Түрк мамлекеттери уюмунун беш мүчөсү – Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандын жетекчилери жана уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү Бишкектеги "Ынтымак-Ордо" комплексине чогулушту.
Кыргызстан төрагалык кылган быйылкы саммит "Түрк дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана баары үчүн коопсуздук" деген ураан астында өттү.
Саясат жана коопсуздук
Жыйында президент Садыр Жапаров Кыргызстан палестин-израил жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүдө дүйнө коомчулугунун күч-аракетин бириктирүүнү колдой турганын билдирди.
Жапаров Израилди эл аралык гуманитардык укуктун принциптери менен нормаларын сактоого жана жарандардын гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз алуусун камсыз кылуу милдетин аткарууга чакырды.
"Биз палестин элинин өзүн-өзү аныктоо, өз мамлекетин түзүү жана Бириккен Улуттар Уюмуна толук кандуу мүчө катары кирүү укугун тааныйбыз жана колдойбуз. Палестинада күн сайын жана саат сайын балдар менен аялдар курман болуп, тынч тургундар оор физикалык жана моралдык кыйноолорду башынан кечирип жаткан кырдаалдын улантылышына жол берилбеши керек. Ошондон улам коопсуздук маселелерде кызматташтыкты бекемдөөгө жигердүү катышууга даярбыз", - деди Жапаров.
Чатакты токтотуу керектигин былтыр Астанада өткөн саммитте да айтылган.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев саммитте "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан иш-чара Түрк мамлекеттер уюмунун 15 жылдыгына дал келгенине көңүл бурду. Ал ТМУ кыска убакытта дүйнөдө беделдүү түзүмгө айланганын белгиледи.
"ТМУ кыска убакытта дүйнөлүк аренада өз статусун бекемдеп, беделдүү структурага айланды. Мунун баары биздин биримдик жана тилектештиктин негизинде ишке ашты деп эсептейм. Бүгүнкү саммит мындан аркы кызматташтыкты бекемдерине ишенем", - деди Токаев.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев быйыл ТМУнун негизи болгон Нахичеван келишимине 15 жыл толгонун, бул аралыкта уюм өнүгүү жолуна түшкөнүн белгиледи. Шушада өткөн бейрасмий саммитте кол коюлган Карабак декларациясы ТМУнун кызматташтыгын тереңдете турганына токтолду. Уюмдун мүчөлөрүнүн аскерлери атайын окутуудан өтүп жатканын айтты.
"Биздин аскердик окуу жайларда боордош өлкөлөрдүн курсанттарын окутуу ички ишенимди жана достукту бекемдейт".
Экономика
Жыйында Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү соңку жылдары дээрлик 62% өскөнү маалым болду.
Президент Садыр Жапаров кайсы өлкөлөр менен соода-алака кандай багытта өскөнүнө кеңири токтолбосо да, соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү максатында капиталдык салымдарды көбөйтүүгө, өндүрүлгөн товарлар менен тейлөө рыногун алмашууга багытталган документтерди иштеп чыгууга чакырды. Бул багытта өкмөт аралык сүйлөшүүлөр демилгелене турганын билдирди.
"Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун аймагында санариптик интеграциясын тездетүү максатын көздөйт. Ал үчүн бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү максатында электрондук сооданы жөнгө салууга, транспорттук жана логистикалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, санариптик стандарттар менен сертификаттарды таанууга кызыкдарбыз. Электрондук кол тамгаларды өз ара таануу механизмдерин түзүүгө багытталган документтерди биргелешип даярдоого умтулабыз", - деди Жапаров.
Жыйында транспорттук-логистикалык байланыштарды, анын ичинде Кытайдан Европага Орусияны айланып өтүүчү маршрутту бекемдөө ТМУнун приоритеттүү тапшырма катары белгиленди.
Акордо Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев уюмду Борбор Азия өлкөлөрүн, Каспий деңизин жана Түштүк Кавказды кесип өткөн коридорду колдонууга чакырганын билдирди.
"Түрк дүйнөсүнүн экономикасын мындан ары өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниси бар "Ортоңку коридорду" толук колдонууга чакырам. Андыктан бул маршрут аркылуу туруктуу жүк ташууну өнүктүрүү үчүн келишим түзүү зарыл. Мүчө-мамлекеттер бул демилгени колдойт деп ишенем", - деди Токаев.
Токаев жыйында ТМУда соода-экономикалык, энергетикалык, финансы жана инвестиция чөйрөсүндө байланыштар жанданганын, 2024-жылы ич ара товар алмашуунун көлөмү 45 млрд долларга жеткенин айткан.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев өз өлкөсүнүн аймагынан өткөн Чыгыш-Батыш транспорт коридорунан жүк ташуу көбөйгөнүн белгиледи. Борбор Азия менен Түркияны бириктирген бул жолдун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн инвестиция көлөмүн көбөйтөрүн белгиледи.
"Азербайжан лидери логистиканын натыйжалуулугун арттырып жана чыгымдарды кыскарышына таасир эткен орто коридорду санариптештирүү долбоорлору ишке ашып жатканын айтты", - деп кабарлады Анадолу агенттиги.
Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган соода-экономикалык алаканы бекемдөө үчүн жолдорду анын ичинде "Ортоңку коридорду" бекемдөө зарыл экенин айтты.
Шуша саммитинде Азербайжан президенти аталган коридорду эффективдүү колдонуу үчүн өкүл шайлоону сунуштаганын эске салган Эрдоган бул ролду аткарууга талапкер катары Түркияны сунуштады.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коридорду өздөштүрүү ТМУнун башкы приоритети экенин белгиледи.
"Коридордун тарифтерин оптимизациялоо, чек арадан өтүүнү жеңилдетүү, заманбап логистикалык системаны жана бирдиктүү операторлорду түзүү биздин кызыкчылыкка туура келет".
Өзбек президенти Мирзиёев ТМУда соода жана бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү, сооданын электрондук формаларын өнүктүрүү зарылдыгын, тоскоолдуктарды жоюу керектигин билдирди.
"Учурда биздин тышкы соодада өз ара сооданын үлүшү төмөн бойдон калууда жана импорттун олуттуу бөлүгү үчүнчү өлкөлөрдөн келет. Бул багытта өзгөрүүлөрдү жасоого убакыт келди”.
Мамлекеттик сатып алуулар, кызматташуу жаатында биргелешкен программа түзүүнү сунуштаган Мирзиёев Түрк өнүктүрүү банкын түзүү заман талабы экенине токтолду.
Ал буга дүйнөлүк каржы рынокторунда капитал суроо-талап өскөндүктөн кымбаттап, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн узак мөөнөттүү жана “жашыл” насыяларды алуу шарттары барган сайын татаалдашып баратканын жүйө келтирди.
"Түрк инвестициялык фондунун ишин активдештирүү, ошондой эле биздин демилгебиз боюнча Түрк өнүктүрүү банкын түзүүгө көмөктөшүү зарыл деп эсептейм. Ушуга байланыштуу биз Түрк инвестициялык форумун уюштурууну сунуштайбыз жана анын биринчи жыйынын Өзбекстанда өткөрүүгө даярбыз, — деди Мирзиёев.
Ал эми Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан алты жылдан берки Түрк мамлекеттер уюмунда чоң өзгөрүү болуп жатканын белгиледи.
"Соода алмашуу 5 млрд доллардан ашты. Биз күчүбүздү энергетикага жана коргонууга багыттайбыз", - деди ал.
Венгриянын премьер-министри Түркия жана Азербайжан менен кошуна болбосо да мамилеси жакшырып, газды алардан алып жатканын белгиледи.
Будапешт Түрк мамлекеттер уюмуна 100 млн доллар салууга даяр экенин айтты.
"Биз Венгрияга инвестиция тартып ТМУ өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуп жатабыз. Былтыркы саммитте европалык борбор менен ТМУнун институттарын түзүүгө жетиштик", - деди Орбан.
Жыйында ТМУнун Борбордук банктар кеңешин түзүү меморандумуна кол коюлду. Маалыматта аталган кеңеш - түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн улуттук банктарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө, акча-кредит саясаты, финансылык туруктуулук, төлөм системасын жана финансылык технологияларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен кеңешмелерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.
Бирдиктүү алфавит
Жыйында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр орток алфавитке өтүүгө даяр экенин айтып, Кыргызстанды, Казакстанды, Өзбекстанды жана Түркмөнстанды да ушундай чечим кабыл алууга чакырды.
Быйыл 9–11-сентябрда Азербайжандын борбору Бакуда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун “Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит комиссиясы” деп аталган комиссиясынын 3-отурумунда түрк тилдүү өлкөлөр орток алфавит кабыл алуу чечимине келишкен.
Комиссия латын арибине негизделген 34 тамгадан турган жалпы арипти сунуштап, анын кабыл алынуусу тууралуу чечим чыгарган. Жаңы алфавит түрк тилдүү элдердин биримдигин бекемдеп, маданий жана тилдик интеграцияга өбөлгө түзөт деп айтылууда. Бирок уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан азырынча кириллицадан латын арибине өтүү планы жок экенин билдирген.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев өз өлкөсү Түрк мамлекеттер уюмунун бекемделишине аракет кыларын белгиледи.
"Азербайжан Түрк мамлекеттер уюмунун бекемелишине дагы аракет жумшайт. ТМУнун катчылыгына Азербайжандын 2 млн жана Аксакалдар кеңешине 100 миң доллар бөлгөнү уюмдун дараметин арттырат деп ишенем".
ТМУга быйыл төрагалык кылган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир жыл ичинде Көчмөндөр оюндары баштаган бир катар иш-чараларды өткөргөнүн санады.
"Казакстандын Түрк мамлекеттер уюмундагы төрагалыгы TURKTIME урааны астында өттү. Түрк дүйнөсүн бекемдөө, ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурдук. Бир катар долбоорлор ишке кирди, 80дей иш-чара өттү. Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өттү. Бирдиктүү түрк арибин бекитүү тарыхый окуя болуп калды. Өткөн жылы Астанада ТМУдагы туруктуу мүчөлөрүбүздү дайындоо чечими кабыл алынган, тийиштүү регламент бекитүүгө даяр", - деген Касым-Жомарт Токаев.
Уюмга 2025-жылы төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөт. Ага ылайык, Бишкек шаары Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик, Жалал-Абад шаары туристтик борбору деп аныкталды.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин белгилешинче, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу Түрк мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталган документ кабыл алынды.
Жыйын соңунда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанга түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени тапшырылды. Кыргызстандын президенти Жапаров уюмда Венгрия өзгөчө орунду ээлей турганын белгилеп, Орбандын анын өнүгүшүнө кошкон салымы жогору экенин айтты.
ТМУнун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев саммит алкагында жалпысынан 16 түрдүү документке кол коюлганын белгилеп, түрк кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошо турганын билдирди.
ТМУнун бек чыккан үнү, Орусиянын маанайы
Түрк мамлекеттеринин уюмунун келечеги, анын Борбор Азия өлкөлөрүнө таасири тууралуу мурдагы мамлекеттик катчы, академик Осмонакун Ибраимов менен маектештик.
- Дүйнөдө геосаясий жагдай өйдө-ылдый болуп турган учурда Түрк мамлекеттер уюмунун салмагына, таасирине кандай баа бересиз?
- Эл аралык уюмдун таасири ошол уюмга кирген мамлекеттердин геосаясаттагы орду менен аныкталат. Ал мамлекеттердин эл аралык аброю, таасири да эске алынат. Борбор Азия өлкөлөрү геосаясий алкакта таасирдүү эле болуп тургансыйт. Биз өзүбүз кээде баа бербей, кичирейтип сүйлөйбүз. Эмесе бул аймактын өлкөлөрү таасирдүү болуп калды. Түркия болсо учурда маанилүү ролду ойногон, уюмдагы өлкөлөрдүн ичинен лидер болгон өлкө.
- Геосаясий кырдаал деп калдык. Уюмдун дүйнөдөгү маанилүү маселелерге, мисалы, Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча үнүн чыгарып, абалдын өзгөрүшүнө таасир бере алабы?
- Менимче, уюм азыркы геосаясий кырдаалда өз сөзүн айтууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн мүчө мамлекеттерди бириктирип турган кандайдыр бир жоболору, прициптери ачык болушу керек. Газадагы элдин тагдыры боюнча түрк мамлекеттердин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынбай коюшу мүмкүн эмес. Анткени уюмдагылар мусулмандар жашаган мамлекеттер жана элинин саны да көп. Украина боюнча позициясы да салмактуу болот деп ойлойм. Ушундай кырдаалда түрк мамлекеттеринин бир платформада болуп, биримдигин бекемдеши дүйнөлүк аренада бири-бирин колдоп турганы чоң мааниге ээ.
- Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө Борбор Азия өлкөлөрү Орусия менен тыгыз кызматташат. Уюмдун узак мөөнөттүү перспективасын эске алганда анын өнүгүүсүнө Кремлдин көзү түз элеби?
- Кремлдин көзү түз эмес десем туура болбой калат. Бирок Орусияда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин өткөнүнө ыраазы болуп, “жакшы болуптур” деген сүйүнүч сезими жок деп ойлойм. Себеби, түрк дүйнөсү өтө чоң, ага Орусиянын аймагындагы Башкырстан, Татарстан, Сибирь жактан якуттар да түрк уңгусунда сүйлөгөн элдер. Бул маанилүү маселе. Орусия буга катуу маани берет, анткени Башкырстан менен Татарстан да Орусиянын турумундагы негизги автономдуу республикалар.
- Уюмдун өнүгүшү үчүн андагы мамлекеттерди кайсы кызыкчылыктар бириктириши керек?
- Биринчиден, экономика жана эл аралык аянтчаларда бири-бирин колдоо. Себеби, дүйнөдө талаш маселе өтө көп. Мисалы, Газа боюнча Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан деле үнүн улам катуураак чыгарып жатат. Ушул сыяктуу маселелерде биздин позицияларыбыз чогуу болгону жакшы. Аны эч ким эсепке албай коё албайт.
- Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет.
- Батыш басылмалары ТМУ Борбор Азия өлкөлөрүнө чөлкөмдө таасири күч Орусия башында турган уюмдарды тең салмактоого жардам берип жатканын белгилешет. ТМУдагы чечүүчү ролду ойногон Түркия уюмдун башка мүчөлөрү менен кызматташтыгын өнүктүрүп жатат. Анкаранын уюмдагы өлкөлөр менен соодасы 2015-жылдан бери көтөрүлүп, былтыр 12,6 млрд долларга жеткен.