Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Д. САДЫРБАЕВ АКСЫ КАРГАШАСЫ ҮЧҮН БАКИЕВДИ ДА АЙЫПТАДЫ


Депутат Дооронбек Садырбаев бүгүн Жогорку Кеңеште Аксы окуясы боюнча иликтөө жүргүзгөн парламенттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча эки сааттык баяндама менен чыгып сүйлөдү. «Аксы каргашасы адамзатка каршы эң маскаралык менен жасалган кылмыш»,- деп белгиледи депутат сөзүнүн башында. Депутат Д. Садырбаев баяндамасын парламенттик комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде Аксыда тынч келаткан элге ок атуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо жана 41 адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Башкы прокуратурага сунуш кылуу менен аяктады.

Депутат жоопко тартууну талап кылып жаткан жетекчилердин арасында президент администрациясынын мурдагы жетекчиси А. Карыпкуловдун, мурдакы мамлекеттик катчы О.Ибраимовдун, мурдагы башкы прокурор Ч.Абышкаевдин, мурдагы ички иштер министри Т. Акматалиевдин, мурдагы премьер-министр Н. Танаевдин, мурдагы биринчи вице-премьер К. Осмоновдун, Жалалабад облустук жана Аксы райондук прокуратура жана күч органдарынын мурдагы жетекчилеринин, ошондой эле элдин каны төгүлгөн кылмыштын идеологиясын жүргүзгөндүгү үчүн «Кыргыз туусу» гезитинин мурдагы баш редактору А.Матисаковдун, Улуттук телерадиокорпорациянын мурдагы президенти Б. Мамбетакуновдун, «Эркин-тоо» гезитинин мурдагы баш редактору Э.Калдаровдун, алардан сырткары катардагы беш журналисттин аты аталды. Д.Садырбаев ошондой эле жарандардын тынчтык жүрүштөрдү уюштурууга болгон укугун камсыз кылбагандыгы үчүн президент К. Бакиевди, экс-президент А.Акаевди жана Жогорку Соттун төрагасы К. Осмоновду (ушул тапта Жогорку Соттун төрагасы кызматын аркалаган Курманбек Осмонов мырза болсо Аксы окуясы маалында парламент депутаты болгонун, өкмөткө вице-премьердик кызматка 2002-жылы май айынын этегинде дайындалганын белгилеп келет) кол тийбестик укугунан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунушту көтөрүп, бул маселени депутаттар добушка салып чечишин суранды.

Ал депутаттарды жана кыргыз бийлик башчыларын Аксы окуясы боюнча эл аралык трибуналдын абийир сотун өткөрүүгө чакырды.

Жогорку Кеңеш депутаттары Д. Садырбаевдин баяндамасынан кийин Аксы окуясы боюнча даректүү тасманы көрүштү. Аксы каргашасы боюнча парламенттик комиссиянын иликтөөсү боюнча талкуу Жогорку Кеңеште келаткан дүйшөмбүдө болот. (KCh)

XS
SM
MD
LG