Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Расмий тараптар азырынча бул сүйлөшүү туурасында эч кандай маалымат бере албастыгын айтышууда. Президент Курманбек Бакиев буга дейре АКШ жаңы келишим боюнча 1-июнга чейин бир чечим кабыл албаса, кыргыз тарап мурдагы келишимди бир жактуу токтотуу жагын карап көрөөрүн билдирген.
Бүгүн Бишкекте Кыргызстан-АКШ делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды. Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөр аралык делегациялары мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, «Манас» аба майданындагы АКШнын аскер базасынын мындан ары жайгашуусу боюнча жаңы келишимдин долбоорун талкуулашууда.