"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Казакстанда быйыл жыл башынан бери менингококк инфекциясы менен 58 адам ооруп, алардын 12си кайтыш болду.
Ооганстанда “Талибан” кыймылына караштуу абактардан жүздөн ашуун киши бошотулду. Коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы өлкө түштүгүндөгү Гилменд провинциясында 31-майда өттү.
Алматы шаарынын Медеу райондук соту 28-майда шаардык прокуратуранын Ratel.kz сайтынын үстүнөн жазган арызын канааттандырды. Сот чечимине ылайык, Ratel.kz сайты толук жабылып, бул аталышты колдонууга бир жылга тыюу салынды. Байкоочулар сот өкүмүн маалымат каражаттарына каршы куугунтук катары баалап жатышат.
Түндүк Корея Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүгө дилгирлигин билдирүүдө. Евробиримдик аймагында адамдын жеке маалыматтарын коргоону караган жаңы мыйзам күчүнө кирди. Канаданын Онтарио провинциясындагы ресторанда 24-майдын кечиндеги жардыруудан он беш киши жараат алды.
Британияда ууландырылган орус чалгынчысы Сергей Скрипалдын кызы Юлия атасы экөөнө жасалган кол салуу - алардын жашоосун өзгөрткөнүн айтты. Түркиянын улуттук акчасы - лира дагы беш пайызга наркын жоготту. Казакстанда дин жөнүндө жаңыланган мыйзамды Мажилис экинчи окууда жактырды.
АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин июнга белгиленген саммити болбой калышы мүмкүн. Президент Дональд Трамп жолугушуу болорунан күмөн санап турганын билдирди. "Хюман Райтс Вотч" уюму дүйнө лидерлерин Орусияда өтчү Дүйнөлүк Футбол чемпионатынын ачылыш аземин бойкоттоого үндөдү. Орозо айында Ооганс
Ооганстандын түштүгүндө 22-майда болгон чабуулдарда 31 кишинин өмүрү кыйылды. Кандагар шаарындагы жардыруу 16 кишинин өмүрүн алса, Газни провинциясындагы кол салуулардан ондон ашуун адам мерт кеткен. Бир күн мурда “Талибан” кыймылы жазгы чабуулдардын алкагында баш калаа Кабулда да кол салууларды күчөтөрүн белгилеген.
Казакстандын Астана жана Чымкент шаарларында полиция митинг уюштурууга аракет кылган бир нече адамды кармады.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Иранга каршы буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкцияларды киргизерин билдирди. Бул тууралуу ал 21-майда Вашингтондо Иран боюнча АКШнын жаңы стратегиясын жарыялап жатып айтты. Ирандын президенти Хасан Роухани Вашингтон бүтүндөй дүйнөнүн атынан сүйлөй албасын билдирди.
Малайзияда оппозициячыл саясатчы Анвар Ибрагим мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. 70 жаштагы саясатчы кумсалыкка айтыпалып, 15 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. 9-майда болгон шайлоодо жеңишке жеткен Махатхир Мухамед шайлоо өнөктүгү маалында Анварга Падышанын ырайымын алып берүүнү убада кылган.
“Хьюман Райтс Вотч” уюму Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатын утурлай адам укуктарынын абалына сереп салган баяндамасын жарыялады. Анда дүйнөлүк мелдештин алдында Орусияда адам укуктарынын абалы начарлап кеткени айтылат.
Тажикстандын президенти орозо айын утурлай элге багытталган кайрылуусунда колунда бар адамдарды жолдорду, тигүү цехтерин, китепканаларды жана мончолорду курууга акча берүүгө үндөдү.
Дүйшөмбүдө Иерусалимде Кошмо Штаттардын элчилиги расмий ачылды. Ачылыш аземин утурлай Газа тилкесиндеги кагылышуудан кеминде 51 палестиналык жаран мерт болгону кабарланды. Израил армиясынын огунан жараат алгандардын саны миңден ашканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдашты.
Малайзияда 92 жаштагы Махатхир Мохамад 15 жылдан кийин премьер-министр болуп дайындалды.
Ирандын президенти Хасан Роухани Кошмо Штаттар өзөктүк келишимден чыкса өкүнүп калаарын жана алар АКШ президенти Дональд Трамп кандай гана чечим кабыл албасын жооп кайтарууга даяр экенин ишара кылды.
Йель университетинин профессору Лори Сантос адамдын бакыт формуласын тапканын жарыялады.
Орозбек Бакытов Италиядагы опера ырчыларынын арасында өткөрүлгөн сынакта атайын сыйлыкка татыды.
Түштүк Кореяда иштеп жүргөн Төлөгөн Мураталиев былтыр квадроцикл минип кырсыктап, оор жараат алган.
Иракта "ИМ" тобуна тиешеси бар экени айтылган кыргызстандык аялдар өлүм жазасына кесилгени кабарланууда.
Эл аралык уюмдун химиялык курал боюнча эксперттери Дума шаарчасына эртең гана бара алат.
Дагы жүктөңүз