Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

ЖАЛАЛАБАТ: УРАН КАЛДЫКТАРЫ УНУТУЛГАН ШААРДЫ УУЛАНДЫРУУДА


Облустун “Кызылжар-12” шаарчасындагы уран калдыктарынын күчү адаттагыдан 30 эсе ашык. Жергиликтүү калк жумушсуздуктун айынан уран көмүлгөн жайлардын курулуш материалдарын сатып жан багат. Уулуу заттын калдыктары ден соолукка таасир этип, аялдардын боюнан түшүп, наристелер майып болуп төрөлүүдө. Облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын маалыматы боюнча шаарчадагы жагдайга көңүл бурулбай калган.

Беш миңден ашык адам жашаган “Кызылжар-12” шаарчасы Аксы районунун аймагына жайгашканы менен Ташкөмүр шаарынын карамагында турат. Шаарча кээде Майлысай деп да аталып жүрөт. Айылдын аты уран калдыктары көмүлгөн Майлуусуу шаарына окшош болгондуктан экинчи дүйнөлук согуш аяктагандан кийин бул жерде иштетилген уран калдыктарын бийлик жана тармактык кызматтар эстебей калган.

Шаарчада уран калдыктары үч жерге көмүлгөн. Облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын билдирүүсү боюнча көңүлдүн баары 23 уран уясы бар Майлуусуу шаарына бурулган. Майлуусууда Бүткүл дүйнөлүк жана Азия өнүгүү банктары менен кыргыз өкмөтүнүн биргелешкен долбоору иштеп жатат.Башкармалыктын адистери өлчөгөндө, радиациялык фон шаарчадагы айрым уяларда 670 микрорентгенден ашык экендиги аныкталган.

Мекеменин башчысы Гамаль Сооронкулов кезегинде “Кызылжар-12” шаарчасында Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн ташылып келинген он миң тонна уран иштетилгенин билдирди. Уран калдыктары агын суулар менен Нарын дарыясына кошулуп, бүткүл Фергана өрөөнүнө залакасын тийгизүүсү ыктымал.

- Шахтанын тегерегинде ар бир жеринде 670-680 микрорентгенге чейин көрсөткүчтөр бар экен. Айылга суу аркылуу келип, Нарын дарыясына жана Фергана өрөөнүнө чоң зыян келтириши мүмкүн,- дейт Гамаль Сооронкулов.

Жергиликтүү калк менен жолугушканда алар Гамаль Сооронкуловго онкологиялык оорулар көбөйүп бараткандыгын жана аялдар өлүү төрөлгөн балдарды кыргызчылык кылып, айтпай эле жашырып коюшаарын билдиришкен.

Шаарчадагы жагдайга тармактык кызматтар кайдигер карашат. Башкармалык табиятты сактоо жана уран калдыктарын зыянсыздандыруу жөнүндө маселени чукул кырдаал жана экология кызматына билдиргенде, акыркылар маселени кайра башкармалыктын өзүнө жүктөгөн. Анын айынан абал өзгөрбөй, адамдар жабыр тартууда.

-Эмне үчүн ушул убакка чейин “Кызылжар -12” шаарчасына көңүл бурулбай келет. Менин келгениме аз гана убакыт болду. Ушул маселенин этегине жетем деп айыл тургундарына убадамды берип келдим, - дейт жетекчиликке жаңы коюлган Гамаль Сооронкулов.

“Кызылжар-12” шаарчасындагы калктын басымдуу бөлүгү жумушсуз. Иштин жоктугунан айрым адамдар уран калдыктары көмүлгөн жайларды бузуп, темир-терсеги менен курулушка жарактуу материалдарды сатып жан багышат. Уулуу заттын калдыктарынан улам жүрөк-кан тамыр жана аллергия оорусуна чалдыккан адамдар көбөйүүдө. Кош бойлуу аялдар каны азайып, балдары майып болуп төрөлө баштаганын башкармалыктын экспедициясы менен кошо ал жерге барган тележурналист Гүлзина Мондоевага айтып беришкен.

-Бүгүнкү күндө кош бойлуу келиндердин ичинен баласы өлүк түшүшү, андан сырткары тубаса майып балдардын көп төрөлүп жаткандыгын айтышты. Негизинен жумуш жоктугунан кирпичтерди чыгарып, сатып жатышат. Анда уран калдыктарын 600гө чейин нурлары бар экен,- дейт Гүлзина Мондоева.

Анткени менен Чукул кырдаалдар жана экология министрлигинин облустагы бөлүмүнүн маалыматы боюнча шаарчадагы радиациялык фон белгиленген өлчөмдөн ашыкча эмес. Бөлүмдүн башчысы Пазылбек Кенжебаев Майлуусуу шаарындагы уран калдыктары көмүлгөн жайларда зыянсыздандыруу иштери жүрүп жаткандыгын маалымдады:

- Уран калдыктарын бекемдөө үчүн кайрадан бетондолот да көчкү азайтылат,- деди Пазылбек Кенжебаев.

Губернатордун орунбасары Айбек Акбаров маселени жогорку уюмдарга билдирерин ишендирди. Тиешелүү кызматтар кандайдыр бир аракеттерди көрөөрүнө анын үмүтү чоң.

-Комиссиянын мониторинги боюнча ал жерде да иш чара көрүлүп жатат. Жогорку жактагы уюмдар долбоор жазып, кайрымдуулук фондуларына кайрылып жатышат. Буюрса жакынкы күндө иш башталат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG