Атын атагысы келбеген каарман үч жылдан бери эмчек рагы менен күрөшүп келет. Ал өзү пенсияда, жалгыз уулу Орусияда иштейт. Эне- баланын тапкан каражаты анын дарылануусунан ашпайт. Анткени дары-дармекке, анализдерге жана башка медициналык процесстерге кеткен чыгым көп. Анын үстүнө дарыларынын көбүн сатып алат.
“Өкмөткө кат жазып жатып, "Паблоциклиб" дарысынын бирөөнү акысыз алдык. Бирок Ирандан чыккан, сапаты төмөн түрү экен. Мен германиялык өндүрүштөгү Түркиядан чыккан дарыны ичем. Аны 75 миң сомго сатып алам. Эгерде мамлекет бере турган акысыз дарыны алсам, абалым кайра начарлай баштайт. Ал мага болбойт да. Биз ошого өкмөткө европалык өндүрүштөгү дарыларды берүүнү суранып жатабыз. Улуттук онкологияда 13 жолу химиялык дарылоо алдым. Ал биздеги протоколдо бар, бирок андан жакшы болуп кеткендер дээрлик жок”.
Каарман эсептеп берип отурса, айына онкологиялык дарт менен күрөшүү үчүн 90 миң сомдон ашуун каражат сарптайт экен. Ал өкмөттүн дары-дармектер үчүн 12% кошумча нарк салыгын кайра киргизген чечиминен кийин чыгымы дагы көбөйө турганын айтып, сарсанаа.
"Эсептеп көрсөңүз, менин дарыларыма 100 миң сомдой кетсе, салык кошулгандан кийин 12 миң сом ашык төлөп калам. Азыр пенсиям 3900 сомдон 6900гө көбөйдү. Баламдын тапкан акчасы менен пенсиям менин дарылануума эле кетип жатат".
Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, онкологиялык дартка чалдыккандар үчүн дары-дармектердин сапаты боюнча нааразылык айтылды. Депутат Айсулуу Мамашева “Кыргызфармация” ишканасынын ишмердигин сынга алды.
“Ушул маселе боюнча мага кайрылган жарандар бар. Бирок алар онкологиялык борбордо дарыланып жатканы үчүн өздөрү ачыкка чыгуудан коркушат. "Кыргызфармация” ишканасы арзан дарыларды гана алабыз деген саясат жүргүзүүдө. Онкологияда дары-дармектер канчалык сапаттуу болсо, анын ден соолукка терс таасири да төмөн болот. Онкология борбору “Кыргызфармация” ишканасы алып келген айрым дарыларды сапаты төмөн болгону үчүн кабыл албай койгон учурлар да бар”.
Мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен камсыздоого жооптуу “Кыргызфармация” ишканасынын директорунун орун басары Наргиза Токтасинова учурда бардык мамлекеттик ооруканаларда дарылар жетиштүү экенин, буга чейин дары ташып келүүдө кечиккен учур болгонун ырастап, түшүндүрмө берди.
“Дарылар күзүндө келип калды. Себеби, бизге ооруканадан өтүнмө кечирээк түшүп калды. Негизи 2024-жыл үчүн өтүнмө былтыр күз айларында түшүүсү керек эле. “Кыргызфармация” келишим түзүп, дарыны үлгүрүп алып келиши керек. Аны Кыргызстанга алып келгенден кийин да өз процедуралары бар, сапаты текшерилип, ооруканаларга берилет”.
Анткен менен жүрөк-кан тамыр, гепатит дарттарына чалдыккан бейтаптар кымбат дарылар бардык эле дарыканаларда сатылбай турганын, акыркы кезде аларды да табуу кыйын болуп жатканына даттанышууда.
Бишкектин тургуну Айгүл апасы ичкен дарыны үч күн издеп, араң бир куту тапканын айтты:
"Апамдын жүрөгү ооруп, үч жылдан бери "Ликсиана" деген дары ичет. Ага чейин "Варфарин" ичип, бирок ай сайын эки жолу анализ тапшырып турчу. Кийин айылга кетип үч-төрт ай анализ тапшырбай калгандыктан, кардиолог "Ликсиана" деген кымбат дарыны жазган. Анын жакшы жери догдурга жарым жылда бир көрүнөт, ай сайын лабораторияга барбайт. 30 мг таблеткасын күндө бир маал иччү, акыркы айларда ал жок болгону үчүн 60 мг таблеткасын алып, экиге бөлүп ичип жатты. Өткөн аптада түгөнүп калып дарыканага барсак, көптөн бери келбей жатканын айтышты. Издештирип, бир дарыканадан акыркы кутусун 17595 сомго сатып алдык. Эми 98 таблетканы экиге бөлүп июнга чейин ичет, ага чейин дагы келип калат чыгаар үмүттөнүп жатабыз".
Адистердин айтымында, мурда Кыргызстанга дарылардын көбү Украинадан келип турган. Согуш чыккандан бери логистикалык чынжыр үзгүлтүккө учурап, өкмөт дарыларды Түркия баштаган өлкөлөрдөн алып жатканын айтууда.
Улуттук онкологиянын жетекчилигине айтылган сын
11-ноябрда Бишкектеги Улуттук онкология борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиева кызматтан алынган. Анын ишмердиги боюнча парламентте бир нече ирет сындар айтылып, бейтаптарды өзүнүн жеке клиникасына барып дарыланууга мажбурлайт деген сындар айтылган.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында анын кызматтан алынышына жеке кызыкчылыктар себеп болгонун түшүндүрдү.
“Улуттук онкология борборунун жетекчиси иштен эмнеге кетти? Анткени ар биринде өзүнүн кызыкчылыгы болгон. Алар “Рихтерден”, “Ла Роштон” алчу. Биз азыр заводдордон сапатын текшерип алып жатабыз. Азыр биз мурда колдонулган дары-дармектерди бербей жатабыз. Мурдагы дарыларды лобби кылгандар дагы эле бар”.
Кызматтан алынган Султангазиева өзүнө айтылган дооматтарга комментарий берген эмес.
Кыргыз өкмөтү 2023-жылы өлкөдөгү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Ага өлкөнүн бейтапканаларын зарыл дары-дармектер менен камсыздап, дары базарындагы туура эмес баа саясатына жөндөө вазыйпасы жүктөлгөн. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен ишканага миллиард сом жана кеңири ыйгарым укуктар берилген.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 30 миңге чукул адам онкологиялык оору менен каттоодо турат. Дарт жаңы аныкталгандардын жарымы бир жылга жетпей каза болот.
Шерине