Жекшембиде Кыргызстанга келген Орусия мамлекеттик думасынын вице-спикери Владимир Жриновский кечээ Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрдү. Орусиянын вице-спикери президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрүп, орус-кыргыз алакаларын өркүндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан соң кечке жуук Жогорку Кеңештеги маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Кыргызстанда коррупция дале күчүндө. Былтыркы март ыңкылабынан кийин мурдагы бийлик тушундагы коррупциялык иштерге жана экс-президент Аскар Акаевдин дүйнө-мүлкүнө байланыштуу козголгон чуулгандуу иштердин көпчүлүгү жабылып же токтоп калды. Бул тууралуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча парламенттик комиссиянын төрагасы Азимбек Бекназаровдун бүгүн Жогорку Кеңешке берген маалыматында сөз болду.
Бүгүн Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек чегарасы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму башталат. Буга дейре жалпы узундугу 1295 чакырым келген эки өлкө чегара тилкесинин 1038 чакырымы такталды. Учурда сүйлөшүүлөр эки ортодогу талаштуу делген аймактарга жетип, иш кыйла кыйындады.
Бүгүн кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин Кытай Эл Республикасына эки күндүк расмий сапары башталды. Кыргыз президенти КЭРдин төрагасы Ху Цзиньтао баштаган расмий адамдар менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын натыйжасында бир канча тармактар боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууларга кол коюлду.
Бүгүн кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин Кытай Эл Республикасына расмий сапары башталды. Кыргыз президенти эки күндүк иш сапардын алкагында КЭРдин төрагасы Ху Дзиньтао баштаган расмий адамдар менен Кыргызстан менен Кытай ортосундагы өз ара саясий мамилелер, соода-экономикалык кызматташтык, маданий байланыштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү күтүлүүдө.
Аксы окуясынын жабырлануучулары жана айрым укук коргоочулар бүгүн Президент Курманбек Бакиев менен жолугушту. Анда 2002-жылдагы Аксы окуясы ишти кайра тергөө, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу маселеси козголду. Бирок аксылыктар өлкө башчысынын сөзүнө канааттанбагын айтышууда. Кечээ Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Аксы окуясы боюнча ишке кайра тергөө жүргүзүү тууралуу башкы прокуратуранын сунушун четке каккан. Мындай чечимга нааразы болгон жабырлануучулардын 15 чакты өкүлү Президент менен жолугуу талабы менен Акүйгө кирмекчи болгондо милиция күч менен кубалап чыккан.
Бүгүн Бишкекте Кыргызстан-АКШ делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды. Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөр аралык делегациялары мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, «Манас» аба майданындагы АКШнын аскер базасынын мындан ары жайгашуусу боюнча жаңы келишимдин долбоорун талкуулашууда.
Жаңы түзүлгөн келишимге ылайык, Жерүй алтын кенин эми Австрияда катталган «Глобал голд» аттуу компания иштетет. Аталган кенди иштетүү боюнча өкмөт отчетун уккан Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар жаңы инвестор эмне үчүн тендерсиз тандалганына, бул кандай компания экенине, жаңы келишимдин Кыргызстанга пайдасы канчалык болооруна кызыгышты. Бирок өкмөт тараптын жооптору көпчүлүк депутаттарды канааттандырбай, бийлик Кумтөр алтын кени боюнча кетирген катаны азыр да кайталап жатат деген пикирлер басымдуулук кылды.
Карасуу шаарында кыргыз-өзбек чегарасын бузуп кирген бир өзбек атуулу кармалды. Адегенде, Өзбекстандын эки атуулу кыргыз чегарачыларына баш бербей, аларды таш менен уруп, бирөө кыргыз тарапка өтө качкан. Аны кармоого аракет кылган чегарачыларга жергилктүү тургундар таш жаадырышкан.
12-майга караган түнү Баткен районуна чектеш жердеги Тажикстандын чегара бекеттеринин бирине белгисиз бирөөлөр кол салып, куралдуу топ андан ары Кыргызстандын аймагына кире качкан. Алар айланма чегара, бажы бекеттерине кирбей өтүүчү айланма жол аркылуу Кадамжай районундагы Актурпак чегара бекетине дейре келген. Бул жерде да куралдуу кагылышуу болуп, кыргыз тараптан жоготуулар болгону айтылууда.
6-мартта Жогорку Кеңеш 24-мартты элдик ыңкылаптын күнү катары жарыялоо тууралуу мыйзам долбоорун карады. Долбоордо бул күндү эс алуу күнү катары эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жагы да каралган. Депутаттар маселени кароодо 24-мартта чын эле элдик ыңкылап болдубу, же төңкөрүшпү же жөн гана бийлик алмашуубу деген суроолордун тегерегинде баш катырышып, аны кароону кийинкиге калтырышты.
2-мартта Жогорку Кеңештин төрагалыгына Марат Султанов шайланды. Анын талапкерлигин «Келечек» депутаттык тобу сунуштап, добуш берүүдө 45 депутат ага макул болушту. Марат Султанов шайлангандан кийинки алгачкы сүйлөгөн сөзүндө парламентти бөлүп-жарбай, биримдигин чыңдап, консенсус саясатын жүргүзөрүн билдирди.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 1-мартта президенттик админстрация башчысы Үсөн Сыдыковдун Майрам Акаевага каршы доо арызы карала баштады. Үсөн Сыдыков Майрам Акаеванын былтыркы декабрда «Белый пароход» жана «Для вас» гезиттерине жарыяланган «Унчукпай кое албаймын» аттуу ачык катында айтылган сындарга байланыштуу сотко кайрылып, ар намысына жана беделине шек келтиргенин жана моралдык зыян тартканын белгилеген. Ошондой эле моралдык зыяндын өлчөмүн 41 миллион 200 миң сомго баалаган.
Парламент төрагасы кызматтан кетүү тууралуу билдирүү жасагандан кийин Кулов эмне үчүн Текебаевди коргоп чыга алган жок деген суроо коомчулукка суурулуп чыга келди. Кулов Текебаевдин таламын талашып чыкпагандан кийин саясатчылар ал экөөнүн саясий тилектештигинин боосу үзүлдү деп жоромолдошууда. Өмүрбек Текебаев анын кызматтан кетишине президент менен өкмөт башчы кызыкдар болуп жатканын билдирген. Өмүрбек Текебаев менен Феликс Кулов экс-президент Акаевдин тушунда тилектеш саясатчылардан болгон, ал түгүл 2000-жылдагы президентттик шайлоого алар биригип чыгышкан.
«Кыргыз туусу» гезитинин эмгек жамааты Бакыт Орунбековду баш редактор кызматынан алуу жөнүндө премьер-министрдин чечимине каршы чыгышты. Алардын ишениминде «Кыргыз туусу» газетасында премьер-министр жөнүндө сын материалдар жарыяланып кеткени үчүн Б. Орунбеков куугунтукталууда.
Өзбекстан менен чектеш аймакта жашаган жарандар чегара боюнча коңшу өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан өкмөттүк комиссиянын ишин сынга алышууда. Алар өкмөттүк комиссияга чегара сүйлөшүүлөрү жөнүндө элге ачык айтпайт, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйт деген кине коюшууда. Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия 2000-жылдан бери иш жүргүзүүдө. Бул арада жалпы узундугу 1295 чакырым келген эки өлкө чек ара тилкесинин 1038 чакырымы такталды. Учурда сүйлөшүү эки ортодогу талаштуу делген аймактарга жетип, тараптардын бир пикирге келүүсүн кыйындатууда.
Кыргызстандагы жаза өтөө мекемелериндеги абал 29-декабрда өкмөт жыйынында талкууланды. Анда абактардагы абалдын оор бойдон калып жатканы, майда кылмыштар үчүн камалгандардын жазасын өзгөртүү зарылдыгы айтылды. Жыйын сонунда тиешелүү тараптарга жаза аткаруу жайларын реформалоо боюнча бул тармактагы бардык көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун камтыган улуттук программаны иштеп чыгууну тездетүү милдети коюлду.
Кыргызстанда жекшембидеги жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо негизинен тынч өтүп, олуттуу мыйзам бузуулар жана чыр-чатактуу жагдайлар катталган жок. Бул жөнүндө бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов билдирди. Бирок, БШК төрагасы добуштарды сатып алуу аракеттери болгонун четке какпайт.
Жекшембиде Кыргызстанда быйылкы жылдагы эң акыркы шайлоо, жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо өттү. Шайлоо өлкөдөгү 472 айыл өкмөттүн 369унда, анын ичинде район карамагындагы 11 шаар башкармалыктарында да болду. Добуш берүүгө бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын байкоочулары көз салышууда. Айрым байкоочулар добуш берүүнүн учурунда эч кандай олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун айтышууда.
7-декабрда Кыргызстанда өлүм жазасын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулаган парламенттик угуу болду. Конституциялык жана Жогорку сот жетекчилери, юстиция министри жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан бул талкууда өлүм жазасын расмий түрдө алып салуу зарылдыгы, ага убакыт жеткени айтылды. Ошол эле учурда өлүм жазасын алып салуу азырынча эрте деген пикирлер да жок эмес.
Дагы жүктөңүз