“Жарандардын куралсыз, тынч чогулушу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Коммунисттер партиясынын башчысы Искак Масалиев иштеп чыгып, аны парламент 13-июнда кабыл алган болчу. Президент бул мыйзамга азырынча кол кое элек. Ага жараша президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери мыйзамдын айланасында кандайдыр бир түшүндүрмө берүүнү ылайык көрүшкөн жери жок.
Мыйзамдын автору Искак Масалиев демократиялык өлкөдө нааразылык билдирип чыккан жарандардын эле эмес, акцияларды колдобогон жарандардын укуктарын да коргоо керек деп эсептейт. Ошондуктан, өзү иштеп чыккан мыйзамды депутат өлкөдө тынчтыкты сактоо максатын көздөгөн олуттуу мыйзам катары санайт. Мыйзамдын мурдагы редакциясынан айырмалуу жагы – жаңы редакцияда нааразылык акциясы бийлик тарабынан уруксат берилген шартта гана ишке ашат. Муну Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун демократиядан артка чегинүү деди:
- Анткени, бизде эң негизгиси – маалымдоочу мүнөз деген бар. Мисалы, пикет, мтиинг же тынч чогулуштуөткөрө турган болсок, айтып коюп эле өткөрө бермекпиз. Азыр андай эмес. Азыр жаңы закондо соттун чечими керек. Алдын ала берилген арыздын негизинде сот чечим кабыл алат. Обьектилердин жандарына өткөрбөо деген чектөөлөр да бар. Бул жерде көбүнчө уруксатка басым жасалган.
Бирок, Турсунбек Акун аталган мыйзамды салмактап көрөт деп президентке үмүт артып турат. “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилованын айтымында, кокус президент мыйзамга кол койсо, укук коргоочулар эл аралык уюмдарга кайрылууга аргасыз болушат:
-БУУга жолдойбуз. Инвестиция бербегиле дейбиз. Анткени, президент мырза өзү, министрлер мыйзамга, Конституцияга кол салды, мындай өкмөткө ишенич жок деп ишеничтен кетиребиз да. Экинчи жагына импичмент да жарыялаш керек, эгер ошондой мыйзамды колдосо.
Жарандардын тынч чогулуу укуктарына Бишкек шаар мэриясы өз токтому менен былтыр парламенттик кезексиз шайлоо алдында тыюу салып койгон болчу. Токтом бир катар жарандардын кармалып, жоопко тартылышын шарттады. Ошондон берки соттошуулардын бири 1-июлда Конституциялык сотто уланганы турат. Айрым талдоочулар Конституциялык Сот “Кылым шамы” укук борборунун арызынын негизинде карай турган бул отурумда шаар бийлигинин чечимин жокко чыгарып, ордуна андан күчтүүрөөк мыйзам келет деп болжошууда. Мыйзамдын ишке кириши Кыргызстанды авторитаризмге бир кадамга жакындатат деди “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып саясат таануучу Марат Казакбаев:
- 2004-жылкы өзгөртүү, толуктоолорду калтыра берсе болмок. Жаңы мыйзамдын деле кереги жок болчу. Ал жерде жумшак режимде жакшы эрежелер жазылган.
Марат Казакбаевдин көз карашында президент Курманбек Бакиевдин мыйзамга мамилеси ЕККУ төрагасы Александр Стуббдун Кыргызстанга сапарынан да көз каранды болушу мүмкүн. Александр Стубб шаршемби күнү Бишкекте Кыргызстандын ЕККУ алдындагы милдеттеринин аткарылышын талдаган жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө. ЕККУ төрагасы президент Курманбек Бакиевден тышкары Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев менен, саясий партиялардын лидерлери, укук коргоочулар менен да жолукканы жатат.