Бул кутум майнапсыз аяктаган менен, азыркыга чейин КМШ аймагында 19-август путчу тууралуу карама-каршы пикирлер жана аңыз кептер айтылып келет.
Бириккен Улуттар Уюму Ливадын түштүгүнө бейпилдик күчтөрүн жайгаштыруу үчүн ургаалдуу камылгаларды көрүүдө. Буга чейин эле өлкөдө жайгашып келген эки миң жоокерден турган бейпилдик күчтөрүнө эми жакын арада кошумча 3500 жоокер кошулууга тийиш. Бул жаңы бейпилдик күчтөрү кандай шартта иш алып барат? Дал ушул маселе такталмайынча, европалык бир катар өлкөлөр өз жообун маалкатууда.
Орусиянын Сочи шаарында Евразиялык Экономикалык Шериктештикке – ЕвразЭШке - мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейрасмий саммити өз ишин улантууда. Курамына Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирген бул шериктештиктин жыйыны маалында Орусия менен Украинанын бийликтери да газ баасы жана башка эки тараптуу кызматташтык жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүштү.Саммиттин жүрүшүндө Өзбекстан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна мүчөлүккө кабыл алынгандыгы да кабардалды.
Украинанын жаңы премьер-министри Виктор Янукович бүгүн Орусиянын Сочи шаарына келмекчи. Украинанын Жогорку Радасы – парламенти анын бул кызматты аркалосуна макул болуп добуш бергенден кийин Янукович алгачкы ирет Орусияга сапарга аттанып жатат. Сочиде ал Орус президенти Владимир Путин жана премьер-министр Михаил Фрадков менен сүйлөшүү жүргүзөт. Сүйлөшүүлөрдүн башкы өңүтү Украинаны орус газы менен камсыз кылуу маселеси болоору алдын-ала белгилүү.
АКШ президенти Жорж Уокер Буш Британиядан Кошмо Штаттарды көздөй каттай турган жүргүнчү учактарды жардырмак болгондордун кутуму ашкереленгени тууралуу кабарго жооп кылып жатып, “эркиндикти сүйгөн атуулдарыбызды жок кылуу үчүн “исламчы фашисттер” бар аргасын жасамакчы” деп айтты. Бейшембиде Буштун сөзүндө колдонулган “исламчы фашист” термини Батышта да, мусулмандык Чыгышта да уу-дуу талкууга жем болуп берди.
Бүгүн «өздүк компютер» - PC (personal computer) деп аталган компютердин туулган күнү. Мындан чейрек кылым илгери дал ушул күнү өздүк компютер жарык көргөн. Азыркы жаш улан-кыздар үчүн таң калычтуу нерсе бул – мындан 25 жыл мурда адамзаты элек рондук почта, интернет, текст түрүндөгү каттарды ырааттуу жиберүү тууралуу түшүндө да көргөн эмес.
Улуу Британиянын полициясы өлкөдөн Кошмо Штаттарга каттай турган жүргүнчү учактарды жардырууга беленгендердин бетин ачканы тууралуу жарыя кылды. Полициянын айтымында, террорчу деп шектелгендер колго алчу жүгү аркылуу жардыргыч заттарды учактарга алып кирүүнү болжогон. Соңку маалыматтарга караганда, британ полициясы шектелген террордук иш-аракетке байланыштуу Лондон шаарында 21 кишини камакка алды. Ал эми шаардын башкы аба майданы – Хитроуда жана башка аба майдандарында баш-аламандык өкүм сүрүүдө.
Америкалык космос иликтөө агенттиги – НАСА тээ алыскы Марс планетасына эки робот жабдуусун – марс жүргүлөрдү жөнөткөнүн убагында кабардаган элек. Бул марс жүргүлөрдүн иштөө мөөнөтү бир нече айга гана эсептелген. Арийне, алардын технологиялык мүмкүнчүлүгү болжолдонгондон алда канча кубаттуу болуп чыкты – марс жүргүлөр бул планетанын кыртышында 900 күндөн ашуун убакыттан бери ырааттуу иш алып барууда.
Чечен жикчилеринин айтылуу колбашчысы Шамил Басаевдин Ингушетиянын аймагында өлтүрүлгөндүгү тууралуу кремлдик кабар дүйшөмбү күнү кечинде чагылгандай таркады. Бирок анын чындап өлтүрүлгөндүгү тууралуу башка булактар аркылуу тастыктоо оңойго турган жок. Акыры чечен жикчилеринин интернет барагы да бул кабарды ырастап, бирок Кремл айткандай, ал атайын аскердик чаранын жүрүшүндө эмес, кокусунан болгон жарылуудан улам каза болду деп чыкты. АКШнын өкмөтү расмий Кремлди колдоп, Басаевди террорчу катары мүнөздөдү.
Устатыбыз Азамат Алтай 23-майда узакка созулган оорудан кийин Нью-Йорк шаарындагы ооруканада дүйнөдөн кайтты. Ал «Азаттык» үналгысынын башатында турду жана бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнады.
Дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт менен кечки саат 7:15те Кызыл деңиздин жээгиндеги Дахаб курорт шаарында үч ирет жардыруу болду. Мысырдын бул курорт шаарынын Масбат деп аталган бөлүгү туристтерге жыш аймак катары маалым. Жардыруудан бери дегенде 23 киши набыт болгону кабардалууда. Бул террордук чабуулду эл аралык коомчулук терең айыптоодо.
“Ал-Жазира” сыналгы каналы Осама бен Ладенге таандык деп жоромолдонгон үн жазылган жаңы тасманы уктурду. Тасмада “Ал-Кайида” террордук тармагынын башчысы Африканын түндүгүндөгү Судан өлкөсүнүн Дарфур аймагындагы кризисти жана Палестин аймагында бийликке келген “Хамас” кыймылынын Батыш тарабынан эл аралык бөлүндүдө калтырылып жатышын өзгөчө белгилеп, бул окуялар Батыштын исламга каршы согушунун далили деген оюн билдирген.
Бириккен Улуттардын Эларалык Өзөктүк кубат агенттиги 28-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешине Иран өзөктүк програмасын жүзөгө ашыруу үчүн уран байытуу аракеттерин токтоткон-токтотпогондугу тууралуу баяндамакчы. Эгерде расмий Тегеран уран байытуу аракетин уланта берчү болсо, анда АКШ, Британия, Франция жана Германия Копсуздук кеңешине Иранга каршы жаза колдонуу сунушун киргизиши мүмкүн. Бирок Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнөн болгон Кытай менен Орусия Иранга чектөө киргизүү сунушуна каршы турууда. Бүгүн Кытай президенти Ху Цзинтао Вашингтондо АКШ президенти Жорж Буш менен жолугуп, башка маселелердин арасында Иран тууралуу да сүйлөшөөрү күтүлүүдө.
Белгилүү түркмөн жазуучусу Рахим Эсеновго кечээ (шейшембиде) ПЕН ийриминин Америкалык борборунун Барбара Голдсмит атындагы «Жазуу Эркиндиги Сыйлыгы» тапшырылды. Түркмөн диссиденти, «Азаттыктын» кабарчысы жана романист катары маалым Эсенов мырзага сыйлык тапшыруу аземи Нью-Йорктогу Жаратылыш тарыхынын америкалык музейинин салтанат залында өттү. Расмий Ашыгабат эл аралык коомчулуктун талабынан улам жазуучу карыяны үй камагынан чет өлкөгө чыгарууга мажбур болду.
Тээ алмустактан келген табигый турмушту сактоо – аймактагы жапайы жан-жаныбарларды коргоо зарылчылыгы менен түздөн-түз байланышта. Ушул тапта бул экологиялык маселе мамлекеттер аралык кызматташтыкты талап кылууда. Уламышка караганда, Кыргызстанда жолборстор арбын жойлоп жүргөн аймактар көп болгон экен. Эми алар биротоло тукум курут болуп, аскар тоолордо саналуу гана илбирстер калганы айтылууда. Эмесе, Борбордук Азия буга чейинки кайгылуу сабактардан кантип таалим алып жатат?
Жекшембиде Иран каржылык жактан өтө оор кырдаалга кириптер болгон палестин автономиясынын бийлигине 50 миллион доллардык каржылык жардам бере турганын жарыялады. Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги Палестинада бийликке келген радикал “Хамас” кыймылынын өкмөтүнө каржылык жардамын токтоткон, ал эми Израил болсо салыктан, анын ичинде бажы салыгынан түшкөн кирешени тоңдуруп салды. Палестин бийлигине Иран эле эмес, Орусия да жардам бере турганына ишаара кылды.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы, Белгиянын тышкы иштер министри Карл де Гухт үстүбүздөгү аптада Борбордук Азиянын Өзбекстандан башка өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгын кыдырып чыкты. Ал өз сапары карып бараткан чакта, бүгүн Ооганстандан Өзбекстанга келди. Эртең ал расмий Ташкен менен сүйлөшүү жүргүзүп, былтыркы кандуу Анжыян окуяларын сөзгө алаары күтүлүүдө.
Минск шаарындагы кечээки ири демонстрациянын уюштуруучуларынын бири, президенттик үчүн ат салышкан оппозициячыл талапкер Александр Козулин убактылуу абакта кармалууда. Беларус ички иштер министри Владимир Наумов милиция кармап кеткен демонстранттардын иш аракетинде “кылмыштык мүнөз бар” деп журналисттерге билдирди. Батыш өлкөлөрү оппозициянын нааразылык иш-чарасын айоосуз баскан расмий Минскти кескин сынга алды. Герман тышкы иштер министрлиги камакка алынган демонстранттарды токтоосуз эркиндикке чыгарууну Минсктен талап кылды.
Марттын 19унда Беларуста президенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Шайлоонун босогосунда расмий Минск көз каранды эмес басылмаларга кысымын күчөттү. Ошол эле учурда, өкмөттүн «акырынан жем жеген» басылмалардын күнү тууп жаткан кез. Маселен, 15-мартта «Советская Белоруссия» гезити адаттагы санына кошумча 330 миң нусканы жарыялады. Муну гезит Конституция Күнү майрамына шылтады, бирок анын артында президент Лукашенканы колдоо аракети тураарын жоромолдошууда. Айтмакчы, дал ушул гезиттин аталышын жана стилдик өзгөчөлүктөрүн колдонуп, бийликке каршы күчтөр жалган гезит чыгарышты. Сыртынан «Советская Беларуссия» гезитине куюп койгондой окшош болгон менен, гезит Александр Лукашенканы шылдыңга алган макалага орун берген.
Кечээ (шаршембиде) Багдатта Ирактын мурдагы мамлекет башчысы Саддам Хусейн 1980-жылдары шийилердин козголоңун кандуу баскан, далайларын өлтүртүп, абакка салып, кыйноого алдырган деген доо боюнча айыпталуучу катары көрсөтмө берди. Ал сот залында мурдагы тактикасын колдонуп, өзүнө каршы сот жараянын айыптап, жалпы ирак улутуна кайрылуу жасоого аракеттенип жатты. Сот анын сөзүн бөлүп, жараянды сыналгы аркылуу түз берүүнү токтотууга аргасыз болду.
Дагы жүктөңүз