Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Малайзия: Анвар Ибрагим эркиндикке чыкты


Малайзиядагы оппозициячыл саясатчы Анвар Ибрагим.
Малайзиядагы оппозициячыл саясатчы Анвар Ибрагим.

Малайзияда оппозициячыл саясатчы Анвар Ибрагим мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. 70 жаштагы саясатчы кумсалыкка айтыпалып, 15 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. 9-майда болгон шайлоодо жеңишке жеткен Махатхир Мухамед шайлоо өнөктүгү маалында Анварга Падышанын ырайымын алып берүүнү убада кылган.

Анвар Ибрагим 9-майда жеңишке жетип, дүйнө коомчулугун таң калтырган "Үмүт альянсы" оппозициячыл блогунун лидерлеринин бири. Аталган кыймыл өлкө эгемендиккке жеткени бийликти колунан чыгарбай келген "Улуттук фронт" партиясын биринчи жолу артка калтырды. Бул 1957-жылдан берки убакыт ичинде оппозициянын биринчи жеңиши болуп калды. "Кумсалыкка" айыпталып 15 жылга эркинен ажыратылган Анвар Ибрагим соңку күндөрү саламаттыгына байланыштуу ооруканада жаткан. Анын эркиндикке чыгаарын уккан тарапташтары оорукананын алдына топтолушту.

Анвар Ибрагимдин толук акталышын шайлоо алдындагы өнөктүктө "Үмүт альянсынын" башында турган 92 жаштагы саясатчы Махатхир Мохамед убада кылган. Ал ошондой эле Анвар дароо саясий ишмердүүлүккө киришиш үчүн падыша Мухаммед бешинчинин ырайымын да алып берүүгө сөз берген. Бир кезде союздаш болуп, кийин келишкис душмандарга айланган эки саясатчы бир топ жыл өздөрү мүчө болгон "Улуттук фронтту" жеңиш үчүн элдешип, шайлоого бирге аттанышкан. Бирок Анвар өзү камакта болгондуктан шайлоого анын жубайы, "Элдик адилеттүүлүк партиясынын" төрайымы Ван Азиза Ван Исмаил "Үмүт альянсына" кошулуп Махатхир менен бирге аттанган.

Малайзиянын жаңы шайланган премьер-министри Махатхир Мохамед жана Ван Азиза Ван Исмаил.
Малайзиянын жаңы шайланган премьер-министри Махатхир Мохамед жана Ван Азиза Ван Исмаил.

Ал шайлоодогу жеңиштен кийин вице-премьер-министрликке дайындалды. Эркиндикке чыгары менен өткөргөн маалымат жыйында Анвар Ибрагим ырайым кылууну өтүнүп падышага кайрылганын жашырган жок:

- Менин ишимди алсак, биз сот акыйкаттыгы болбогондуктан доо арыз менен кайрылганбыз. Анткени алар атайын чагым уюштурганы айдан ачык болчу. Падыша мени кабыл алып, ырайым кылганы үчүн Аллахка ыраазымын.

Анвар Ибрагим Махатхир премьер кезинде 1993-жылдан 1998-жылга чейин өкмөт башчынын орун басары жана ошол эле маалда каржы министри болуп иштеген. 1997-жылы башталган Азиядагы каржы кризистен улам Махатхир менен Анвардын ортосунда пикир келишпестиктер жаралат. 1999-жылы ал жемкорлукка айыпталып, кызматынан алынат. Анвардын камалышы өлкөдө ири демонстрациялар менен коштолуп, сот аны актаган чечим чыгарган.

2004-жылы ал аялынын партиясына кошулуп, оппозициячыл ишмердүүлүгүн баштайт. Бирок кийин 2015-жылы Нажиб Разак бийлик башында турганда ал кумсалыкка айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Эл аралык укук коргоо уюмдары Анварга тагылган айыптардын саясий жүйөсү бар экенин билдиришип, абийир туткуну деп аташкан. Анвар шайлоодо алардын альянсына ишеним көрсөткөн элдин үмүтүн актоого милдеттүүбүз деп билдирди:

- Малайзия үчүн жаңы күндүн таңы атты. Мен малайзиялыктарды, анын ичинде малай элин, кытайларды, кадазандарды, ибандарды жана жалпы эле биздин өлкөдө отурукташкан бардык улуттарга ыраазымын. Алар дин тутумдары жана расалары ар башка болгонуна карабай баары демократия менен эркиндик принциптерин жогору тутушат. Эми биздин партияга берилген ишенимди сөзсүз актоого милдеттүүбүз.

9-майдагы шайлоодогу жеңиштен соң аксакал саясатчы Махатхир Мохамед өкмөттү эки жыл башкарып, андан соң бул кызматты Анвар Ибрагимге өткөрүп берээрин билдирди. Махатхир буга чейин Малайзия өкмөтүн 1981-жылдан 2003-жылга чейин жетектеген. Саясатчы мурунку башкаруусунда өлкөсүндө темирдей тартип орноткон. Ал 2009-жылы өкмөт башына келген Нажиб Разакты да бийликке таптаган.

Малайзиянын мурдагы өкмөт башчысы Нажиб Разак.
Малайзиянын мурдагы өкмөт башчысы Нажиб Разак.

Анткен менен акыркы жылдары саясий багытын өзгөртүп, оппозицияга кошулган. Ал “Улуттук фронттон” кетишин партиянын учурдагы башчылары коррупцияга жол бергени менен түшүндүргөн. Чынында эле "Улуттук фронттун" азыркы лидери, буга чейинки премьер Нажиб Разакты жана анын жакындарын жемкордукка байланыштуу айыптаган маалыматтар акыркы жылдары байма-бай жарыяланган. Премьер-министрлик орунга келгенден кийин Махатхир Мухамад Наджибди жана анын жубайын өлкөдөн чыгарбоо тууралуу буйрук берди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG