Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПОЗИЦИЯЛАРДАН ЧЕГИНҮҮДӨ


Эл аралык "Фридом хаус" уюму 2007-жылдагы иликтөөлөрүнүн негизинде Кыргызстанды жарым-жартылай эркиндикке ээ өлкөлөрдүн катарына кошту. Атүгүл айрым жагдайларда өлкө демократиялык багыттагы жеңиштерден артка чегингендигин белгиледи.

Эл аралык укук коргоочу бул уюм Кыргызстанга экинчи жыл катары менен жарым жартылай эркиндикке ээ өлкө деген баа койду. Фридом Хаустун акыркы иликтөөсү саясий жана жарандык эркиндиктердин айланасында болуп, бүткүл элдик референдумдун, парламенттик кезексиз шайлоонун айланасындагы окуяларга негизделген. Уюмдун отчетунда, андан мурдараак аталган саясий жараяндарга берген баасында да референдумдун дагы, парламенттик шайлоонун дагы тыянактары шек туудураарын белгилеген болчу. Бул жагынан уюмдун баасы Кыргызстандын өзүндөгү көз карандысыз байкоочулардын, жарандык уюмдардын жана оппозициялык күчтөрдүн тыянактарына үндөшүп турат. Алар ириде парламенттик шайлоо административдик ресурстар бир партиянын кызыкчылыгы үчүн ашкере пайдаланылгандыгын баса белгилешүүдө. Мындай бүтүмүн өздөрүн конструктивдүү оппозициянын катарында санаган Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясы кечээ жарыялады:

- Чынчыл, ачык-айкын өтпөгөнү белгилүү мурдагы шайлоодон бул шайлоо административдик ресурстарды алда канча масштабдуу пайдалангандыгы, жергиликтүү бардык административдик бийликтердин бир партиянын пайдасына иштегендиги менен айырмаланды, - деди маалымат жыйынында фракция башчысы Бакыт Бешимов.

Ал эми шайлоонун акыркы расмий жыйынтыгы чыгаар алдында мандатка ээ болбой калгандыгы ачыкталган оппозициялык «Ата мекен» партиясы өз шайлоочуларынын добуштарын бийликчил күчтөр каракчылык менен уурдап алды деп, шайлоону тааныбай тургандыгын жарыялашты. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова баштаган укук коргоочулар, жаштар «Мен ишенбейм!» акциясына чыгып, анын арты камоо, соттоо менен аяктады. Мындай чараларды бийлик шаардык кеңештин «Нааразылык акцияларын иретке келтирүү жөнүндөгү» 30-ноябрда кабыл алган токтомуна таянып көрүштү.

Ушул өңдүү маалыматтарга таянган журналист Бакыт Орунбеков Фридом хаус уюмунун берген баасында акыйкаттык бар экенин белгиледи:

- Позициясын катуу айтып, жүрөгүндөгүсүн айтып чыккандарга бийлик тарабынан кысым көрсөтүүлөр же башка тоскоолдуктар болуп жаткандыгынан улам ошондой жыйынтык чыкса керек да.

"Фридом Хаус" Кыргызстанды Батыштын ченеминен баалап жатат, иш жүзүндө постсоветтик өлкөлөрдүн катарындагы бул өлкөдөгү авторитардык башкарууну жоюуга болбойт дегендердин бири – саясат таануучу Карыбек Байбосунов:

- Бизди авторитаризмден эртең эле чыгарып жиберсе, биз анархияга айланабыз. Биз эртең эле охлократияга айланып, өзүнчө бөлүнүп калган чоочун арал сыяктуу болуп калабыз.

Президенттин карамагындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун көз карашында, эл аралык уюмдар келтирген кемчиликтер жок эмес, бирок, кандай болгон шартта да, парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө туруктуулук пайда болду:

- Произвол токтоду, хаос токтоду, тартип пайда болду, парламенттеби, башка жердеби. Баягыдай кен басып алуу, жер басып алуу, баягыдай пикет кылып, акүйдү басып алуу токтотулду. Бул да адамдын эрки да. Ошондуктан, буга эки жактуу караш керек.

Турсунбек Акун жергиликтүү кызматкерлер чечкен нааразылык акцияларына чектөөлөр, камоолор эл аралык уюмдар алдында президенттин аброюна көлөкө түшүргөн окуялардан болду дейт. Анткен менен, оппозициялык маанайдагы сасатчылар дагы, жергиликтүү жарандык лидерлер дагы одоно мыйзам бузуулар менен коштолгон референдум менен парламенттик чукул шайлоо бийликти бир кишинин колуна топтоп, авторитардык бийлик орнотуу максатында жасалды деп жатышат. Алардын бири шаардык кеңештин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова:

- Божомол бере албайм. Бирок, кандайдыр бир реакция болоруна ишенбейм. Себеби, бир кишинин бийлии болбодубу. Каалаганын жасайт.

«Фридом хаустун» жылдык отчету, андан мурда таратылган эл аралык уюмдардын бааларына жана сунуштарына расмий жооп кайтарыла элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG