Депутаттар бул мыйзам заман талабы экенин айтканы менен айрым медиа эксперттер жана юристтер мындай иштерди сот гана карашы керектигин белгилеп жатышат.
Айып азайды, жоопкер мекеме алмашты
Министрлер кабинети мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги экинчи окууга бир катар өзгөрүүлөр менен алып келди. Анда салынчу айыптардын баасы азайтылганын юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков 26-ноябрда парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында айтты.
“Депутаттардан келген сунуш менен айып пулдар Укук бузуулар кодексинин 31-беренесинин азыркы колдонуудагы редакциясы боюнча калды. Долбоордогу 100-200 миң сом деген айыптар алынып салынды. Ошондо жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом болуп өзгөрдү”, - деди Сыдыков.
Бул мыйзам долбоорунун негизинде интернет менен ЖМКда жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт. Сыдыков бул ыйгарым укукту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен алууга мекеменин кызматкерлери жетишсиз экени жана депутаттарды сунушу себеп болгонун түшүндүрдү.
Депутат Алишер Эрбаев бул мыйзамдын аткарылышына жоопкерчиликти бир эле Ички иштер министрлигине эмес, иштин түрүнө карап, Маданият министрлигине да бөлүштүрүү зарыл экенин белгиледи.
“Ушундай жол менен барсак, эртең Ички иштер министрлигинде жумуш көбөйөт. Ансыз деле аларда тергөөчүлөр жетишпей жатат. Аларга ашыкча жүк болуп калат”.
"Мазактоону сот гана аныкташы керек"
Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы отурумунда бул мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырган. Жыйында айрым депутаттар долбоор айрым адамдарга гана иштеп калышы мүмкүн экенин, жооптуу мекемеге соттун ыйгарым укугу берилип каларын айтып тынчсызданган.
“Медиа полиси институту” уюму мыйзам долбоорун талдап чыгып, Министрлер кабинетин бул документти артка чакыртып алууга үндөгөн. Уюмдун юристи Акмат Алагушев долбоордогу суроо жараткан бир катар жагдайларды атады.
“Жеке адамдын аброюна шек келип жатса, бул боюнча өндүрүлгөн айыпты мамлекет өзүнө алып коюп жатат. Бул жалпы туура эмес жана мындай практика дүйнөдө жок. Мындай көрүнүш Советтер Союзунан калган түшүнүк. Аброюна шек келтирилген адам өзү арыз менен сотко кайрылышы керек, а бул долбоор боюнча протокол түзүлөт. Протокол факты боюнча эле түзүлөт. Андан ары маалымат чындыкка дал келеби, мазактоо барбы же жокпу, мазактоо болгонбу, болгон эмеспи? Лингвистикалык териштирүүгө муктаждык барбы жокпу? Мунун баары милиция кызматкерлери кантип ишке ашыра алат? Бул жерде толтура суроо ачык турат”, - деди Алагушев.
Мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөндөн кийин ондон ашык жалпыга маалымдоо каражаты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылуу жолдоп, сунушталып жаткан долбоор боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштаган. Азырынча парламенттик угуу өтөрү боюнча расмий маалымат бериле элек.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери соңку учурда интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бирөөнүн аброюна шек келтирген учурлар көбөйгөнүн, мындай көрүнүш менен күрөшүүгө муктаждык бар экенин белгилешкен. Анткен менен бул жоопкерчиликтин укук коргоо органы болгон Ички иштер министрлигине берилиши сөз эркиндигине ого бетер коркунуч жаратарын айткандар бар.
Журналист Семетей Аманбеков мазактоого байланыштуу ишти өкмөттүн алдындагы кайсы бир мекеме караган учурда анын бейтарап каралышына ишенбестик пайда болорун, мындай механизм сөз эркиндигин чектөөгө алып барарын айтууда.
“Ички иштер министрлиги да, Маданият министрлиги да Министрлер кабинетине түз көз каранды болгону үчүн алар ишти адилеттүү карайт деп айтуу кыйын. Журналисттер же социалдык тармактын колдонуучулары өкмөт башчысына же жооптуу адамдарды сынга алган материалдарды, билдирүүлөрдү таратса, алардын аракетин мазактоо деп чечим чыгарып, жоопко тартууга буйрук берүүгө өкмөттүн мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошол үчүн мындай иштерди сот жарандык тартип менен гана карашы керек”.
Президент Жапаровдун пикири
Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиалар жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам долбоору өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршы экенин билдиришүүдө.
Талкууга түшкөн мыйзам долбоору тууралуу президент Садыр Жапаров 28-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, демилгени колдой турганын, бирок 100-200 миң айып салууга каршы экенин белгилеген.
“Канча айып пул салыш керек, аны депутаттар чечет. Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95% интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип, анан тынчып атышат. ЖМКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ЖМКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап, ал маалыматты өчүрүшөт”, - деген Жапаров.
Кыргызстанда 2020-жылдан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган жарандардын саны 30дан ашканын буга чейин "Азаттык" аныктаган. Кармалгандардын арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да бар.
Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. “Фейктер жөнүндө” деген атка конгон мыйзам сунушталып, кабыл алынгандан бери бир топ талкуу, сын жаратып жүрөт. Айрымдар мыйзам азыркы мазмунунда фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын айтып келет.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, журналисттердин жана активисттердин жоопкерчилигин улам эскертип келүүдө.
Шерине