Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

ЖАЛАЛАБАТТА ЫҢКЫЛАПЧЫЛАР МЕНЕН ЖЕР ЭЭЛЕГЕНДЕР ТИРЕШҮҮДӨ


Жалалабатта үйсүз-жайсыз жарандар мурдагы канаттуулар фабрикасынын 35 гектар жер аянтын ээлеп алышты. Фабрика 2001-жылы 31 адамга сатылып кеткен. Менчик ээлеринин бири экс-вице-премьер Кубанычбек Жумалиевдин иниси Самарбек Жумалиев өзүнө караштуу 22 гектар аянтты элге тартуу кылган. Март ыңкылабын коргоочулар менен ишкананын мурдагы жумушчулары фабриканы калыбына келтирүүнү жана мыйзамсыз жер бөлүштүрүүнү токтотуп, жер ээлөөчүлөрдү үч күндүн ичинде айдап чыгууну талап кылууда.

Жалалабаттагы жер басып алуунун учугу бул жумада мурдагы канаттуулар фабрикасына жетти. Жер ээлегендердин жүз башчысы Абида Максуталиеванын айтымында куру жерден башка курулушу калбаган жайдак аянттарды миңдеген адамдар ээлеп алышты. 623 кишиге төрт сотыхтан жер бөлүнүп берилди. Алардын көпчүлүгү болочок үйлөрдүн пайдубалы үчүн бөлүнгөн жерлерге шагыл төктүрүп жатышат.

-Жүз башчылардын баардыгында жүздөн киши болгондо бул жерде үч жарым миң киши бар. Он топко бөлүндү. Бардыгы шартына байланыштуу үйлөрдү кура башташты. Жетишпегендери айла жок токтоп турушат,- дейт Абида Максуталиева.

Аялы Орусияга иштегени кеткен Равшан Көкөнов 14 жылдан бери батирде жашайт. Колунда жүрөк оорулуу баласы бар Равшандын жер ээлеп алуусуна үй-жайдын бүтпөгөнү себеп болгон.

- Мен дагы ушул шаарда 14 жылдан бери батирде жашайм. Жерим да жок, үлүшүм дагы док, үйүм дагы жок. Бул жерге жыргагандан келген жокмун. Балам оорукчан. Аялым болсо Орусияда. Ушул жерге эптеп кичине бир кепе салып алалы десек ушуга да бут тосуп жатышат. Бийлик эгер иштей турган аракети болсо заңгырап жаткан, заводдорду иштетпейби, ушул талаага келип алып завод курам дегенден уялбайбы. Жаштардын баары Орусияга кетип жатышат. Эртең жаштар кетип калса, биздин келечегибизди, Кыргызстанды ким коргойт,- дейт Равшан Көкөнов.

Канаттуулар фабрикасына караштуу 35 гектар аянт беш жыл мурда Айыл жана суу чарба министрлигинин буйругу менен 31 кишиге сатылып кеткен. Менчик ээлери ишкананын имарат-жайларын бузуп, курулуш материалдарын өз кызыкчылыгына пайдаланган соң, фабриканын жер аянттары жайдак калган. Жер ээлегендердин адвокаты Ташкан Насированын айтымында экс-вице-премьер Кубанычбек Жумалиевдин иниси Самарбек фабриканын аймагынан 22 гектар аянтты кезегинде 202400 сомго сатып алган.

- Жалалабат облусунда 31 атуулга жер сатылган. Ар бир атуул ал жерди бекер алган эмес. Ар бири менен сатып алуу келишими түзүлгөн. Ар биринин колунда менчик күбөлүгү бар. Самарбек Жумалиев 2001-жылдын 4-октябрындагы № 7 сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде 20 гектар жерди сатып алган,- дейт Ташкан Насирова.

Самарбек Жумалиев мурда алган жер аянттарын үй-жайсыз адамдарга тартуу кылган. Мындай берешендиги үчүн көпчүлүк ал айылга анын атасынын атын коюуга жана эстелик тургузууга убада берген. Бирок, экс-вице-премьердин иниси элдин сунушунан баш тартканын билдирди.

- Өз ыктыярым менен элдин турмушун, кыйналганын көрүп эл үчүн бердим. Ар бири батирде жашашат. Жакшынакай эстелик коёлу деди. Мен айттым, жок анда өзүңөр үйүңөрдү кургула. Туура келсе мен өзүм курам. Атамдын эстелигин курганга күчүм жетет деп өзүм айттым,- деди Самарбек Жумалиев.

Канаттуулар фабрикасында мурда иштегендер менен март ыңкылабына катышкандар мыйзамсыз жер ээлөөгө нааразы болуп жатышат. Алар эски ишкананын кире беришине боз үй тигип алышкан. Ыңкылапчылар жер ээлөөнү токтотуп, менчик басып алууларды уюштургандарды жоопко тартууну жана фабриканы калыбына келтирип, жумушчуларды иш менен камсыз кылууну талап кылууда.

Облустук бийлик менен шаар прокуратурасына жогоркудай талаптары бар кайрылуу шейшембиде кабыл алынган. Ыңкылапчылардын өкүлү Кулпунай Султанова үч күндүн ичинде талаптары аткарылбаса, жергиликтүү калк жер ээлөөчүлөрдү айдап чыгууга чечим кабыл алганын билдирди

- Бул жерге сырттан эл келбесин. Сырттан келген адамдарды алып чыгып кетсин. Үч күндүн ичинде алып чыгып кетпесе, дагы деле тополоң кылабыз,- деп эскертти Кулпунай Султанова.

Айыл тургуну Сеит Мусаевдин ою боюнча ишкана кайра тургузулса, жумушсуздук азаймак.

- Бул 22 гектар жерге завод курулуп, элди иш менен камсыз кылыш керек. Эл мэриянын сөзүн колдоп, завод куруп берсе деп беш жүз калк турушат. Жумуш болсо калктын жашоосу оңолмок. Элдин талабы ушул болуп жатат,- деди Сейит Мусаев.

Жалалабатта турак-жай маселеси олуттуу бойдон калууда. Шаардык мэрияга үй-жай куруу учун 3500 адам арыз берген. Алардын баарынын арызын канааттандыруу мүмкүн эмес. Шаар башчы Дүйшөналы Мамасалиевдин жообу боюнча турак-жай муктаждыгын чечүү үчүн Жалалабатта көп кабаттуу үйлөрдү куруу керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG