Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

ЖАЛАЛАБАТ : АЯЛДАР АРМИЯ ТҮЗҮП, ОППОЗИЦИЯНЫ ПАРЛАМЕНТТЕН КУУГАН ЖАТАТ


21-cентябрда Жалалабатта өткөн аялдардын «Эне үмүтү» аттуу коомдук бирикмесинин конференциясы оппозициядагы депутаттарга, айрыкча «Реформа үчүн» кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаевдин ишмердигине нааразылык билдирди. Алар Өмүрбек Текебаевди дебатка, Жогорку Кенешти мыйзамдык милдеттерин аткарууга чакырышты. Оппозициядагы депутаттар бийликке асылганды токтотпосо, аларды парламенттен айдап чыгуу, аялдар армиясын түзүшөөрү жөнүндө Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алынды. «Социал демократ» жана «Ата мекен» партияларынын облустагы өкүлдөрү Ө.Текебаев менен парламентке айтылган сындар негизсиз экендигин белгилешет.

Коомдук бирикменин жыйыны аялдардын коомдогу орду жана «Реформа үчүн» кыймылынын ишмердигин талкуулады. Облустагы аялдар кеңешинин төрайымы Айчүрөк Исаева баяндамасында кыз-келиндерди саясий топторго курал болбоого чакырды. Анын баамында өлкөдөгү саясий кырдаалдын курчушуна оппозициячыл депутаттардын иш-аракеттери себепкер. Нааразы сөздөр депутат Ө.Текебаевдин айланасында көбөйүп, Исаева Жогорку Кеңешке мыйзам чыгаруу милдетин эске салды:

- Парламентте бир дагы аялдын жоктугунан бүгүнкү күнү Кыргызстан будуң-чаң түшүүдө. Жердешим Текебаевге капамын. Ал мындан 10 жыл мурун лидер болчу. Алар элге мыйзам жазган орунда отурат, алар чоң айлык алып атат.

Конференцияда аялдардын парламентте жоктугу, бийлик уюмдарында аз экени белгиленип, кыз-келиндердин арасында сойкулук көбөйүп, жаштар жумушсуз экенине тынчсызданышты.

Облустагы «Аялзат» борборунун төрайымы Канышай Мусалиева 38 пайызын аялдар түзүп, депутаттарына жеңилдик берилбеген Дания сенатын мисалга келтирди. Ал жердеши Өмүрбек Текебавге тиешелүү окуяларга ишенбей турганын айтып, бирин-бири колдоо, акча каражаттары жетишсиз болгондуктан парламентке аял талапкерлер жетпей жатканын козгоду:

- Беш депутат кетсин десе эле бийлик менен парламент кетип калыш керекпи, же эл менен эсептешпей калганбы. Өзүңдү эр ойлосоң өзгөнү шер ойло дейт. Аялдарда акча, колдоо болсо парламентте аялдар отурмак.

Жалалабат шаар тургуну Уулкан Мамасабирова оппозицияга каршы аялдар армиясын куроо жөнүндө Ысыккөл, Нарын, Чүй облустарындагы аялдар менен сүйлөшкөн. Жыйында Мамасабирова экс-спикерди дебатка чакырып, бийликке тоскоолдугун токтотпосо, оппозициячыл депутаттарды Жогорку Кеңештен сүйрөп чыгаарын билдирди:

- Аялдар армиясын түзүп, баралы ошол жерге. Текебаевди дебатка чакыралы. Кантип эле президентибизди чыгарып коелу. Эч ага жол бербейбиз. Биз ошол бузукуларды сүйрөп чыгабыз, ошолор кетсин.

Аялдардын мындай пикирлери «Ата мекен» партиясынын өкүлү Сеит Кадырбековду ынандырган жок. Анын айтымында президент өңдүү депутаттардын да шайлоочулары бар жана парламент өкмөттү, президентти сындоого акылуу:

- Абдан текшерип, аныктап, баа берип турган парламент гана болуп эсептелет. Керек болсо алар президенттин дагы кылган иштерин аныктап, керек болсо импичмент жарыялап, керек болсо жардам берип президентке, ушул иштердин бардыгын жүргүзө турган бүгүнкү күндө 75 депутат.

“Социал демократ” партиясынын облустагы мүчөсү Турдубай Кочкоровдун көз карашында жыйында сүйлөгөндөр Текебаевдин шайлоочулары эмес:

- Жыйында Текебаевди кетсин деп сүйлөгөндөр бөлөк округдун адамдары. Курманбек Бакиевдин мурунку шайлоочулары келип ушундай тополоң, митингдерди жасап атышат. Экинчиден, мамлекет тараптан чет өлкөлөргө барып көптөрүнүн колу тийбей атат. Жакында Базаркоргондо өзүнүн учурашышын өткөрүп кетти.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG