Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Идлиб: Орусия менен Түркия мунаса табабы?


Идлибдин тургундары күтүлгөн чабуулга даярдык көрүшүүдө. 12-сентябрь, 2018-жыл.
Идлибдин тургундары күтүлгөн чабуулга даярдык көрүшүүдө. 12-сентябрь, 2018-жыл.

17-сентябрда Сочиде Орусиянын лидери Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жолугушат. Алар Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаалды, өкмөттүк күчтөрдүн бул аймакка пландалган чабуулун талкуулашат.

Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путиндин бул жолку сүйлөшүүлөрү Башар Асаддын режимин колдогон Орусия, Иран жана ага каршы Түркия президенттеринин Тегерандагы үч тараптуу саммитинде Идлиб боюнча мунаса табылбагандан он күндөн кийин өткөнү турат. Ошол саммитте Режеп Тайып Эрдоган буларды айткан:

- Себеби кандай болгонуна карабастан Идлибге башталган же баштала турган чабуул кыйроого, кыргынга жана ири гуманитардык трагедияга алып келет. Аскерий чабуулдун таасири аймактын үч жарым миллиондой карапайым калкына тиет.

Расмий Анкара мындай мазмундагы эскертүүлөрүн Тегеран саммитинен бери кайталап келатат.

Президенттер Путин, Роухани, Эрдоган Тегерандагы саммитте. 7-сентябрь, 2018-жыл.
Президенттер Путин, Роухани, Эрдоган Тегерандагы саммитте. 7-сентябрь, 2018-жыл.

Аба соккулары жана чабуулдар “качкындардын массалык толкунун, Түркия менен Европага эбегейсиз коопсуздук тобокелдигин жаратат”, - деп айткан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 11-сентябрдагы отурумунда Түркиянын элчиси Феридун Синирлиоглы.

Идлибге күтүлгөн чабуулга АКШ баштаган Батыш мамлекеттери да каршы чыгууда. Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейли Коопсуздук кеңешинин 11-сентябрдагы отурумунда Сириянын Орусия жана Иран колдогон күчтөрү Идлибде ушул айда эле жүздөн ашуун аба соккуларын жасаганын кошумчалады.

- Куралдын кандай түрү же ыкмасы колдонулбасын, Кошмо Штаттар Идлибдеги кырдаалдын курчушуна каршы. Коопсуздук кеңешинин ар бир мүчөсү ушундай эле сезимде болушу керек. Сириядагы тынчтык маселесинде Орусия биздин убакытты коротууну токтото турган учур келди.

Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркияга чектеш Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы. Ал аймакта, БУУнун эсебинде, үч миллиондой адам жашайт, алардын 1,5 миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келгендер.

Улуттар уюмунун өкүлдөрү алар козголоңчулар көзөмөлдөгөн Идлибге буга чейинки элдешүү жараяндары учурунда атайын көчүрүлгөндөр экенине да көңүл бурууда. БУУнун Сирия боюнча көз карандысыз комиссиясынын төрагасы Пауло Сержио Пинейро өткөн аптада буларды айтты:

- Бул 3 миллион киши Идлибге гана барууну чечкенден эмес, элдешүү форматтарынан улам келгендер. Ал адамдар Идлибге көчүрүлгөн. Эми алар бомбанын алдында калаары өкүнүчтүү. Менимче, азыр эң башкы оюнчулардын, Сирияда таасири бар мамлекеттер ортосунда байланыштын үзүгүлтүккө учурабаганы эң маанилүү. Биз саясий диалог кыргынды болтурбайт деп күтөбүз.

Идлиб шаарынын жашоочулары. 10-сентябрь, 2018-жыл.
Идлиб шаарынын жашоочулары. 10-сентябрь, 2018-жыл.

Сирия өкмөтү, аны колдогон Орусия жана Иран Идлибге пландалган операцияны “антитеррордук” деп мүнөздөшүп, анын жүрүшүндө аймак террорчулардан тазаланып, карапайым калк алардын барымтасынан бошотулат деп ырастап келишет. Идлибде террорчул согушкерлер бар болгонун Улуттар уюму да жокко чыгарбайт:

- Эң таң калычтуусу - Идлибде террорчулардын саны он миңден ашпайт. Анда он миң куралдуу террорчу менен күрөштүн куну үч миллион киши болобу? Албетте терроризмге каршы күрөшкө эч каршы эмеспиз. Бирок үч миллион адамдын, анын ичинде бир миллион баланын укугун коргоо үчүн бир нерсе жасалышы керек, - дейт БУУнун өкүлү Пауло Сержио Пинейро.

Орусия менен Түркия президенттеринин Сочидеги кездешүүсүндө Сириядагы төрт де-эскалация зонасынын бири болгон Идлиб боюнча мунаса таба алар-албасы, тапса ал кандай мунаса болору азырынча беймаалым.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 14-сентябрда Берлинде болгон учурунда Москва зарыл болсо Идлибдеги согушкерлердин буталарын бомбалай турганын, ага катар жайкын тургундардын качып чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридор бере турганын билдирген.

Улуттар уюму буга дейре эгер Идлибге чабуул башталса, 900 миңге жакын киши качууга аргасыз болорун болжолдогон.

Сирияда 7,5 жылга созулган жарандык согушта 400 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, миллиондогон адамдар жер которууга мажбур болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG