Парламенттик комиссиянын мүчөсү Мелис Эшимканов жыйын бүтөрү менен «Азаттыкка» курган маегинде комиссиянын чечимине ылайык, ЖК төрага орун басары Тайырбек Сарпашев менен УКК төрагасы президент Курманбек Бакиев менен жолугушууга барганын айтты. Кечки саат сегиздерде алар перзидентке кирип, жарым сааттай созулган бул жолугушууда президент буга аябай таң калып, эч нерсеге түшүнбөгөнүн, эгер бул чындык болсо баары мыйзам алдында жооп берээрин, далилденсе дароо чара колдоноорун билдирген.
- Алар президент менен жолугушуп жатканда биз маанилүү күбөлөрдү суракка алдык. Эң негизги күбө - ошол күнкү депутаттык залдагы нөөмөт башчы Илхам Давузов баарын мойнуна алып, Текебаевдин жүгүн Мамыровко 15 мүнөттөй берип койгонун, эч кимге ооз ачпа деген буйрук алганын, бирок эмне операция экенин түшүнбөгөнүн айтып берди, дейт депутат Мелис Эшимканов.
Надыр Мамыров буга дейре комиссияга берген түшүнүгүндө эч нерсе билбестигин айткан. Ошондуктан комиссия мүчөлөрү анын түшүнүк катты өз колу менен жазган-жазбаганын аныктоо максатында юстиция министрлигиндеги тиешелүү адистерге кайрылышты. Алар эки саатта экспертизанын жыйынтыгын чыгарып, Мамыровдун мурда Жогорку Кеңешке жазган түшүндүрмөсү менен азыр президентке жазган каты бирдей кол жазма менен жазылганын далилдешкен.
Депутат Мелис Эшимкановдун айтымында, УКК төрагасы Бусурманкул Таабалдиев мындай буйрук болгонунан эч кандай кабары жоктугун, ушундай окуядан соң кызматынан өз ыктыяры менен кетүү тууралуу арыз жазаарын билдирген.
Комиссия караган бүгүнкү маселе, Өмүрбек Текебаевдин баңгизат менен кармалышына байланыштуу жаңы жагдайлар парламенттин эртеңки жыйынында каралышы күтүлүүдө.