Өзбекстанда президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп күтүлгөндөй эле Шавкат Мирзиёев жарыяланды. Өлкөнүн эгемендик тарыхындагы бешинчи, бирок кезексиз президенттик шайлоо жекшемби күнү өттү.
Расмий төрт талапкер атаандашты делген шайлоодо Мирзиёев жеңишке жетери ал мурдагы мамлекет башчы Ислам Каримов дүйнөдөн өткөн соң быйыл сентябрдын башында президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандан кийин эле билинген.
Мирзиёев Каримовго жеткен жок
Жекшембидеги добуш берүүгө Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын ырастоосунда, каттоодогу шайлоочулардын дээрлик 87, 83% же 20 миллиондой шайлоочунун 17,9 миллиону катышты. Алардын 88,6% Шавкат Мирзиёевди колдоду.
Бул маркум Ислам Каримовдун 2015-жылдын 29-мартындагы акыркы жеңишиндеги шайлоо көрсөткүчүнөн бир аз төмөн.
Анда добуш берүүгө элдин 91% келип, алардын 90,39% Каримов үчүн добуш берди деп жарыяланган. Мирзиёев дүйшөмбү күнү шайлоодогу жеңиши расмий айтылган соң Ташкентте аны президенттикке талапкер катары көрсөткөн Ишкерлер кыймылы менен Либералдык-демократиялык партиянын штабына барып, саясий өнөктүктүн бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди.
Ага дейре добуш берүү күнү шайлоо бекетине үй-бүлөсү менен барганда эч нерсе айткан эмес, бирок кеңири коомчулук Ислам Каримов ордун басып жаткан инсандын үй-бүлөсүн көрүүгө биринчи ирет мүмкүнчүлүк алган.
Байкоочулардын баасы
КМШ жана Шанхай кызматташтык уюмунун өкүлдөрү адаттагыдай эле Өзбекстандын бул жолку шайлоосун эркин, атаандаштык шартында ачык-айкын, демократиялуу өттү деп баалап, добуш берүү жараяны жакшы уюштурулганына көңүл бурушту.
Шайлоого Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары да көз салышты.
Эл аралык байкоочулардын баштапкы бүтүмүндө, 4-декабрдагы президенттик шайлоо Өзбекстан "ар тараптуу, кеңири реформаларга муктаждыгын" баса көргөзгөнү айтылат.
ЕККУ байкоочуларынын пикиринде, "шайлоо администрациясы өз ишинин ачык-айкындуулугун, добуш берүүнү талаптагыдай өткөрүү боюнча чараларын күчөткөн учурда мамлекеттик субъектилердин үстөмдүк кылган абалы, негизги эркиндиктердин чектелиши саясий плюрализмге шек келтирип, атаандаштыгы чыныгы эмес өнөктүккө алып барды".
ЕККУнун Адам укуктары жана Демократиялык институттар боюнча бюросунун байкоочулары ошондой эле Өзбекстандын "ММКсы шайлоону өтө чектелген жана көзөмөлдөнгөн чөйрөдө чагылдырганын жана мамлекет аныктаган багыт шайлоочулар альтернативалуу көз карашты угушуна мүмкүндүк бербегенин" белгилешти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төргасы Мирза-Улугбек Абдусаломов бул ирет ЕККУ байкоочуларынын макамынын жогору болушу өзбек шайлоосунун баркын көтөрөрүнө токтолгон:
- Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросу быйыл бизге кеңейтилген миссиясын жөнөттү. Бул Өзбекстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарды дегенди билдирет. Себеби биз эл аралык, демократиялык принциптерге ылайык, ачык, эркин жана адилет шайлоо өткөрүүнү убада кылганбыз. ЕККУнун кеңейтилген миссиясынын келиши биздин шайлообуздун аброюн көтөрөт.
Батыштык байкоочулар Өзбекстандын эгемендик доорундагы буга чейинки шайлоолордун бирин да эл аралык стандарттарга шайкеш, эркин, ачык-айкын жана демократиялуу деп тааныган эмес.
Мурдагы мамлекет башчы Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин быйыл сентябрда бийликтеги эки тизгин бир чылбырды дароо эле колго алган премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевге Өзбекстанда расмий каттоодон өткөн төрт партиянын калган үчөөнүн талапкерлери да атаандаш катары чыгарылган.
Кыргызстандагы “Эркиндик үнү” укук коргоо порталынын башкы редактору Абдумомун Мамараимов “Азаттыкка” маек куруп, Өзбекстандын мындан аркы багыты, саясаты кандай болоруна токтолду:
- Өзбектерди “хан көргөн эл” деп коет. Бул жетекчиликке, мамлекет башчыга мамиле өзгөчө урмат-сый, моюн сунуу түшүнүгү бар дегенди билдирет. Ошону эске алганда бир адамдын, мамлекет башчысынын таасири аябай зор. Ал канчалык элдин, мамлекеттин муктаждыктарын эске алып иштесе өзгөрүүлөр тез эле болот. Менимче, Мирзиёев биринчи баштаган нукта ишин улантса ички жана эл аралык маселелерде Өзбекстан жакынкы беш жыл ичинде эле болуп көрбөгөндөй чоң өзгөрүүлөрдү жасап жибериши мүмкүн.
Шайлоонун алдында чечкиндүү кадамдарга барып атат, шайлоодон кийин эски бойдон калат деген ой айтылган. Мен буга кошулбайм. Биринчиден, Ислам Каримов болуу оңой эмес. Экинчиден, маселе ар бир адамдын өз көз карашы, ой жүгүртүүсү, жаш курагы, өткөн өмүрү, кандай шартта чоңойгонуна байланыштуу болот.
Адегенде эле стабилдүүлүк сакталып калат деп ишенип турам. Анткени атын атабай эле койсом Каримовдун убагында да мамлекеттин турмушуна таасирин тийгизип жүргөн кишилер бири-бири менен жакшы түшүнүшкөн, мамлекет келечеги, элдин тагдыры деген адамдар. Ошол себептен мурдагы курс кандайдыр бир деңгээлде сакталып калат. Бирок Мирзиёев президенттин милдетин аткаруучу болгондон кийинки эле чечкиндүү кадамдарына караганда жаңылыктар, жакшы жакка өзгөрүүлөр көп болот деп ойлойм.
- Акыркы жылдары кыргыз-өзбек чек арасы дээрлик жабык турду. Мирзиёев келгенден бери жеңилдегени менен бул иш аткарыла элек. Маселе жакын арада толук чечилиши мүмкүнбү?
- Мүмкүн кандайдыр кырдаалга, эки мамлекеттин мамилесине жараша болуп калдыбы, айтор чек арада жагдай кандай болгонун билебиз. Кырдаал өтө татаалдашып кеткен. Өзбекстанда туугандарыбыз бар. Тойлор, же батага эл каттай албай калышкан. Кээде айласыздан мыйзамсыз жол менен өтүп, колго түшүштү. Камап жибербесе да, бир ай сотто жүрүп, анан депортацияланган учурлар көп эле болду. Жакындан бери чек арадан өтүү жеңилдеп калгандан кийин барды-келди жанданды.
Cаясатчы, же мамлекет башчысынын ишин элдин жеке турмушуна жакшы-жаман таасирине карап баалайбыз да. Ошондон алганда, чек арага жакын жашаган өзбекстандыктар да, кыргызстандыктар да жакшы жеңилдик алып атышат. Элде үмүт өтө чоң.
Мирзиёев да биринчи сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан менен мамилелерди кайра карайбыз, жакшы жакка өзгөртөбүз деп жөндөн жөн айткан жок. Анткени коңшу мамлекет катары бири-бирибизди байланыштырып турган экономикалык, саясий, социалдык проблемалар бар. Аларды чогуу гана чечүү мүмкүн. Менимче муну жаңы жетекчилик жакшы түшүнөт. Ошол нукта иштешсе керек деп ойлойм.
- Өзбекстанда саясий негизде камалгандар көп деп айтып жүрүшөт. Сөз эркиндиги катуу басым астында экенин эл аралык рейтингдер көрсөтүп келет. Сөз эркиндиги, адам укуктары жаатында иштеп жүргөн адис катары ушул жаатта жакшы жылыш болот деп үмүттөнөсүзбү?
- Түрмөдө канча жылдап отурган кишилерди бирин-серин чыгара баштады. Амнистия жөнүндө сөздөр жүрүп атат. Түрмөдөн көп эле адам бошотулат деп ойлойм.
Сөз эркиндиги болсо экономикалык, саясий маселелерден да бир аз татаалыраак. Себеби бул боюнча Өзбекстандын өзүнө жараша өзгөчөлүгү бар. Дүйнөдөгү, коңшулардагы тенденцияларды карап турушат. Мисалы, Кыргызстандагы маалымат согушу, анын натыйжасын көрүп-билип турушат да. Ошол көрүнүштөрдү иликтеп, талдап, анан өзгөрүү болсо да этият жасалат деп ойлойм.