Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

"Италияда опера солисти болуш кыйын"


Орозбек Бакытов.
Орозбек Бакытов.

Орозбек Бакытов Италиядагы Рим опера академиясын быйыл аяктайт. Ал жакында эле опера ырчыларынын арасында өткөрүлгөн эл аралык сынакта финалга өтүп, атайын сыйлыкка татыды.

Италиянын Козенца шаарында өткөн эл аралык сынакты "Orfeo Stillo" деген чыгармачыл бирикме уюштурган. Ага Европа мамлекеттеринен, Орусия, Жапония, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөн жалпысынан алтымыштай талант катышкан. Алардын сегизи финалга өткөн. Арасында мекендешибиз Орозбек Бакытов да бар.

- Бул бир четинен сынак, экинчи жагынан кароо болду десем жаңылышпайм. Анткени калыстар тобунун мүчөлөрү өзү көзү түшкөн катышуучуну театрында тажрыйба топтоого, ар кандай такшалмаларга катышууга чакырып жатышты. Айрымдарга жумуш да сунуш кылышты. Финалга чыккандардын баары, менден башкасынын баары эле италиялыктар болду. Ошолордун арасынан сыйлыкка илиниш оңой болгон жок. Анткени эми алар бири-бирине колдоо көрсөтөт. Мен бул сынакта Рим опера театрынын атайын сыйлыгына татыдым. Алар мага "театрга келип убактылуу иштеп кет, спектаклдерге катыштырууга аракет кылалы" деген сунушун айтышты.

Орозбек Бакытов мугалими Сильвано Карроли жана кесиптешери менен.
Орозбек Бакытов мугалими Сильвано Карроли жана кесиптешери менен.

Орозбек Бакытов быйыл Римдеги опера академиясын аяктап жатат. Ал бул жакка 2015-жылы тапшырып, өтүп кеткен. Алгач итальян тилин билбей келгендиктен кыйналганын айтат.

- Өзүм эле Интернет аркылуу Рим опера академиясынын расмий сайтына кирип, шарттары менен таанышып, кат жазгам. Ага өзүмдүн үнүм, өң-келбетим чагылдырылган аудио, видеофайлдарды кошо тиркедим. Алар мени окууга тапшырыш үчүн сынакка чакырышты. Ошентип, документтеримди ырастап алып, 2015-жылы бул жакка келдим. Албетте, өтүү оңой болгон жок. Анткени Кыргызстандан келгенде тил билчү эмес элем. Буга чейин Кыргызстанда Консерваторияда жана Опера театрында солист болуп эки жыл иштегем. Анын үстүнө италиялыктар "эки кулак эмес, төрт кулак менен" угушат. Европада ырдоо Кыргызстандагыга караганда мен үчүн кыйынраак сезилет. Себеби бул жакта сыноо абдан катаал. Талаптары күчтүү, өз принциптери, эрежелери бар. Ошолордун баарына дал келишиң керек. Бул жакка тапшырганда Италиянын белгилүү опера ырчысы Ренато Брузон деген келген болчу. Ошол киши угуп "ким жарайт, ким жарабайт" деп ачык эле айтып жатты. Кудай буйруп, мен өтүп кеттим.

Орозбек Бакытов Лепореттонун ариясын аткарып жатат.
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:26 0:00

Ушул үч жыл ичинде ал бир нече операларда ырдап, концерттерге катышканга үлгүрдү. Атай кетсек, Вольфганг Амадей Моцарттын “Фигаронун үйлөнүү тою” операсында Фигаронун, Жорж Бизенин “Кармен” операсында Эскамильонун, Жакомо Пуччининин “Тоскасында” да рольдордун бирин аткарган.

- Академиянын ичинде биз жөн гана окуйбуз, спектаклди даярдайбыз. Бирок спектакль чыныгы театрларда көрүүчүгө тартууланат. Биз Римден башка шаарларга көп чыгабыз. Маселен, "Тосканы" Флоренция шаарында койдук. "Фигаронун үйлөнүү тою" Римде болду. "Кармен" Нарни деген шаардагы театрда тартууланды. Кыялымда, агайымдын артынан "Тоскадагы" Скарбиянын ролу жагат. Мага бул роль дал келет деп ойлойм.

Орозбек Бакытов "Табият" деген ырды аткарып жатат:

Орозбек Бакытов Кыргызстанда алгач Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган. Анан консерваторияга тапшырган. Ошол жакта билим алып жатып эле Дипломатиялык академияны сыртынан аяктаган. Билим алууга он жылдай убактысын сарптаган. Кыргыз Улуттук консерваториянын үчүнчү курсунда окуп жатканда Опера жана балет театрына чакыруу алып, ал жакта студент кезинен тарта Италияга кеткиче иштеген.

Орозбек Кыргызстанда таланттуулар көп болгону менен, алардын талантын ача турган атайын ыкмалар, техника жетишпесин белгилейт.

- Италиялыктарда кудай берген талант бар, бирок кыргыздарга салыштырмалуу аз пайызда деп ойлойм. Үндөрү деле биздикине жетпейт. Бирок буларда техника күчтүү. Вокалдык техника абдан күчтүү болгондуктан араң чыккан үндү эле күчтүү, кеңири диапазондогу үнгө айлантып коюшат. Бизде ошол техника жетишпейт. Кыргызстанга италиялык чеберлерди алып барсак, ушундай мугалимдер Кыргызстанда сабак беришсе, бизде канчалаган Паваротти, Доминголор чыкмак. Кудай бизге башыбыздан сылап эле, талант десе талантты, табият десе табиятты берген. Кыргыз операсын өнүктүрүү максатында биз ушул жерге келип окуп жатабыз. Кудай буюрса барып өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, болгон салымыбызды кошобуз деген ойдомун.

Орозбек Бакытов ата-энеси менен.
Орозбек Бакытов ата-энеси менен.

"Тырышчаактыгым, өжөрлүгүм менен чет жакта окуумду аяктап жатам" деген Бакытов өз мекенинде операга анча көңүл бурулбаганына зээни кейийт. Бирок ал ошентсе да элдин табитин таптап, көндүрсө, кызыктырса болот деген ишеничте.

- Опера деген маданияттын эң бийик чокусу. Баары ушул операдан башталат. Бара-бара элибиз операны, нукура үндү, чыныгы талантты баалай баштайт деп үмүттөнөм. Элди операга, театрга тартыш үчүн туура жарнама керек, элди кызыктыра ала тургандай кылып жарнамалаш керек. Опера менен театрга барууну жаштар арасында модага айлантуу зарыл. Бизде мектептен баштап университеттерге чейин театр же операга барууну окуучу-студенттер арасында милдеттүү кылыш керек. Эгер мажбурлоого өтпөсөк, искусство өнүкмөйүн өнүгүү болбойт. Кыйналса да, кызыкпаса да арга жок бара берсе, акыры бир күнү түшүнөт.

Орозбек Бакытов жубайы менен.
Орозбек Бакытов жубайы менен.

Орозбек Бакытов окуусун аяктаары менен Кыргызстанга кайтууну пландаштырууда. Ал Италияда топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүп, кыргыз операсына, жалпы маданиятына салым кошсом деп кыялданат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG