Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

ИРАК БОЮНЧА БАТЫШ САЯСАТЫ ӨЗГӨРҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы согуш Вашингтон каалаган жыйынтыкка алып келбей жатканы менен байланыштуу Батыш жетекчилери өз саясатын өзгөртүүгө даярданууда. 7-ноябрда АКШда өткөн парламенттик шайлоодо Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүк оппозицияга өткөндөн кийин президент Жорж Буш ал тууралуу ачык айтты. 13-ноябрда болсо Британия премьер-министри Тони Блэр дагы орчундуу өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылды.

АКШ Конгресси мурда Ирак маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн жана президент Жорж Буш - Ирактагы америкалык саясат ошол комиссиянын сунуштарына ылайык өзгөртүлөт деп жарыялаган. Мурдагы мамлекеттик катчы Жеймс Бейкер менен конгрессмен Ли Гамилтон жетектеген жана он адамдан турган ал комиссия өз отчетун декабрда жарыялаш керек, бирок алдын ала чыгарылган жыйынтыктар боюнча алар 13-ноябрда президент Буш менен жабык жыйынга чогулду, ал эми 14-ноябрда британ премьер-министри Тони Блэр менен видео-конференция өткөрүлдү.

Америкалык маалымат каражаттарына чыккан кабарларга караганда, комиссия - Ирактагы америкалык аскерлерди акырындап өлкөдөн чыгарууну жана абалды калыпка келтирүү үчүн кошуна Сирия жана Иран менен сүйлөшүү жүргүзүп, аларды өз тарапка тартууну сунуш кылып жатат.

Комиссия менен жолуккандан кийин Буш - Тегеран менен диалог өткөрүүгө ал даяр экенин билдирди: "Эгер ирандыктар биз менен сүйлөшүүнү кааласа, биз аларга алдыга жол жана уран байытуу иштерин кантип пайдалуу түрдө токтотуш керек экенин көрсөтөбүз", - деди Буш.

Ошол эле 13-ноябрда Блэр Лондон шаарында чыгып сүйлөп, Ирактагы абалды калыбына келтирүү үчүн эң биринчи кезекте жалпы региондун маселелерин чечиш керек деп билдирди: "Ирак маселесинин негизги ачкычы Ирактын өзүндө эмес, сыртта жатат жана абалды калыбына келтирүү үчүн жалпы региондогу жагдай каралыш керек. Региондо болсо - ошол эле Иракта аракеттенген күчтөр аракеттенүүдө жана биз экстремизм өркүндөгөн, көчөдөгү элдин башын айланткан калп пропаганда кеңири жайылган региондогу терроризмдин тамырын табыш керекпиз. Жалпы Жакынкы Чыгыш стратегиясы деп мен ушуну атайм", - деди Блэр.

Анын айтымында дагы, Ирак маселесин чечүү үчүн кошуна Иран менен сүйлөшүү жүргүзүш керек, бирок Тегеран өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууга тийиш: "Биз Иранга стратегиялык ачык сунуш кылабыз - алар Ливан менен Ирактагы террорчулукту колдогонду токтотот жана жалпы Жакынкы Чыгыштагы абалды калыпка келтирүүгө көмөктөшөт, алар өз милдеттенмелеринен качпай, аларды аткарат жана ошондо гана алар менен кызматташуу болот, антпегенде иштин түбү начар аяктайт жана Иран обочодо калат", - деди Блэр.

Анын пикиринде, жалпы Жакынкы Чыгыштагы абалды оңдоо үчүн Сирия менен дагы диалог түзүш керек, бирок алгач Палестина менен Израил ортосундагы маселе чечилүүгө тийиш. Жакынкы Чыгыш маселесин Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт менен 13-ноябрда Вашингтондо жолукканда президент Буш дагы талкуулады. Британиянын "Дейли телеграф" гезити жазганга караганда болсо, октябрдын аягында Дамаск шаарына Блэрдин кеңешчиси Найжел Шөнвалд жашыруун барып, Сирия президенти Башар Асад менен сүйлөшүп келген.

XS
SM
MD
LG