Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:40

ПАРЛАМЕНТТИК КОМИССИЯ: МАҢЗАТ ЧАТАГЫ – УКК УЮШТУРГАН ПРОВОКАЦИЯ


Бүгүн Жогорку Кеңеш депутат Өмүрбек Текебаевдин Польшада маңзат менен кармалышын иликтеген парламенттик комиссиянын корутундусун кабыл алды. Комиссия тыянагында бул иш УКК тарабынан оппозиция лидерине атайын жасалган провокация экени айтылат. Бирок депутаттар бул маселе боюнча токтом долбооруна добуш берүүгө келгенде бир топ талашып-тартышып, акыры чечим кабыл алууну эртеңкиге калтырышты.

Алгач депутаттык комиссиянын мүчөсү Болот Шерниязов комиссиянын иликтөөлөрү боюнча маалымат берип, комиссия тыянагын жарыялады. Анда Варшава аэропортунда Өмүрбек Текебаевдин маңзат менен кармалышы УКК тарабынан уюштурулган провокация экени, бул окуя Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирип, эл аралык коомчулуктун алдында өлкө беделин түшүргөнү, чогулган материалдардын жана УККнын мурдагы төрагасы Б. Таабалдиевдин айткандарынын негизинде комиссия «Манас» аэропортунда жасалган бул ишке УКК кызматкерлеринин тиешеси бар деп эсептээри жазылган.

Суроо-жооп учурунда Болот Шерниязов ошол операция учурунда УКК төрагасынын биринчи орун басарынын (Жаныш Бакиевдин) кабылдамасынан «Манас» аэропортунун вице-президентине бир канча жолу телефон чалынганын, көп нерсени аныктоого комиссиянын мүмкүнчүлүгү жетпегенин белгиледи:

- Көп нерселерди аныктаганга биздин мүмкүнчүлүгүбүз жетпеди. Алар тергөө иштеринде такталып, аныкталат деген ойдобуз.

Комиссия кортунудусу кабыл алынган сон депутаттар маңзат чатагына байланыштуу өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча токтом долбооруна добуш бериши керек эле. 11 пункттан турган бул долбоордо Бакиев-Кулов тандеминин конституцияга каршы экенин белгилөө, Жаныш Бакиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоо, тиешелүү жетекчилерди кызматтан кетирүү сыяктуу сунуштар камтылган. Депутаттар буга дейре долбоордун ар бир пунктуна өз-өзүнчө жашыруун добуш берүүнү чечишкен. Бирок добуш берүүгө келгенде талаш-тартыш күчөп, депутат К. Ташиев токтом долбоорун добушка койуунун зарылдыгы жоктугун айтып чыкты:

- Комиссия тыянагын кабыл алган соң токтомдун эмне кереги бар. Токтомдо бир топ карама-каршылыктар бар. Комиссия тыянагында баары так, даана көрсөтүлүптүр.

Мындай сунушка депутаттардын бир тобу каршы чыгышып, талаш дагы күчөдү. Депутат Өмүрбек Текебаев болсо мындай сунуштарга жооп кылып, бул маселе азыр эле чыга калбаганына, кырдаалдан чыгуунун жолдору сунушталып жатканына токтолду:

- Бул мага байланышкан окуядан эле чыга калган жок. Зордук-зомбулук, бирөөнүн байлыгын тартып алмай, иш ачмай жана башка нерселердин баары жыйналып келип ушуга алып келди. Оппозицияга каршы, башка пикирдегилерге каршы мыйзамсыз иштер болуп келди. Биз азыр бирөөлөрдү жазалаш эмес, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун сунуштап жатабыз.

Депутаттардын талаш-тартышын төрага Марат Султанов араң баскан соң добуш берүүчү бюллетендин формасын аныктай албай депутаттар дагы бир топ убакыт коротушту. Акыры жыйындын иш убактысы бүтүп калганына байланыштуу төрага маселени эртенкиге калтырууга аргасыз болду.

Маселенин минтип улам артка жылдырылышын депутат Мелис Эшимканов айрым топтордун атайын аракети катары баалайт:

- Көшөгө артындагы оюндардан улам төрага баш болуп токтомду кабыл алдырбаганга аракет жасады. Кыязы, токтом долбоорундагы биз сунуштаган 11 пункттун дээрлик 70 пайызы өтпөчүдөй. Мындан башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Парламент дагы бир жолу чыныгы жүзүн көрсөттү. Менимче, бул маселеге эң туура, адилет бааны эл, мезгил берет.

Ошентип парламент улам-улам артка жылдырылып келаткан бул маселеге эртең кайра кайрыла турган болду.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG