Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:53

Роухани: АКШ дүйнөнүн атынан сүйлөбөсүн


Ирандын президенти Хасан Роухани, 25-апрель, 2018-жыл.
Ирандын президенти Хасан Роухани, 25-апрель, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Иранга каршы буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкцияларды киргизерин билдирди. Бул тууралуу ал 21-майда Вашингтондо Иран боюнча АКШнын жаңы стратегиясын жарыялап жатып айтты. Ирандын президенти Хасан Роухани Вашингтон бүтүндөй дүйнөнүн атынан сүйлөй албасын билдирди.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтондун Heritage фондунда жасаган билдирүүсүндө Иранга тарыхта болуп көрбөгөндөй санкциялар киргизилерин билдирди.

- Иран режими бул башталышы гана экенин билиши керек. Эгер режим өз багытын өзгөртпөсө, санкциялардын кесепти дагы катаалдашы мүмкүн. Ал тарыхтагы эң күчтүү санкция болот, - деди Помпео. Бирок санкциялар качан киргизилерин тактаган жок.

​Туура эки апта мурда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Вашингтон 2015-жылы дүйнөлүк алты держава менен Ирандын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгарын жарыялаган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Вашингтон, 20-май, 2018-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Вашингтон, 20-май, 2018-жыл.

Помпео ал келишимди "ийгиликсиз болгон" деп атады.

- Келишимге кол койсо да Иран террорду каржылаган дүйнөдөгү эң ири демөөрчү бойдон калды. 11-сентябрдан тарта Иран “Ал-Каиданын” мүчөлөрүнө баш калка берип жатат жана Тегеранда жашаган "Ал- Каиданын" мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү каалабайт. Биз бүгүн Иран элинен сурагыбыз келет: силер өз өлкөңөрдүн "Хезболла", "Хамас", "Талибан" жана "Ал-Каида" менен байланышта болуп, ушулар менен таанылышын каалайсыңарбы? Кошмо Штаттар силерди мындан жакшы нерселерге татыктуу деп эсептейт.

Мамлекеттик катчы Кошмо Штаттар менен Ирандын ортосунда жаңы келишимге Тегеран Вашингтондун он эки талабын аткарса гана кол коюларын билдирди. Алардын арасында Иран уран байытууну, Йемендеги шийит козголоңчуларды колдоону, Израилди коркутуп-үркүтүүнү токтотушу керек, Сириядан бардык күчтөрүн чыгарып кетиши керек деген да талаптар бар.

АКШ президенти Доналд Трамп 2015-жылкы өзөктүк келишимден Вашингтондун чыкканы тууралуу кол койгон учур. 8-май, 2018-жыл.
АКШ президенти Доналд Трамп 2015-жылкы өзөктүк келишимден Вашингтондун чыкканы тууралуу кол койгон учур. 8-май, 2018-жыл.

​Помпео ошондой эле Иранды ойлоп табылган айыптар менен камакка алынган АКШ жарандарын бошотууга чакырды. Ошол эле учурда мамлекеттик катчы Тегеран саясий багытын өзгөртсө, АКШ Иран жана анын өнөктөштөрү менен кызматташууга ачык экенин белгиледи.

- Олуттуу өзгөрүүлөр болсо, Кошмо Штаттар иран элине пайда алып келе турган чараларды кабыл алууга даяр. Бул көп нерсени камтыйт. Биринчиден, биз режимге каршы ар бир санкцияны жоюуга даярбыз. Иран менен толук дипломатиялык жана коммерциялык алакаларды да калыбына келтирүүгө кубанычта болобуз.

Ирандын президенти Хасан Роухани Помпеонун билдирүүсүнө жооп кайтарып, Тегеран АКШнын мындай чечимин кабыл албасын айтты.

- Дүйнө бүгүн Кошмо Штаттардын бардык мамлекеттер үчүн кабыл алган чечимин тааныбайт. Ар бир мамлекет эгемен. Силер Иран жана дүйнө үчүн чечим кабыл алгыдай кимсиңер?, - деген Роуханинин сөзүн Иран медиасы жарыялады.

АКШнын президенти Хасан Роухани.8-май, 2018-жыл.
АКШнын президенти Хасан Роухани.8-май, 2018-жыл.

Роухани Помпеонун сөзүн четке кагып, азыркы президент Дональд Трамптын администрациясы президент Буштун 2003-жылы жасаган билдирүүлөрүн кайталап жатат деп сынга алды.

- Мындай билдирүүлөрдү ирандыктар жүз жолу угушкан. Алар көңүл деле бурушпайт, - деди Ирандын өлкө башчысы.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Бирок 8-майда АКШ көп тараптуу бул келишимден чыгарын жарыялап, өз кадамын документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албаганы менен түшүндүргөн.

Келишимге кол койгон башка өлкөлөр аны сактап калуу ниеттерин билдиришкен. Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги европалык компанияларга Ирандагы ишмердүүлүгүн токсон күн ичинде токтотууга чакырды.

Евробиримдик Иранда бизнес жүргүзгөн европалык фирмаларды АКШ санкцияларынын таасиринен коргой турган эрежени кайра жандандыруу жараянын 18-майда баштаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG