Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:39

ТУРСУНБЕК АКУН: “АК ҮЙДӨ АКАЕВЧИЛЕР МЕНЕН БИРГЕ ЖҮРГӨНДӨН УЯЛАМ”


Оппозиция кыргыз бийлигинде дагы эле болсо кадр саясаты аксап жатат деп сынга алууда. Алардын айтымында, бийлик бутактары экс-президент Аскар Акаевдин доорунда иштеген кызматкерлерден арылган жок. Конституциялык реформанын кечеңдетилиши оппозициянын жаалын күчөтүүдө. Бийлик уюмдарындагы кемчиликтерди президенттин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын башчысы Турсунбек Акун Аксыда болгон курултай учурунда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, оппозициянын президент Курманбек Бакиевди кызматтан алуу талабы негизсиз. Эл аралык уюмдар өлкөдөгү адам укугун коргоо жаатындагы артыкчылыктарды жактап жатышат.

- Турсунбек мырза, элдик курултайдын «Акаевчилер жана президент К.Бакиев кызматтан кетсин деген талабы негиздүүбү?

- Мен ойлойм, Акаев кеткени менен Акаевдин кадырларынан арыла албай атабыз. Бул коюлган талаптардын көбү туура. Акаевдин кадрларынан арылып, башка кадрларды коюш керек. Бакиев кетсин деген да талаптар коюлуп атат. Мен буга кошула албайм, анткени эл шайлаган. Беш жыл жаманбы-жакшыбы чыдашыбыз керек. Андан кийин шайлайбы, шайлабайбы эл өзү билет. Азимбек баштап өзүлөрү шайлап алган. Ошондуктан буларды душман кылбашыбыз керек, провокация уюштурбашыбыз керек. Тынч, куралсыз митингдерди өткөргөнгө акысы бар. Алар өткөрсүн, тоскоол болбойлу, жардам берели. Кыргыз элинин татыктуу адамдары, алардын да пикирлерин угалы. Акаевдин доору өттү. Ак үйдө иштеп аткан, мисалы, Карыпкуловду жазалаш керек. Аксы окуясын аягына чыгарыш керек. Мына ушул жагынан биз кемчилик кетирип атабыз.

- Сиздин байкооңуз боюнча бийлик уюмдарында кандай кемчиликтер кетип жатат? Өлкөдө өзгөрүүлөрдүн, оң жылыштардын бар экени байкалабы?

- Реформа жагынан чечкиндүү аракеттерди көрө албай калдык. Мисалы Конституцияны кабыл алып койсок болот эле, кечигип атабыз. Ошондой эле оппозиция менен биргелешип иштеше албай калдык. Алар менен сөз табыша албай, кармашып калган чактарыбыз болуп атат. Анан ортодон матрешка чыга калды, ушундай кемчиликтер бар. Бирок жакшы жактары, өндүрүш, экономика жылып атат, мурдагыга караганда элдин турмушу оңолгонсуп атат, айлык жогорулап атат. Мурдагыга караганда эркиндик болуп, адамдардын аң сезими жогорулап калды. Бир жактуу карабашыбыз керек. Биз эки жактуу болушубуз керек.

- Республикада адам укугун коргоонун абалына кандай баа бере аласыз?

- Мен жакында Алматыга барып келдим, Варшавага барган атам. Бүткүл дүйнөлүк тажрыйбаны кыргыздар үйрөнгөнү атат. Тынч митинг, пикет, демонстрация өткөрүү жагынан Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчи орунда экенбиз. Мыйзамыбыз да жакшы экен. Мындай митингдерди өткөрүү үчүн уруксат алышыбыз керек. Уруксат бергенден кийин гана өткөрүш керек. Ал эми биз алдын ала айтып коюп өткөрө беребиз. Мындай мыйзам дүйнөдө жок. Биз Бакиевдин заманындагы көп кемчиликтер болгонуна карабастан, тынч чогулуштарды өткөрүү жагынан уттук. Муну да билишибиз керек, бул биздин бактыбыз, эл өзүнүн пикирин ээн-эркин айтып калды. Эл ойгонуп калды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG