Президент Садыр Жапаров советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам кандайча ишке ашырылат?
Бишкекте элдик курултай өтүп жатат. Ага келген делегаттар аймактардагы социалдык көйгөйлөргө басым жасап, таза суу, трансформация иштери, саламаттык сактоо, жол сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүүдө.
Эми Сириянын келечеги кандай болот? Бул өлкөдөгү кырдаал аймактын коопсуздугуна кандай таасир этет? АКШнын Сан-Диего университетинин профессору, саясат таануу илимдеринин доктору Ахмет Куруну "Азаттык" кепке тартты.
Ошентип, чейрек кылым башкарган Башар Асаддын режими кулап, өзү үй-бүлөсү менен Орусиядан башпаанек тапты. Дамаск оппозиция топторунун колуна өттү.
Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала Бишкекке келип, кыргыз бийлиги менен жолугушууларды өткөрдү. Анда Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгы талкууланды.
Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган милиция кызматкерлерин видеого тарткандарды жазалоо боюнча мыйзам долбоору коомчулукта талкууга түштү.
Жогорку Кеңеште онкологиялык ооруларга чалдыккан жарандарга сапатсыз дарылар берилип жатканы боюнча маселе көтөрүлдү. “Кыргызфармация” ишканасы ташып келген бардык медициналык каражаттар сертификациядан өтөрүн жана сапаты жогору экенин айтууда.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети интернет менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жана мазактоо үчүн айып салууга жол ачкан мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Өкмөт айыптын көлөмүн азайтып, мыйзамдын аткарылышына Ички иштер министрлиги жоопкер болорун айтууда.
Кыргыз авиация агенттиги Бишкектеги “Манас” аэропортунун IATA кодун алмаштыруу аракети жүрүп жатканын билдирди.
Кыргызстанда жергиликтүү шайлоодо да добуш бергендер аз болду. Борбордук шайлоо комиссиясы аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзгөнү бул жагдайга байкаларлык өзгөрүү киргизген жок. Айрым эксперттер жергиликтүү шайлоону алдыдагы чоң саясий өнөктүктөргө даярдык иретинде карашат.
Бишкекте бүгүн Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өттү. Анда экономика, коопсуздук жана маданий кызматташтык маселелери талкууланды.
Кыргыз өкмөтү кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизди. Эми так туристтик программасы болгон бештен 25ке чейин кишиден турган топ Кыргызстанга 21 күнгө чейин визасыз келе алат. Өкмөт муну туризмди өнүктүрүү аракети деп түшүндүрдү. Туристтерди ыңгайсыз кылган көйгөйлөр бардыгын айткандар да бар.
25 жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диниятчы, өз мекенинде 2016-жылы бийликти төңкөрүү аракетине айыпталган Фетхулла Гүлен 83 жашында көз жумду. Ал бир кезде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жакын санаалашы болгон.
Чаткалда кар көчкү басып калган алты адам дайынсыз болууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар жалпы 14 адам болгонун, сегиз киши аман-эсен табылганын билдирди. Өзгөчө кырдаал министрлигинин куткаруучулары Башкы-Терек айылына барды.
Баткен облусунун уюшулганына 25 жыл толду. 1999-жылы Зардалы айылы аркылуу "Өзбекстан Ислам кыймылынын" (Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, тыюу салынган) жоочулары мамлекеттик чек араны бастырып кирип, 50дөн ашык аскер октон ажал тапкан окуядан кийин облусту түзүү чечими кабыл алынган.
Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир 8-октябрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан бошотулду. Мунун алдында Жогорку сот жазуучуну коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарган.
Президент Садыр Жапаров “Коопсуз шаар” долбоорун толугу менен Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү жарлыгына 18-сентябрда кол койду. Документте мындай чечим долбоордун натыйжалуу ишке ашуусун камсыз кылары жазылган.
Дагы жүктөңүз