АКШдагы адам укуктарын коргогон эң ири түйүндүн мүчөсү, эл аралык юрист-адвокат Динара Муканбаева бул багытта “Азаттыкка” маек куруп, алгач Кыргызстанда укук коргоочулук менен алек болуп жүрүп, кантип АКШда иштеп калганын түшүндүрүп берди.
Динара Муканбаева: Мен Америкада эки жылдан бери жашайм. Балдарым бул жакта окушат. Өзүмдүн төрт дипломум бар. Юридикалык академияны кызыл диплом менен бүтүргөм. Азыр докторантураны окуп, изилдөөлөрдү өткөрүп жатам.
АКШга келгенимдин себеби, Кыргызстанда түрмө системасы менен абакта жаткандардын укугун коргоо боюнча иштерди алып барып жатканда мага бийликтеги кишилер каршы болушту. Анткени мен көп коррупциялык схемалардын учун тапкам.
Түрмөдөгү адамдар кыйноо боюнча мага көп арызданышкан. Ошондой эле күнөөсү жок адамдарды саясий заказдар менен отургузуп, түрмөдө аларды өлтүрүп коюу боюнча көп фактыларды билип чыктым. Бул боюнча күбөлөр бар. Мен алардын чекесин чыгарып айтканга аракет кылдым, анан алар мени куугунтуктап баштаганда Америка кетүүгө аргасыз болдум.
“Азаттык”: Сиз АКШда да адам укуктарын коргоочу ири түйүн менен иштешип жатыпсыз. Кыргызстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу эркин деп мүнөздөлүп келет. Сиздин тажрыйба жана байкоолоруңуз боюнча азыр Кыргызстандагы адам укуктары жана эркиндиктери канчалык сакталган деп айтууга болот?
Динара Муканбаева: Белгилеп кетким келет, Америкада туруп алып эле АКШнын саясатын сүйлөгөн айым деп эл ойлобосун. Эч кандай андай эмес. Мен кыргызмын. Айтайын дегеним, биздин Кыргызстан эркин мамлекет. Орто Азиядагы кичинекей аймакта ушундай күчтүү, эркин адамдар жашайбыз. Биз эч кимдин курсун албашыбыз керек. Биз өз тарыхыбызды өзүбүз жазып, өзгөчөлүү мамлекет болуп чыгышыбыз керек.
Кыргызстанда адамдын укугу азыр сакталбай келе жатат. Анткени адам укугу дегенди эл туура, так түшүнө алышпайт экен. Бир четинен буга коррупция, экинчиден, соттун адилетсиздиги себеп болууда.
Өзүмдүн тажрыйбамды алсам деле канчалаган адамдар укук коргоо органдары тарабынан жакшы иликтөө кылынбай эле сот иштери жиберилип, соттон эле прокуратура бекитип бериптир деп, алардын ур-токмок, кыйноолор боюнча арыздарын карабай, көп иштер өтүп кетет. Күнөөсү жок адамдар соттолуп кетет. Бир четинен азыр бейөкмөт уюмдардын пассивдүүлүгү да болуп калды. Мен көп байкап жатам. Башында ачылган өкмөттүк эмес уюмдар иштеп эле келатат, бирок жаңы ачылгандары таптакыр иштебей калды.
Бейөкмөт умдардын эмгегин эл түшүнбөй жатат
“Азаттык”: Кыргызстанда мындай уюмдарды "чет өлкөлүк агент" деп таануу демилгелери көтөрүлгөнү бар. Өкмөттүк эмес уюмдардын ишине кандай жагдайлар тоскоолдук жаратып жатышы мүмкүн?
Кыргызстанда адамдын укугу азыр сакталбай келе жатат. Анткени адам укугу дегенди эл туура, так түшүнө алышпайт экен. Бир четинен буга коррупция, экинчиден, соттун адилетсиздиги себеп болууда.
Динара Муканбаева: Бейөкмөт уюмдун маанисин эл түшүнө албай жатат. НПО деген сөздү мокочодой көрсөтүп жатышат. Буга бийликтин кадамдары себеп болуп жатат. Ооруп жаткан майып балага акча топтогон уюмдар деле бейөкмөт уюм болуп саналат. Бул сыяктуу коомдук бирикме, коомдук кыймылдардын баары жарандык секторго кирет.
Түшүнбөгөн адамдар бейөкмөт уюмдарды кайра эле грант жеп жатат деп айтышат. Грант деген эмнени билдирет? Уюмдар мен мындай иш аткарам, мындай кеңсем бар деп, ошону далилдеп берип, акчаны алат. Грант берген эл аралык уюм аны өздөрү көзөмөлдөп, эмне иш аткарганын текшерип турат. Эл аны түшүнбөй жатат. Бейөкмөт уюмдарында иштегендер өздөрү да шалаакылык кылып, эмнегедир көңүлдөрү жок иштегиси келбей калды.
Америкадагы уюмдар каяктан акча алышат? Мүчөлөр өздөрү акчаны садака катары беришет. Уюмдар ошол акчанын негизинде каржыланат. Кыргызстанда андай деңгээлге жете элекпиз.
“Азаттык”: Сиз юрист болгондуктан биринчи кезекте мыйзамга, кайсы бир кадамдын мыйзамдуулугуна көңүл бурарыңыз бышык. Кыргызстанда мыйзамдарды чыгарган негизги орган саналган Жогорку Кеңештин шайланып келгенине бир жыл болду. Андан бери бир канча мыйзамдар жана мыйзам долбоорлору сунушталып жатат. Кыргызстанда жазылып жаткан мыйзамдар купулуңузга толобу?
Динара Муканбаева: Негизи бизде жакшы мыйзамдар бар. Жакында депутат Аида Салянова расмий түрдө катталмайынча нике кыюуга тыюу салган жакшы мыйзамды өткөрдү. Бул абдан туура. Бул мыйзам менен жаш өспүрүм кыздарыбызды экинчи, үчүнчү аял болуудан сактап калып жатабыз.
Бирок кээде күлкүнү келтире турган мыйзамдарды сунушташат. Эми 120 депутаттын ар кими өз деңгээлине жараша да.
Негизи парламентке иштей турган, юриспруденция жагынан тажрыйбасы бар, татыктуу кишилерди шайлап алсак жакшы болмок.
Конституцияны оюнчук кылып алышты
“Азаттык”: Өзүңүз иштеген АКШын Конституциясы дүйнөдөгү алгачкы Баш мыйзамдардын бири деп эсептелинип келет. Ал Баш мыйзам оңой менен өзгөрбөгөнү белгилүү. Кыргызстанда 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны эми өзгөртүү процесси жүрүп жатат. Буга кандай баа бересиз?
Динара Муканбаева: Америкада чынында эле Конституция өтө күчтүү жана эң негизги мыйзам. Аны абдан сыйлашат. Кыргызстанда Баш мыйзам боюнча азыр абдан көп аракеттер болуп жатат. Менимче, Конституцияны оюнчук кылып алышты. Мен бул темада бейөкмөт уюмдары менен оппозициянын пикирине кошулмакмын. Анткени 2020-жылга чейин өзгөртүлбөшү керек деп белгиленген.Эл аралык адис катары мени ал жерде бир жагдай тынчсыздандырып жатат. Биздин эл аралык келишимдерибиз бар. Дүйнө коомчулугунун алдында авторитетибизди жоготуп коебуз. Андан тышкары биз карапайым тургундардын укуктарын алдырып салып жатабыз. Бейкүнөө кесилип кетип, өлкөнүн ичинде чындыкты таппаган адамдар азыр БУУга, эл аралык сотторго кайрылганга мүмкүнчүлүгү бар. Жаңы өзгөрүүлөр менен ошону кестирип салып жатабыз. Бул адам укугуна терс таасирин тийгизет.
Экстремисттер интернетте отурат
“Азаттык”: Сиз социалдык тармактарга дин тууралуу да пикириңизди көп жазасыз. Жакында Эл аралык кризис уюму Кыргызстанда коррупция жана мамлекеттин алсыздыгынан жаралган боштукту диний уюмдар, кээде радикалдуу уюмдар толтуруп жатканын айтты. Сиз Кыргызстандагы диний кырдаалга кандай баа берет элеңиз?
Динара Муканбаева: Диний кырдаал бизде абдан коркунучтуу болуп жатат. Азыр радикалдуу, экстремисттик топтор ачык иштешпейт. Көчөгө чыгып, үгүт жүргүзүшпөйт. Алар аялдарды пайдаланып жатышат. Булар ачык иштешпей, бүт баары “Одноклассники”, “Фейсбук” сыяктуу социалдык тармактарда отурушат. Өздөрүнүн топторун ачып алышыптыр. Биринчи караганда булар билинбейт, кадыресе мусулмандар окшойт деп ойлойсуң. Алар эч качан мен вахабистмин же хизбутмун деп айтпайт. Куран жана шарият жөнүндө акырындан айта берет, негизинен жаштар менен иштешет экен.
Интернетти көп колдонуп иштегеним үчүн ошолорду байкап калдым.
Биздин Кыргызстанда баары бир эл аларга каршы тургандан коркот экен. Карапайым эл интернетте отурган экстремисттерге каршы сөз айталбайт экен. Экстремисттерге социалдык тармактарда бир каршы сөз айтсаң, алар каргап, тозок менен коркутуп, өлтүрүп кетебиз дешсе, тигилер унчуга албай эле качып кетишет. Айрым светтик түзүлүштү жактаган колдонуучулар кээде-кээде эле өз аты-жөнү жана сүрөтү менен чыкпаса, көбү жашыруун аттар менен аларга каршы сөз айтып жатканын көрдүм. Мен укук коргоо органдары эмнеге иштешпейт деп таң калам. Анткени экстремисттер ачык, эркин топторун түзүп алып, элди азгырып жатат.