Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Малайзия: Махатхирдин кайтып келиши


Малайзиянын жаңы премьер-министри Махатхир Мохамад камактагы оппозициячыл саясатчы Анвар Ибрахимдин жубайы менен. 10-май, 2018-жыл.
Малайзиянын жаңы премьер-министри Махатхир Мохамад камактагы оппозициячыл саясатчы Анвар Ибрахимдин жубайы менен. 10-май, 2018-жыл.

Малайзияда 92 жаштагы Махатхир Мохамад 15 жылдан кийин кайрадан премьер-министр болуп дайындалды. Муну менен ал дүйнөдөгү эң улгайган лидер болуп калды.

9-майдагы шайлоодо Махатхир башында турган оппозициячыл “Үмүт альянсы” кыймылы акыркы 60 жылдан бери алгачкы жолу бийлик партиясын утуп алды. Махатхир буга чейин Малайзия өкмөтүн 1981-жылдан 2003-жылга чейин жетектеген.

Малайзиядагы бул жолку шайлоо өлкөнү эле эмес, дүйнөлүк коомчулукту да таң калтырды. Акыркы 60 жылда биринчи ирет оппозициячыл кыймыл бийликтеги “Улуттук фронт” партиясын жеңип алды. Оппозициячыл “Үмүт альянсы” кыймылынын башында буга чейин өкмөттү дал ушул “Улуттук фронттун” атынан 20 жылдан ашык башкарган 92 жаштагы Махатхир Мохамад турду. «Үмүт альянсы» кыймылы парламенттеги 222 мандаттын 121ин ээледи.

Шайлоодон бир күн өтпөй Малайзиянын падышасы Мухаммад V 92 жаштагы Махатхир Мохамадды өлкөнүн премьер-министрлигине дайындады. Анын кызматка киришүү салтанаты өлкөдө кеңири белгиленип, эки күндүк эс алуу жарыяланды.

Бейшембиде Махатхир узун кара көйнөк жана улуттук баш кийим кийип, ант берди. Иш-чарада мамлекеттин башкы муфтийи дуба окуп, бата тиледи.

Ант берүү салтанаты өтүп жаткан сарайдын алдына Махатхирдин жүздөгөн тарапташтары чогулуп, анын өкмөт башчылыкка келишин кубаттап турушту.

Махатхир Мохамаддын тарапташтары. 10-май, 2018-жыл.
Махатхир Мохамаддын тарапташтары. 10-май, 2018-жыл.

Аксакал саясатчы мурунку башкаруусунда өлкөсүндө темирдей тартип орноткон. Ал 2009-жылы өкмөт башына келген Нажиб Разакты да бийликке таптаган.

Анткен менен акыркы жылдары саясий багытын өзгөртүп, оппозицияга кошулган. Ал азыр башында турган “Үмүт альянсы” Махатхир бийликте турганда "авторитардык башкаруу орнотту" деп сындап келген.

Аксакал саясатчы “Улуттук фронттон” кетишин партиянын учурдагы башчылары коррупцияга жол бергени менен түшүндүргөн.

Чынында эле "Улуттук фронттун" азыркы лидери, буга чейинки премьер Нажиб Разакты жана анын жакындарын жемкордукка байланыштуу айыптаган маалыматтар акыркы жылдары байма-бай жарыяланган.

Шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан учурда оппозиция «Улуттук фронт» коалициясын жана анын лидери Нажиб Разакты куугунтукка албоого убада берген. Анткен менен жеңиши белгилүү болгон соң Махатхир Мохамад оюн өзгөрткөндөй:

- Мыйзамдын үстөмдүгү толугу менен ишке ашат. Эгер Нажиб мыйзамды бузса, анда ал анын кесепеттерин тартат.

Өлкө медиасы мындай күтүүсүз саясий бурулуштан кийин бийликти өткөрүп алуу маселе жаратарын жоромолдоп жаткан. Бирок буга чейинки премьер-министр Нажиб Разак элдин тандоосун кабыл аларын билдирди.

Малайзиянын мурунку премьер-министри Нажиб Разак.
Малайзиянын мурунку премьер-министри Нажиб Разак.

- Мен жана менин тарапташтарым элдин тандоосуна макул жана менин партиям парламенттик демократиянын принциптерин сыйлайт.

​Махатхир Мохамад премьер-министр болуп турган кездери Малайзиянын экономикасы тездик менен көтөрүлүп, Азиядагы өнүккөн өлкөлөрдүн бирине айланган. Байкоочулар белгилегендей, дал ушул жагдай шайлоодогу жеңишке өбөлгө болду.

Шайлоо алдында Махатхир өзүнүн саясий каршылашы деп саналган Анвар Ибрагим менен элдешкен. 90-жылдары "Махатхирдин мураскери болот" деп болжолдонгон Анвар өлкөдө реформа жүргүзүү зарылдыгын айтып чыкканда вице-премьерлик кызматынан кол жууган. Кийин камакка алынган. Аны коррупцияга байланыштуу айыпташкан.

Анвардын камалышы бир катар ири демонстрациялар менен коштолуп, сот аны актаган өкүм чыгарган. 2015-жылы "кумса" деп айыпталып, беш жылга соттолгон.

Быйыл шайлоо өнөктүгүндө Махатхир Анвардын толук акталышын жана падышадан ырайым алып берүүнү убада кылып, кайра кызматка келүүгө шарт түзөрүн белгилеген.

Жеңиштен кийинки алгачкы билдирүүсүндө 92 жаштагы саясатчы өкмөттү эки жыл башкарып, андан соң бул кызматты Анвар Ибрагимге өткөрүп берерин билдирди.

- Алгачкы иштерибиздин алкагында Анвар Ибрагимди толук актоого жана падышанын ырайымына жетишибиз керек. Толук ырайым берилсе, ал саясатка кирише алат.

Анткен менен Махаткир Мохамад авторитардык башкаруусу үчүн бир катар эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына да кабылып келген.

Махатхир Мохамад премьер-министр болуп турганда Кыргызстанга эки ирет расмий сапар менен келген. Кийин, кызматтан кеткен соң 2012-жылы “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун чакыруусу менен келип, ошол кездеги бийлик өкүлдөрү менен жолуккан.

XS
SM
MD
LG