Президент жана Жогорку Кеңеш депутаттары тарабынан сунушталып жаткан Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин талкуулоо үчүн 6-сентябрда өткөн жыйынга каалоочулардын баары чакырылган.
Бирок талкууга демилгеге каршылар гана келгендей болду.
Ош шаарындагы “Көмөктөшүү борборунун” жетекчиси Акылбек Ташбулатов:
- Бул жерде Баш мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр эмес, ошол демилгенин өзү мыйзамсыз. Анткени Конституцияны колдонууга киргизген мыйзамда “2020-жылдын 1-сентябрына чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө болбойт” деген норма так жазылып турат. Башкача айтканда, мыйзам өзү ошол убакытка чейин өзгөртүү киргизүүгө тыюу салган. Ал норма Конституциянын 114-беренесинда да так жазылып турат. Башка жактан алганда азыр Баш мыйзамды өзгөртүүгө муктаждык жок. Эгер кемчиликтери болсо аны эксперттер талкуулап, үч-төрт жыл карап, 2020-жылдан кийин гана референдумга алып чыгуу керек.
“Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева бийликти мурдагы президенттердин катасын кайталабоого чакырды:
- Конcтитуцияны өзгөртүү эмне үчүн президенттик шайлоонун алдына туш келип жатат? Бул азыркы бийлик өз таасирин дагы узартууну каалап жатат дегенди түшүндүрөт. Эмне үчүн биз ар бир президентти шайлоонун алдында эле Баш мыйзамды өзгөртө беришибиз керек? Мурдагы эки төңкөрүш так ушундай демилгеден улам тутанганын унутуп калдыкпы? Мунун арты жакшылыкка алып келбейт. Бир баскан “ылайды” кайра-кайра баса бербейли.
Юрист жана ишкер Вахабжан Иминов соңку аракети үчүн бийликти сотко берүүгө үндөдү:
- Эгер биз мыйзамдын аткарылышын талап кылгыбыз келсе, Баш мыйзамга өзгөртүүнү демилгелеп жаткан жогорку жактагы кишилерди ачык сотко беришибиз керек. Анткени алар "Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт" деген мыйзамды ачыктан ачык эле бузуп жатышат.
Калаадагы “Ош Нуру” мейманканасына чогулган элүүдөн ашык адамдардын арасында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, юристтер, ишкерлер, студенттер жана катардагы эле шаардыктар да отурушту. Ишкер Чыңгыз Качыкеев кабатырлыгын төмөнкүчө билдирди:
- Эгер биз азыркы Конситуцияны бузуу аркылуу аны өзгөртөбүз десек, Баш мыйзамдын өзүнүн иммунитетине зыян келтиребиз. Башкача айтканда кооптуу прецедент жаратабыз. Кийинки бийликке келген кишилер деле “бул болбой калыптыр, тиги жерин оңдош керек, муну оңдош керек” деп референдум өткөрүү идеясын көтөрө берет. Мени ушул нерсе аябай кооптондурат.
Буга чейин Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Баш мыйзам боюнча эки аптага узартылган коомдук талкуудан соң маселе парламенттин кароосуна коюларын кабарлаган эле:
- Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен биздин мамлекеттин эгемендигин, өз суверенитетин жогорулата турган, ар кандай эл аралык чечимдерден көз карандысыз болгондой Конституцияны кабыл алышыбыз керек. Ошондуктан, сунушталып жаткан Баш мыйзам боюнча референду сөзсүз өткөрүү керек, - деген ал "Азаттыкка".
Жыйын соңунда Оштогу жарандык коомдун өкүлдөрү Баш мыйзамды өзгөртпөө талаптары камтылган резолюция кабыл алып, аны коомчулукка жана бийликтерге жолдоду. Алар ошондой эле акыйкатчыга жана Конституциялык сотко да кайрылмакчы болду.
Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси жарыялангандан кийин Бишкекте да жарандык коом жана саясатчылар бийлик менен чогуу маселени талкууга алган. Бирок кийинчерээк президент бул демилгеге каршы чыккандарды "маңкурттар" деп атаган.