкөлөр болсо ФЕТО менен байланышы бар мектептерге карата эч кандай чара көрбөй, "Маариф" фондуна мектеп ачууга да уруксат бербей жатышат". Бирок маалыматта кайсы өлкөлөр уруксат бербей жатканы так айтылган эмес.

Ал эми президент Эрдоган быйыл 28-майда Билим берүү министрлигинин бюджетинен 2024-жылга "Маариф" фондуна 5 миллиард 702 миллион лира (ошол маалдагы курс менен дээрлик 176 миллион 806 миң доллар) каражат которуу боюнча чечимге кол койгон.

Анын максаты "иштеп жаткан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, басылмаларды чыгаруу, жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу, чет өлкөлөрдө билим берүү кызматтарын көрсөтүү жана өнүктүрүү максатында мектеп, окуу жайлары жана жатакана сыяктуу объектилерди ачуу, бул мекемелерде иштей турган мугалимдерди даярдоо жана стипендия берүү" экени айтылат.

Министрликтин миллиондогон каражаты бир фонд аркылуу чет өлкөдөгү билим берүү мекемелерине сарпталышы өлкөдө кызуу талкуу жараткан.

Соцтармактарда "Түрк мугалимдерине кошумча айлыкка каражат жок, балдардын түшкү тамагына каражат жок, бирок "Маариф" фондуна каражат бар" деген нааразылыктар чыккан.

Кеңсеси Анкара шаарында жайгашкан "Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун" башчысы Кадем Өзбай министрликтин бюджетинен бөлүнгөн акча чет өлкөгө агылып жатканын айтып чыккан.

"Бул акча кайда кетери аныкпы? Фонд каражатты кайсы иш-чараларга жумшай турганы коомчулукка ачык айтылабы? Бул жагдай мамлекеттик ресурстар муктаждыктарга эмес, саясий жана идеологиялык артыкчылыктарга жараша бөлүштүрүлүп жатканын ачык көрсөтүп турат. Бул жерде бериле турган суроо: "Эмне үчүн мамлекет фонд түзөт?". Анын максаты – мамлекеттик ресурстарды бюджеттин тышына чыгаруу, аларга жакын диний жамааттардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу жана бул уюмдарга мамлекеттик казынадан акча которуу" дейт Өзбай.

Белгилей кетсек, Түркиянын Билим берүү министрлигинин 2024-жылдагы бюджети 1 триллион 92 миллиард лира (болжол менен 31 миллиард доллар) экени ачыкталган.

“Маариф” фондунун расмий сайтында 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин 23 өлкөдөн Гүлен кыймылына таандык делген жүздөгөн мектептер түрк өкмөтүнө өткөрүлүп берилгени белгиленет. Учурда бул мектептерде 53 миңден ашык окуучу билим алат.

Шерине

XS
SM
MD
LG