Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕГАРАСЫНДАГЫ КАГЫЛЫШУУДАН ЭКИ АДАМ ОККО УЧТУ


12-майга караган түнү Баткен районуна чектеш жердеги Тажикстандын чегара бекеттеринин бирине белгисиз бирөөлөр кол салып, куралдуу топ андан ары Кыргызстандын аймагына кире качкан. Алар айланма чегара, бажы бекеттерине кирбей өтүүчү айланма жол аркылуу Кадамжай районундагы Актурпак чегара бекетине дейре келген. Бул жерде да куралдуу кагылышуу болуп, кыргыз тараптан жоготуулар болгону айтылууда.

Белгисиз куралчан топ Кадамжай шаарчасына дейре жетип, курчоого кабылган. Алар автонуаасын таштап, тоо тарапка качканга үлгүрүшкөн.

Кыргызстандын Чегара кызматынын маалыматына караганда, чегарачыларга кол салгандардын колунда он тогуз автомат, бир Калашников пулемету бар болгон. Алар Кадамжайга таштап кеткен «Мерседес» автоунаасынан 17 автомат, бир пулемет табылган. Булар болжол менен алты адам. Алар из жашыруу үчүн тоо тарапка качышкан. Азыркы учурда Кыргызстандын ички иштер органдары куралчан топту курчап колго түшүрүү аракетин көрүүдө.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG