Маселен, адам укугун коргоо уюмунун Маскөөдөгү бүйрөсүнүн маалымдоосу боюнча, кийинки эки жыл ичинде Орусияда такырбаштар же улутчул жаштар эсеби 70 миңге жеткен. Алардын 2007-жылдын эле төрт айынын ичинде өңү бурууларга 80ден ашуун жолу кол салуусу катталган. Андан 25 киши көз жумуп, 80дей киши жарадар болгон.
Адам укугун коргоо уюмунун Маскөөдөгү бүйрөсүнүн жетекчиси Александр Брод айтканга караганда, андай жаштарга бийликтин кайдыгер мамилеси аларды ого бетер эсиртип атат. Ага кошумча «коом өзү өңү бурууларды жек көрүүнүн сазына баткандыктан улутчул жаштар кылмыштуу жоругун тымызын түрдө колдоого алган кез. А такырбаштар болсо өздөрүнүн талабы менен мүдөөсү коомга жагып атканын түшүнгөндө ого бетер күчтөнүшүүдө. Азыр улутчулдар катарда жок дегенге ишенбөө керек, алар кайра Орусиянын саясий турмушуна олуттуу таасир этүү алдында турат»,- дейт.
Ашынган улутчулдар ушул бойдон өнүгүшү өлкөгө кыйла бүлүк саларын анализчи Марк Урнов айтат:
«Эгерде бул чакырыктар дагы да эл арасынан колдоо тапса анда өлкөнүн өлүмү, таркай башташы дегендик»
Кеткен жылдын этегинде «РИА-«Новости» агенттигинин кабарчысы Наталья Горбунованын: «эмне себептен өлкөдө неофашисттер пайда болгонун моюнга алуудан качабыз?» - деген суроосуна орусиялык лидер Владимир Путин:
- Эгерде неонацизм көрүнүшү пайда болсо анда алар жасай турган кылмышты жазалай ала турган биздин Кылмыш кодексте чара бар,- деген.
The New York Times жазганга караганда, кийин өздөрүн «Орустар улуттук-социалисттик партия» жаатынанбыз дегендер, кишилерди курман чалуу каадасын токойдун ичинде фашисттик кең байрактын алдында өткөрүшкөн. Ал партия кийин интернет аркалуу орусиялык бийликке: «бардык кавказдыктар менен азиялыктарды Орусия жеринен сүрүп чыгаруу, кавказдык жумурияттарга төлүй эгемендүүлүк берүү, президент Владимир Путиндин кызматтан кетип, бийликти «Улуттук-социалдык коомунун» лидери Дмитрий Румянцовго берүү» талаптарын койгон деп жазат.