Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

"Репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссия жакында ишин баштайт"


Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев

Президент Садыр Жапаров советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам кандайча ишке ашырылат?

Документте 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилинде саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук акталып, реабилитация боло электиги белгиленген.

Бул мыйзам эми кандай иштейт? Советтик репрессия курмандыктарын актоо жараяны кандай тартипте жүрөт? Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси Жанар Акаев “Азаттыкка” маек курду.

- Жанар мырза, мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Эми бул иш кандай тартипте уюштурулат?

- Бул мыйзам эксперттер, Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн тарыхчылар, мурдагы депутаттар менен чогуу кең чөйрөдө дээрлик эки жылдай коомдук талкууда талданып жатып өттү. Буга чейин Каржы министрлиги каршы чыгып, кенемте төлөө маселеси жаралат деп корутунду берип, президент артка кайтарган. Кийин биз буга эч кандай каржы кетпейт деп оңдоп-түздөп чыгардык. Ошол себептүү долбоорго президенттин кол койгонуна кубандык.

Репрессия курмандыктарын Өзбекстанда Жогорку сот аркылуу, Казакстанда комиссия түзүлүп, миңдеп актап жатышат. Кыргызстан репрессия курмандыгы болгон ата-бабаларыбызды актоо жагынан кыйла кечигип жатканбыз. Азыр эми комиссия түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, бул теманы терең изилдеп жүргөн тарыхчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү кирип, аларга архивге жол ачылат. Бизде эми бул тармак дың бойдон турат. Комиссия изилдеп көрүп, прокуратурага жиберип, бул орган сотко жөнөтүп, ошол жактан актоо иштери башталат. Азыр туугандары эле чыгып, актоого аракет кылбаса, көпчүлүк адамдардын маселеси каралбай эле турат. Жакында Жогорку Кеңеш комиссиянын курамын бекитет жана алар активдүү иштеп баштайт.

- Бул комиссиянын макамы кандай болот жана аларды каржылоо маселеси да каралдыбы? Анткени мыйзам долбоору парламентте каралганда каржы боюнча да талкуу болгон.

- Бул маселеде аткаруу бийлиги менен пикир келишпестиктер болду. Бул иш азыркы муундун миссиясы. Убагында 1920-1950-жылдар аралыгында биздин ата-бабаларыбыз миңдеп сүргүнгө айдалып, камакка алынып, атылып кордолгон. Каржы министрлиги алардын урпактары кенемте сурашы мүмкүн деп, бул маселени терең билбегени таң калтырды. Комиссияга кире турган депутаттардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасы бар да. Айрым чыгымдар Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан жабылат, мыйзамда да ушундай жазылган. Жалпысынан буга көп каражат кетпейт. Мисалы, каза болгон чоң атасын актап, ага кошумча кенемте да төлөп бересиңер деп талап койгон кыргыз деле чыкпайт деп ойлойм.

Эгерде тарыхчылар Алматынын же Ташкенттин архивине барып, изилдөө жүргүзүү керек десе, парламент төрагасынын фондунан жана башка каржы булактардан карап, жардам беребиз.

- Комиссиянын курамы, саны такпы же ал эми каралабы?

- Мыйзамда саны так көрсөтүлгөн эмес. Аны Жогорку Кеңеш карап, аныктайт. Алгач Конституциялык иштер боюнча комитет карап, бекиткенден кийин Жогорку Кеңеш карайт. Январдын аягында комиссия бекитилип, алгачкы отурумдарын баштайт. Анткени биз жумушту эртерээк башташыбыз керек.

- Сиз бул жаатта иштер дээрлик аткарылбай, дың бойдон жатканын белгиледиңиз. Мыйзам кабыл алынды, комиссия иш алып барат. Бул жаатта комплекстүү иш жүрүүсү үчүн дагы кандай иш-аракеттер болушу керек?

- Мисалы, бизде Кара-кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өттү. Аткаруу бийлиги буга карата 100 социалдык объектини ачабыз деген иштерди уюштурду. Ал деле жаман эмес, бирок анын түпкү мааниси социалдык объектилерге тиешеси жок да. Биз эркиндикке кантип ээ болдук, кандай кыйынчылыктарды көрдүк, эгемен өлкөнү курууда канчалаган ата-бабаларыбыз өмүрү менен кош айтышкан, каны төгүлгөн? Ушунун баарынын идеологиялык маанисин улам кайталап айтып турушубуз керек. Буюрса, алар актала баштаганда кандай мүдөө-максаттары болгон, сталиндик бийлик аларды жок жерден айыптап, азапка салганын белгилеп турушубуз шарт. Муну улуттук идеология катары карап, алар биздин эгемендигибиз, динибиз үчүн күрөшкөнүн элге жеткизишибиз керек.

Мисалы, биздин жетекчилер “Ата-Бейит” мемориалдык комплексин барып гүл коюп, эскерип коё турган эле иш-чара катары карашат. Ал жерде кимдер жатат, алар кандай оор күндөрдү өткөргөнүн маани бербей, көбү формалдуу эле иш катары көрүшөт. Ошол жердеги музейдин кызматкерлеринин айлыгы 7-9 миң сом экен. Быйыл Каржы министрлигине, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылып жатып маяналары үч эсе көбөйдү. Анткени ал жерде жалаң фанаттар гана иштеп калган эле. “Ата-Бейитке” мамиле ушундай болгондон кийин башкасы жөнүндө сүйлөө татаал.

Өзгөндөгү “Кекилик учардын” ачылышы да колдоого аларлык. Анткени Өзгөн, Ноокат, Алай, Жалал-Абад аймагынын көп жеринде басмачы атыгып, элди ыйманга үндөп койгондун көбү камакка алынып, соттолуп, куугунтук көргөн. Азыр тарыхчылар Оштогу Сулайман тоонун тегерегинде дагы ушундай эле шартта атылып, көмүлгөн жүздөгөн адамдар бар деп жатышат. Алдыда ишти баштап алсак, көптөгөн жаңы тарыхый фактылар, окуялар чыгышы мүмкүн.

Бул жаатта иштеген тарыхчылардын абалы деле жарытарлык эмес. Кайырчылардай болуп “архивге барам, 10 миң, 20 миң сом берип тур” деп сурап калгандай абалда. Комиссия түзүлүп, ишти баштаганда, тарыхчыларды каржылоону колго алып, алар мүңкүрөп калбагыдай деңгээлге көтөрүү керек. Бул маселеде президент да четте карап турбайт деп ойлойм.

Шерине

XS
SM
MD
LG