Азаттык: - АКШнын Борбор Азия мамлекеттерине саясаты кандай? Бул саясат канча мезгилге эсептелинген, кандай максаттарды көздөйт?
Жорж Крол: - АКШнын Борбор азиялык беш өлкө менен саясаты узак мезгилге эсептелинген. Бул өлкөлөр СССРдин кыйрандысынан баш көтөрүп, өз алдынчалык алганда, АКШ алар менен дипломатиялык алака түзүп, аларга карата орток кызыкчылыктарга жана өз ара урматтоого негизделген саясат жүргүзүп келет. Биз алардын мамлекет катары көз карандысыздыгын жана өз алдынчалыгын тааныйбыз жана колдойбуз.
Азаттык: - Сиз азыр демократия же мыйзамдын үстөмдүгү деген сөздөрдү оозанган жоксуз. Демек алар АКШнын күнтартибинде жокпу?
Жорж Крол: - Жок, андай эмес. Менимче, бул өлкөлөрдүн өнүгүшү жана туруктуу өкмөткө ээ болушу, карапайым атуулдардын жана башкаруунун суроо-талаптары менен жоопкерчилиги үчүн мыйзамдын үстөмдүгү болушу зарыл. Ошондой эле өкмөттөр эл алдында жооп берген, адамдар өкмөткө таасир эте ала тургандай демократиялык система зарыл. Демократиялык институттарды өнүктүрүү тез эле бүтө коючу иш эмес.
Кошмо Штаттары өз баалуулуктарын же өзүнүн институттарын бул өлкөлөргө таңуулагысы келбейт. АКШ, президент Обама администрациясы тескерисинче бул өлкөлөр, бул коомдор менен конструктивдүү диалог түзүп, алар кабыл ала турган, туруктуу жана өнүккөн мамлекет куруу үчүн зарыл деп эсептеген демократиялык институттарды жана демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүп, өздөштүрүүгө кызыкдар.
Азаттык: - Кошмо Штаттарынын көз карашында, Европа Биримдигинин жакында Өзбекстанга каршы акыркы санкцияларын алып салгандыгы туура болдубу?
Жорж Крол: - Мында кеп «Өзбекстан менен кандай мамиле конструктивдүү болушу мүмкүн?» деген маселеде. АКШ же Европа биримдиги бир да бир маселеде өзбек бийликтери менен иштеше албайт эмес.
Бирок АКШнын позициясынан алганда, бийликтер менен адам укуктары, мыйзамдын үстөмдүгү өңдөңгөн маселелерде бул бийликтер менен иштиктүү мамиле түзүү аталган татаал маселе боюнча конструктивдүү иштешүүгө мүмкүндүк берет.
Мен жаңы эле Өзбекстанга барып келдим. Бул өлкөдө айрым жылыштар бар. Адам соодасы менен күрөштө курмандыктары, аялдар жана эркектер үчүн атайын борборлор ачылыптыр. Бул өтө прогрессивдүү кадам. Өзбек бийликтери бул маселеге өтө олуттуу мамиле кылып, тийиштүү каражат бөлүп жатат.
Азаттык: - Сиздин оюңузча, Казакстан келерки жылы Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмун жетектөөгө татыктуубу?
Жорж Крол: - Казакстандын ЭКК уюмун жетектешин Кошмо Штаттары башынан эле колдогон. Биз бул жетекчиликтин жемиштүү болооруна ишенебиз, ага көмөктөшүп да жатабыз. Бул үчүн Казакстан жалпы баалуулуктарды карманып, аларды ЭККУ үчүн маанилүү болгон коопсуздук, экономика, гумандуулук жана адам укуктары багытында өнүктүрөт деп ишенебиз.
Өзүңөр билгендей, Казакстан ЭККУну жетектөөгө 2007-жылы Мадридде жолдомо алган. Ошондо өлкө уюмдун жоболорун жана асыл-нарктарын сактоого милдеттенген. Бизде Казакстан менен бул төрагалык боюнча күчтүү диалог бар. Бул маселени мен мындан бир нече жума мурда Астанада болгондо да, өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Вашингтонго келгенде да талкулаганбыз.
Азаттык: - Тажикстан Орусиянын таасирин Иранга жакындашуу далалаты менен тең салмактоонун аракетинде болуп жаткандыгы байкалууда. Бул маселе АКШны тынчсыздандырабы?
Жорж Крол: -Тажикстан - суверендүү, өз алдынча мамлекет, ошондуктан өз аймагындагы башка мамлекеттер менен өзүнчө мамиле түзүүгө укуктуу. Бул мамилелер АКШнын же башка өлкөлөрдүн түпнегиз кызыкчылыктарына коркунуч келтирбесе, бул маселе АКШны тынчсыздантышы керек деп ойлобойм.