Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин кошуна Кытай өлкөсүндөгү расмий сапары Мамлекеттик кеңештин премьери Вэнь Цзябао менен жолугушуудан башталды. Андан соң Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао менен жолугушуп, тараптар ар кыл тармактагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Жолугушууларда тараптар эки ортодогу кошуналык алака-катышты, кызматташтык мамилелерди улантууга жана чыңдоого кызыкдарлыгын билдиришти.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нуржигит Кадырбековдун айтымында, Кыргызстандын тышкы саясатында Кытай өзгөчө орунду ээлейт. Ага эки өлкөнүн кошуналаш жайгашканы, экономикалык дарамети, бул өлкөнүн таасири аймакта эле эмес бүт дүйнөдө өтө тездик менен өсүп жатышы негизги себеп. 2001-жылдан тартып эки өлкө ортосундагы өз ара товар жүгүртүүсү 119 млн.дон 972 млн. долларга жеткен. Ошентип Кытай Кыргызстан менен товар жүгүрткөн төртүнчү орундагы өнөктөшкө айланган.
Кытай ошондой эле Кыргызстанга бир топ экономикалык көмөк көрсөтүп, бир катар долбоорлордун ишке ашуусуна жардам берген.
Экономикасы дүркүрөп өсүп-өнүгүп жаткан кошуна Кытайга жасаган кыргыз президентинин расмий сапарын, эки тараптуу кызматташууну чындоо аракеттерин кыргыз коомчулугу негизинен колдоп кубатташууда. ЖК депутаты Каныбек Иманалиев эки өлкөнүн кызматташтыгы барган сайын өр алып баратканын айтат: «90-жылдары Кытай Кыргызстандын тышкы соода көлөмүндө 2 пайызды түзсө азыр дээрлик ар бир бешинчи кыргыз сому Кытай менен байланышкан. Биз Кытай менен өзгөчө соода-экономика саясатында приоритеттерди бекемдешибиз зарыл, бирок ошол эле учурда биздин ички бекем миграциялык саясатыбыз болуш керек. Алардын саясий, миграциялык таасири биздин өлкөгө кесепетин тийгизбеши шарт. Бул үчүн өтө этият, өтө кылдат саясат болушу керек. Дагы бир кооптуу маселе, бул Кытайдагы сепаратизм. Биз ага эл аралык келишимдердин негизинде бекем каршы турушубуз керек»- дейт депутат.
Кыргызстан эгемендик жылдарында кошуна өлкөлөрдөн азырынча бир гана Кытай менен болгон чек арасын гана тактоого жетишкен. Депутат Каныбек Иманалиев канчалык чуу болбосун, муну Кыргызстандын тышкы саясатындагы ийгилик катары баалайт. Бирок кыргыз-кытай чек арасына байланышкан маселе, өзгөчө Үзөнгүкууш маселеси учурунда коомчулукта кандай чуу болгону белгилүү.
Жергиликтүү саясатчылардын, талдоочулардын дагы бир тобу кичинекей Кыргызстан кылкылдаган калкы бар кошуна ири өлкөдөн көп нерсени үйрөнүүгө, бир топ пайдалуу жактарын алууга тийиштигин, бирок эки ортодогу кызматташтыкта кыргыз тарап өз кызыкчылыктарын эске алууну унутпашы зарылдыгын айтышууда.